ⓘ Free online encyclopedia. Did you know?




                                               

Пипа

Пипа - кытайлыктардын хордофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Жалпы уз. адатта 1 мге жакын, ал эми чарасынын жазылыгы 30-40 см. Мойну кыска келип, анда 4 берене жайгашкан. Калгандары аспаптын капкагынан орун алат. Адатта Пипа беренелеринин сан ...

                                               

Пифферо

Пифферо – 1. Италиялыктардын сурнай сымал кош чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспабы. 15-кылымдан тартып белгилүү. 2. Туурасынан жана тике бойлотуп кармалып ойнолуучу үйлөмө музыкалык аспаптардын италиялыктар тарабынан жалпы аталышы. 3. Органдын доб ...

                                               

Полиаккорд

Полиаккорд - көптүрдөгү үндөштүктөр. Полиаккордду адатта экиге бөлүп кароого, эки бөлөк үндөштүктөрдүн кошулмасы деп атоого мүмкүн болгон үндөштүктөрдөн турат.

                                               

Полигармония

Полигармония - көп бөлүктүү добуш бирдиги. Адатта Полигармониянын ар бир бөлүгү өз алдынча түзүлүшкө, мааниге ээ бирдик болуп эсептелет. Полигармония түрлөрү: полиаккорд, полиладдуулук, полимодалдуулук, политондуулук.

                                               

Полиметрия

Полиметрия музыкадa – метриялык акценттери мезгил-мезгили менен дал келбеген 2 же андан көп түрдүү такт өлчөмдөрүнүн бир убакта айкалышып чыгышы полиритмияга окшош.

                                               

Полиритмия

Полиритмия – негизги метриялык акценттери дал келген эки же андан көп түрдүү ыргактардын бир убакта айкашып чыгышы. Полиметрияга окшош.

                                               

Полуэктов Сергей Александрович

Полуэктов Сергей Александрович - пианист, композитор, дирижёр. Музыканттын үй-бүлөсүнөн. 1968-ж. Москва мамлекеттик П. И. Чайковский атындагы консерваториясынын алдывдагы окуу жайынын композиция классында окуган. Бирок, Полуэктов пианист болгусу ...

                                               

Попурри

Попурри, курама күү – белгилүү элдик ырлардын, бийлердин обонунун, опера, оперетта, балеттик темалардын негизинде жазылган аспаптык пьеса. Попурри ар түрдүү мүнөздөгү обондордун биринен соң бирин алмаштыруудан куралат. Попурри алгач 1771-жылы пай ...

                                               

Рабанастр

Рабанастр, равапастр - индиялыктардын кылдуу тартма музыкалык аспабы. Рабанастрдын эки кылынын бири зымдан болсо, экинчиси үчүн жылкынын жал-куйругу колдонулат. Рабанастр узундугунун орточо өлчөмү 400-700 мм. Аспапты көбүнчө диний гимндерди кыдыр ...

                                               

Рага

Рага – 1. Индиянын улуттук музыкалык классикасындагы ладдык-обондук бирдиктер системасы. Жазма даректемелерде алардын саны 3500гө жеткирилет. Бирок музыкалык аткаруучулук тажрыйбада 200гө жакыны гана пайдаланылат. Рага негизинде музыкалык төкмөлү ...

                                               

Раиса Бегентаева

Бегентаева Раиса Медетбековна - опера ырчысы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1959-64-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынан вокалдык бөлүмүн бүтүргөн. 1984-ж. Москвада Чоң театрда композиторлор В. Власов, В ...

                                               

Раманкулов Бердалы

Раманкулов Бердалы - балет бийчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1969-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1969-жылдан тартып, Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы ...

                                               

Рапсодия

Рапсодия – 1) элдик обондордун негизинде эркин формада жазылган вокалдык же аспаптык музыкалык чыгарма; 2) терме иретинде рапсод тарабынан айтылуучу Гомердин эпикалык поэмаларынын үзүндүсү; 3) 19-кылымда Батыш Европадагы фортепиано музыкасынын жа ...

                                               

Ребаб

Ребаб, рабаб – 1. Африка, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш, Борбордук Азияда тараган кылдуу чертме жана тартма музыкалык аспаптардын жалпы аталышы. 2. Жаргак капкагы, жал-куйруктан жасалган 3 кылы жана ийилген жаасы бар тартма музыкалык аспап. Индонез ...

                                               

Революциялык ырлар

Революциялык ырлар -көтөрүлүш, төңкөрүш идеяларын билдирген элдик жана авторлор жараткан ырлар. Революциялык ырлар алгач 15-18-кылымдарда Россия жана Европа өлкөлөрүндөгү жумушчулар ырлары болгон. Революциялык ырлардын гүлдөп өсүшү 18-19-кылымдар ...

                                               

Регтайм

Регтайм - фортепьянодогу аткаруучулук багыт жана ал багыт менен байланышкан фортепьянолук пьесалар жанры. 19-кылымдын акырында калыптанган. Регтайм башаты катары банжодо ойноодогу аткаруучулуктун кээ бир ыкмалары, кэк-уок бийи кызмат аткарган. Ре ...

                                               

Республикалык "Манас-мурас" коомдук фонду

Республикалык "Манас-мурас" коомдук фонду – жаш манасчыларды окута, үйрөтө турган коомдук уюм 2004-ж. 1-январында уюшулган. Негиздөөчүсү ишкер Баткен Шер-Нияз. Ар бир айдын 10-күнүндө республикадагы жаш манасчыларды чогултуп "Манас" айттырат. Коо ...

                                               

Республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернат

Республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернат 1965-ж. Фрунзе шаарында ачылган. 1980-ж. мектепке кыргыз композитору, Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйл. лауреаты М. Абдраевдин ысымы ...

                                               

Рим сыйлыгы

Рим сыйлыгы - Франциянын улуттук мамлекеттик сыйлыгы, 1803-ж. негизделген. Көркөм өнөр академиясы тарабынан жылына Париж консерваториясын эң жакшы бүткөн композиторго жана башка көркөм окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө ыйгарылат.

                                               

Римма Мадварова

Мадварова Римма - флейтачы, темир комузчу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1979-жылдан тартып П. Шубин атындагы балдардын музыкалык мектебинде флейтадан сабак берген. 1953-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын ...

                                               

Ритмика

Ритмика – Метрикадан айырмаланып, бир эле ыр өлчөмүндөгү ырдын конкреттүү формаларын изилдөөчү ыр таануунун бөлүгү. ритм, ыргак теориясы. Ритмдик сезимди өстүрүүтө көмөк болчу музыкалык коштоосу бар көнүгүүлөр системасы. Бул же тигил жазуучунун к ...

                                               

Ритурнель

Ритурнель – 4. Бий музыкасындагы киришүү кайрыгы. Ал чыгарманын жыйынтыктоочу бүтүрүүчү бөлүмү катары кызмат аткарышы да ыктымал. 2. Концерттик түзүлүштөгү теманын аталышы. 3. Ыкчам мүнөздөгү бөлүм. Ал созулган, жай бөлүмдү толуктап турат. 1. Ырд ...

                                               

Рихард Штраус

Рихард Штраус - He-Men композитору жана дирижёр. Музыкант үй-бүлөдөн. Композиция жана теория боюнча Ф. В. Мейерден сабак алган. Дирижёр катары негизинен өз чыгармалары менен көп өлкөлөрдө гастролдо болгон Россияга 1-жолу 1896-ж. келген. 1898-1918 ...

                                               

Роза Таирова

Таирова Роза Абдулловна - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1973-77-ж. Тажикстандын мамлекеттик Ленин ордендүү С. Айни атындагы опера жана балет театрында иштеген. 1977-ж. Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын ...

                                               

Рок-музыка

Рок-музыка - поп-музыканын заманбап бөлүгү. Рок-музыка өзүнүн калыптануусунда "ритм-эндблюз" жана "кантри-энд-вестрн" чыгармачыл багыттарына таянган. Рок-музыка 20-кылымдын 50–60-жылдарында Англия, АКШда калыптанган. Анын өнүгүшүнө "Битлз", "Ролл ...

                                               

Рок-н-ролл

Рок-н-ролл – АКШда 1950-жылдардын башында калыптанган ыр-бий жанры. Рок-н-роллдун негизин негрлердин күндөлүк турмушунда кеңири колдонулуучу музыка – "ритм-энд-блюздун" башка багыттар менен айкалышы түзгөн. Рок-н-ролл 50–60- жылдарда твист, шейк, ...

                                               

Роман Владимир Михайлович

Роман Владимир Михайлович - композитор. 1959-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында хор дирижёрлоо бөлүмүн бүтүргөн. 1974-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. 1972-ж. Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы ис ...

                                               

Рондо-соната

Рондо-соната - сонаталык түзүлүш менен рондонун белгилерин өзүнө бириктирген музыкалык түзүлүш. Рондо-соната сонаталык түзүлүштүн жалпы тоналдык планын, эки негизги теманыбашкы, жардамчы көрсөтүүнү, биринчи эпизод болгон жардамчы теманы башка тон ...

                                               

Ростислав Миронович

Миронович Ростислав Георгиевич - флейтачы-дирижер. Кыргыз Респкасының искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. 1932-ж. консерваториянын дирижерлук факультетинде, бир эле мезгилде композициядан сабак алган. 1945-жылдан 1962-ж. чейин Кыргыз улуттук теат ...

                                               

Рубоб

Рубоб, рубаб - Жакынкы, Орто Чыгыш өлкөлөрүндө, Түштүк жана Борбордук Азияда тараган кылдуу чертме музыкалык аспаптардын жалпы аталышы. Алар кашгар Рубоб, афган Рубоб, бу-хара Рубоб, тажик Рубоб. болуп бөлүнөт. Адатта алардын беренелүү жана берен ...

                                               

Рыскулов Анарбек

Рыскулов Анарбек - балет бийчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1966-ж. СССР Чон театрынын алдындагы Москва академиялык хореографиялык окуу жайына кабыл алынган. 1974-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык А. Малдыбаев атындагы оп ...

                                               

Рыспаев Ишенбай

Рыспаев Ишенбай - музыка таануучу, композитор. Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. Пржевальскидеги педагогика окуу жайын, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижёру классын бүтүргөн. ...

                                               

Сагынаалы Субаналиев

Субаналиев Сагынаалы - музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты,проф. 1966-70-ж. Фрунзедеги музыкалык-педагогика окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуган. Бир эле мезгилде Кыргыз ССР м ...

                                               

Сагынбаев Шейшенбай Туйтебаевич

Сагынбаев Шейшенбай Туйтебаевич - тром-бончу, педагог. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1971-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1976-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусс ...

                                               

Сайрагүл Чоткараева

Чоткараева Сайрагүл - ырчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын 1973, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун 1978 бүтүргөн. Аткарган көрүнүктүү ролдору: Гүлчахра У. Гаджибеков, "Аршин мал алан", То ...

                                               

Саламатов Тимур Сагынбаевич

Саламатов Тимур Сагынбаевич – музыка таануучу, композитор, музыка сынчысы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1981-ж. СССР, 1991-ж.Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү. 1986-жылдан Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясында ...

                                               

Самарбүбү Токтакунова

Токтакунова Самарбүбү - комузчу-аткаруучу. Кыргыз ССР эл артисти, СССРэл артисти. 1988-ж. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун оркестр-дирижёрлук бөлүмүн бүткөн. 1988-90-ж. "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук тобунда, 1964-ж. М.Күрөңкеев а ...

                                               

Санкт-Петербургдагы опера жана балет театры

Санкт-Петербургдагы опера жана балет театры академиялык - КМШдагы эски жана ири музыкалык театрлардын бири. Орус опера жана балет өнөрүн өнүктүрүүдө анын ролу чоң. Тарыхы 1783-ж. Петербургда театр ачылгандан башталат. Анда Глинканын "Иван Сусанин ...

                                               

Сантур

Сантур - Борбордук Азия, Кавказ жана Кытайда кеңири тараган хордо-фондор түркүмүндөгү музыкалык аспап. Алевропалыктардын цитбалы, өзбектердин чанг сыяктуу аспаптарына түспөлдөш. Сантурдун үстүңкү капкактарында добуш күчөткүч көзөнөктөрү бар. Кылд ...

                                               

Сарбагышев Алжанбай

Сарбагышев Алжанбай - туңгуч ырчы, актёр. Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисти. Ырчылык өнөрүн Фрунзеде ачылган алгачкы улуттук студиядан баштаган. 1930-жылдан Кыргыз драма театрында иштейт. М. Токобаевдин "Кайгылуу Какейинен" бай Чойбектин, Н. Гого ...

                                               

Сафарбек Кабеков

Кабеков Сафарбек Имашевич - бийчи, балетмейстер. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер 1971. 1947-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында иштеген. Классикалык балеттерден "Коппелияда" Францтын, "Раймонд ...

                                               

Светлана Мнацаканова

- пианист. Кыргыз Республикасынын эл артисти 1964. 1939-ж. жана 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма, кийин опера жана балет театрында концертмейстер болуп иштеген. ...

                                               

Свирель

Свирель – 1. Орус, белорустардын аэрофовдор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Узунунан бойлото кармалып ойнолот. Эки башы ачык. 2. Орус, белорустардын эки түтүктүү ышкырык жылчыгы бар чоору. Кээде ал двойчатка, двойница деп да аталат.

                                               

Сейилкан уулу Муса

Сейилкан уулу Муса - комузчу. Комузчулук таасирди атасы, чоң комузчу Сейилкандан, бир тууган таякеси айтылуу Каратолдодон алган. Ормондун небереси. 1910-жылдан Кочкордо жашаган. 1946-47-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясыңда иштеген. Бүгүнкү күндө ...

                                               

Секвенция

Секвенция – 1. Бир же көп үндүү музыкалык чыгарманын обондук бөлүгүнүн, кайрыгынын өзгөрүүсүз жогорулата же төмөндөтө кайталанышы. Секвенция бир тоналдуулукта жана ар түрдүү тоналдуулукта болушу мүмкүн. Ошондуктан Секвенция бир тоналдуу жана өзгө ...

                                               

Секетпай

Секетпай - кыргыздын эң кеңири тараган ырларынын бир түрү. Секетпай ырларында бозойдун сүйгөн селкисинин келбети, сулуулугу, акылмандуулугу, мүнөзү ж. б. мукамдуу обондо сыпатталат. Секетпай ырларында адамдын аң-сезиминдеги сүйүүгө болгон ой-пики ...

                                               

Секстет

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.

                                               

Септет

Септет – 2. Аспаптык камералык топтун жанры катары Септет серенада, дивертисментке жакын. 1. Жети кишиден турган музыкант -аткаруучулар тобу.

                                               

Серенада

Серенада - вокалдык жана камералык аспаптар жанрынын аныктамасы. 2. Вокалдык Серенаданын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн чагылдырган аспаптык кайрык. 1. Кылдуу чертме музыкалык аспаптардын кош-тоосу менен ашык болгон мырза, бий-кечтин терезесинин астында ...

                                               

Серкебаев Ермек Бекмухамедович

Серкебаев Ермек Бекмухамедович – казак ырчысы, СССРэл артисти. 1947-жылдан Абай атындагы Казак опера жана балет театрында солист. 1941-ж. Алматыдагы музыкалык окуу жайында скрипка классы боюнча окуган. 1951-ж. Алматы консерваториясын A. М. Курган ...