Back

ⓘ Сейдалы Медетов - Белгилүү композитор, комузчу. Ал 1928-жылы 17-майда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган 1940-1942-жылдары Нарын музыкалык-драма театры ..



                                     

ⓘ Сейдалы Медетов

Сейдалы Медетов - Белгилүү композитор, комузчу. Ал 1928-жылы 17-майда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган 1940-1942-жылдары Нарын музыкалык-драма театрында, Кыргыз улуттук филармониясында иштеген. 1944-1949-жылдары Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайынын дирижерлук классын бүтүргөн. 1949-1958-жылдары Москвадагы Чайковскийатындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция боюнча профессор В.Шебалинден билим алган. 1953-1958-жылдары "Майрамдык увертюра", фортепиано үчүн "Рапсодия", соната, скрипка менен фортепиано үчүн "Скерцо", Э.Григдин эстелигине сюита,эл аспаптар оркестрине "Пахтачы кыздын бийи" аттуу чыгармаларды, "Бактылуу Кыргызстан", "Токтогулдун арманы", "Кең Ала-Тоо" хорлорун, "Какшаалдан кат", "Чабандын ыры", "Бешик ыры", "Фестиваль ыры", "Таарыныч" деген ырларды жазган. "Алар Тянь-Шанда торолгон" жана башка көптөгөн документалдык фильмдердин музыкалары Сейдалы агайга таандык. Сейдалы Медетов кыргыз музыкасынын негизги үлгүлөрүн сактаган жана өнүктүргөн кайталангыс талант эле. Сейдалы аганын кыргыз калкына калтырып кеткен патриоттук сезимдеги обондорунун тунуктугу, ыргактарынын кайталангыстыгы, мукамдуулугу ар бир угуучунун жүрөгүнөн орун табат. Ошол түбөлүктүүлүк гана аганын өмүрүн улап жашай берет, элеси менен.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →