Back

ⓘ Өзбекстан - Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. Өзбекистан жана Өзбекстан Республикасы деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер ..



                                               

Өзбекстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Өзбекстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 3 түрү боюнча 4 спортчусу менен катышат. Олимпиада 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт.

                                               

Өзбекстан 2018 жайкы Азия оюндарында

Калып:Өзбекстан Азия оюндарында Өзбекстан 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган 2018 жайкы Азия оюндарына 149 спортчусу менен, спорттун 28 түрү боюнча катышат.

                                               

UTC+5

Өзбекстан Казакстан Түркмөнстан Пакистан Херд жана Макдональд аралдары Австралия Тажикстан Орусия Франциянын Түштүк жана Антарктидалык аймактары Франция Мальдив аралдары

                                               

9-май

Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Беларусия, Молдова, Армения, Сербия, Грузия, Түркмөнстан, Израиль - Жеңиш күнү. Өзбекстан - Эскерүү күнү. Украина - Экинчи Дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүү күнү. Дания - Гельголандык салгылашуу. АКШ - Индейлер күнү, Мугалимдер күнү.

                                               

Өзбекстан Олимпиада оюндарында

                                               

Өзбекстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарында

                                               

2018 күрөш боюнча Азия чемпиондугу

2018 күрөш боюнча Азия чемпиондугу - 27-февралдан - 4-мартка чейин.Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында болуп өткөн. Мелдешке катышуучу өлкөлөр:Ооганстан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Монголия, Палестина, Катар, Тайбэй, Таиланд, Түркмөнстан

                                               

Навои

Навои – Өзбекстандагы шаар. Навои облусунун административдик борбору. Заравшан өрөөнүндө жайгашкан. Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкенттен 360 км түштүк-батышта. Калкы 163.6 миң. Темир жол бекети. Жол тоому. ГРЭС, химиялык, пахта тазалоо, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эки институт, академиялык лицей, 6 коллеж, китепканалар, 2 музей, театр жана башка бар. Өзбек акыны А. Навоинин ысмынан аталган. Навоиге жакын 10–11-кылымдагы мавзолей жана1558–59-жылдардагы ханака сакталган. 2001-жылы А. Навоинин 560 жылдык маарекеси өткөрүлүп, анын айкели орнотулган.

                                               

Мамлекеттер аралык авиация комитети

Мамлекеттер аралык авиация комитети ; орусча: Межгосударственный авиационный комитет) – Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин жарандык авиация жана аба мейкиндигин колдонуу боюнча аткаруучу орган. 1991-жылдын 30-декабрында кол коюлган өкмөттөр аларык" Жарандык авиация жана аба мейкиндигин колдонуу боюнча макулдашуунун” негизинде түзүлгөн. Комитеттин башкы кеңсеси Москвада, Россияда, жайгашкан. 2011-жылдан бери директору – Татьяна Анодина. Макулдашуунун мүчө-өлкөлөрү: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Грузия, Казахстан Республикасы, Кыргыз Респу ...

Өзбекстан
                                     

ⓘ Өзбекстан

Өзбекстан - Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. "Өзбекистан" жана "Өзбекстан Республикасы" деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана, Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

                                     

1. Тарыхы

Өзбек элинин тарыхы Борбор Азиянын башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланыш жана азыркы Өзбекстандын чегинен ары чыгат. Өзбекстандын аймагында эң алгачкы мамлекеттердин пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарга тийиштүү. Ал кезде Хорезм жана Бактрия сыяктуу мамлекеттер түзүлгөн. Заманбап Өзбекстандын аймагындагы байыркы шаарлар болуп Ташкен, Букар, Самаркан, Хива, Шахрисабз, Карши, Термез жана Маргалаң эсептелет.

Биздин заманга чейинки 329-327 жылдары Александр Македонский Согдиана жана Бактрияны басып алып, Бактриянын жергиликтүү башкаруучунун кызы Роксанага үйлөнгөн. Басып алуучуларга катуу каршылык көрсөтүлүп, Александрдын аскерлерин ушул аймакта кармап калуусун көздөшкөн.

Биздин заманга чейинки IV кылымдан баштап байыркы Хорезмдин гүлдөшү башталат. 305-995-жылдары Хорезмди Афригидтердин хорезмшахтарынын династиясы башкарган.

VI - VII кылымдарда Өзбекстандын аймагынын бөлүгү Түрк Каганаты жана Сасанид Империясынан көз каранды болгон Согдиана жана Бактриянын курамына кирген. Араптар басып алгандан кийин Арап Халифатынын курамына кирген. Улуттук-боштондук кыймылдардан улам Тахириди жана Якубийон сыяктуу династиялар пайда болгон. IX кылымдын экинчи чейрегинен баштап Саманийлер Мовароуннахр жана Хоросондун аймактарын бириктирип, Саманийлер мамлекетин түзүшкөн. Саманийлер башкарган учурда X кылымга чейин сакталган мамлекетти башкаруу негиздери түзүлгөн. Ушул мезгилде региондо илим, маданият, поэзия өнүгүп баштаган.

X кылымдын аягында Саманийлер мамлекети Караханийлер жана Газневилер көчмөн элдеринин кысымынан улам кыйраган.

XII - XIII кылымдын башында азыркы Өзбекстандын аймагы, 1219-1221 жылдары Чыңгызхандын моңголдору басып алган Хорезмшахтар мамлекетинин курамына кирген. Кийин Өзбекстандын аймагы Чыңгызхандын уулдары Жучу Хан менен Чагатайдын улустарынын курамына кирген.

XIV кылымда Аксак Темир башкарган 1336-1405. Согуштук жүрүштөрүндө мамлекетинин аймагын бир кыйла кеңейткен жана көп чектеш аймактарды басып алган. ал аймактардын ичинде: Персия, Кичи Азия, Түндүк Индия, Закавказье, Чыгыш Дашт-и-Кыпчак жана башка. Аксак Темирдин мамлекетинин борбору Самаркан болгон. Тимурийлер доорунда аймактын илими жана маданияты гүлдөйт.

1499-жылы Дашт-и-Кыпчак талаасынан азыркы Өзбекстандын аймагына Шейбани хандын аскерлери кирип келет. Шейбанийлер 1500-1501-жылдары Тимурийлердин борбору Самарканды басып алгандан улам Тимурийлер мамлекети кулаган жана Шейбанийлер мамлекети негизделген.

Убакыт өткөн соң Шейбанийлер мамлекети Хива хандыгы жана Букар хандыгы болуп экиге бөлүнүп калган. Хорезмде такка Шейбанийлердин туугандары Арабшахийлер чыгышкан. Букар хандыгында башкарган династия болуп Шейбанийлер болуп турган 1500-1601. Андан соң Аштарханийлер бийликке келген. Аштарханийлерден кийин такка Маңгыттар чыгып, хандыкты Букар эмирлигине айлантышкан.

XVIII кылымдын башында Хива хандыгындагы бийлик Арабшахийлерден казак чингизидтерине өткөн, кийин 1770 жылдан 1920 жылга чейин коңурат уруусунун династиясынын колунда болгон.

1709-жылдан 1876-жылга чейин азыркы Өзбекстандын аймагында, "миң" деген уруусу түптөгөн Кокон хандыгы бар болгон.

Орусыя империясы Өзбекстандын аймагын басып алуу аракетинин башында, бул аймакта үч мамлекеттик түзүлүш бар болчу, алар: Бухара эмирлиги, Кокон хандыгы жана Хива хандыгы. 1876-жылы Орусыя империясы Кокон хандыгын талкалаган, хандык жоюулуп, борбордук аймактары Фергана облусунун курамына кирген.

XX кылымдын башында Борбор Азия Орусия империясынын курамында болот. Советтик бийлик орноп баштаганда, бүткүл Борбор Азия Советтик Союздун бөлүгү болот. 1924-жылдын 27-октябрында Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы түзүлөт, борбор шаары - Самаркан.

1930-жылдын 1-сентябрында Өзбек ССРинин борбор шаары Самаркандан Ташкенге которулат.

1991-жылдын 31-августунда Президент Ислам Каримовдун демилгеси менен Өзбекстандын көз карансыздыгы жарыяланган. Ошол эле күнү Өзбекстандын Жогорку Кеңеши" Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” токтомун жана "Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн негиздери жөнүндөгү" Мыйзамын кабыл алган. Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы Өзбекстан Республикасы деп аты алмаштырылган.

1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк Күнү белгиленет.

Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылдын 8-декабрында кабыл алынган.

                                     

2. Географиясы

Чек аранын узундугу - 6221 чакырым.

Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги - 4643.3 м Ысар тоо кыркасы. Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери - −12.7 м Кызыл-Кум чөлү.

Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары - +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура - -38°С.

Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.

                                     

3. Административдик-аймактык бөлүнүшү

Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынанкартада - 14, облустардан өзб. viloyat, айыл тибиндеги райондордон өзб. tuman, шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору- Ташкенкартада - 1, борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.

Өзбекстан Республикасынын облустары:

  • Анжыян облусу 2
  • Наманган облусу 6
  • Ташкен облусу 12
  • Хорезм облусу 13
  • Сурхан-Дарыя облусу 11
  • Жызак облусу 5
  • Сыр-Дарыя облусу 10
  • Кашка-Дарыя облусу 8
  • Навои облусу 7
  • Букар облусу 3
  • Самаркан облусу 9
  • Баргана облусу 4
                                     

4. Калкы

2014-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 30 миллион адамдан ашкан, анын ичинен 51% - шаар калкы, 49% - айыл калкы. Бир жыл аралыгында 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейин Өзбекстандын калкы 495.1 миң адамга көбөйгөн. 2013-жылы туулгандардын саны 674.9 миң, каза болгондордун саны 145.0 миң адамды түзгөн.

Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65.8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусыя жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.

                                     

4.1. Калкы Калктын улут курамы

2000-жылга карата калктын улут боюнча бөлүштүрүүсү

  • букар жөөттөрү - 9.7 миң адам
  • гректер - 10 миң адам жана башкалар.
  • түркмөндөр - 152 миң адам
  • немистер - 7.9 миң адам
  • өзбектер - 28 млн. 959 миң адам калктын 88 %
  • татарлар - 324 миң адам
  • кырым татарлары - 10 миң адам
  • тажиктер - 299 миң адам
  • жөөтөр - 10-20 миң адамдын тегерегинде
  • корейлер - 164 миң адам
  • азербайжандар - 36 миң адам
  • казактар - 390 миң адам
  • каракалпактар - 504 миң адам
  • түрктөр - 10 миң адам
  • уйгурлар - 20 миң адам
  • кыргыздар - 2.5 миң адам
  • украиндер - 105 миң адам
  • беларустар - 20 миң адам
  • парстар - 30 миң адамдын тегерегинде
  • орустар - 399 миң адам
  • армяндар - 42 миң адам
                                     

4.2. Калкы Тили

Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик тили - өзбек тили. Маанилүүлүгү боюнча орус тили экинчи орунда турат. Орус тилин калктын чоң бөлүгү колдонот. Англис тилин үйрөнүү мамлекет үчүн абдан маанилүү. 2013/2014-окуу жылынан баштап мектепте 1-класстан баштап англис тилин сөзсүз үйрөнүү киргизилген.

Өзбек тилинен тышкары, бир катар аймакта башка тилдер да колдонулат. Каракалпакстан автономиялуу республикасында каракалпак тили да ырасмий тил болуп саналат.

Жалпысынан Өзбекстанда өзбек мектептеринен тышкары 848 орус, 417 казак, 377 каракалпак, 256 тажик, 60 кыргыз, 43 туркмөн мектептери бар.

                                     

5. Маданияты

Өзбекстанда маданият жана коомдук мамиле көп кылымдуу тарыхка ээ. Массалык маалымат каражаттарынан 1300дөн жогору Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын, аймактык теле- жана радиокомпанияларын, FM-радиостанцияларын, өкмөттүк гезиттерди жана интернет-каражаттарды белгилесе болот. Санариптик технологияга өтүүнүн натыйжасында Өзбекстандын теле- жана радиоиндустриясынын өнүгүүсү күчөдү.

Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.

                                     

5.1. Маданияты Маданият мекемелери

  • "Өзбектеатр" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси
  • Оркестрлер
  • "Өзбекмамцирк" Республикалык бирикмеси
  • "Өзбекмузей" Республикалык фонду, республиканын музейлери
  • "Өзбекнаво" эстарда бирикмеси
  • Республикалык методикалык жана маалымат борбору
  • "Өзбекракс" улуттук бий бирикмеси
  • Академиялык, элдик жана көркөм коллективтердин дирекциясы
  • "Шарк тароналари" эл аралык музыкалык фестивалынын башкы дирекциясы
  • Чыгармачыл жаштар үйү
  • Элдик чыгармачылыктын жана маданий-агартуу кызматынын Республикалык илимий-методикалык борбору
  • Көркөм экспертиза башкармасы
  • Маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча башкы илимий-өндүрүштүк башкарма

Республикада 40ка жакын театр иштейт, алардын ичинде - Алишер Навои атындагы Мамлекеттик Академиялык Чоң Театр, Илхом театры. Искусствого Өзбекстан Улуттук симфониялык оркестри чоң салымын кошот.



                                     

5.2. Маданияты Мамлекеттик майрамдары

1992-жылдын 2-июлунда Олий Мажлис "Майрамдык күндөр жөнүндө" законун кабыл алып, төмөнкү күндөрдү майрамдык деп жарыялаган.

  • 9-май - Жеңиш жана Ардак күнү,
  • 21-март - Нооруз,
  • 8-март - Эл аралык аялдар күнү,
  • 8-декабрь - Конституция күнү,
  • 1-октябрь - Мугалим жана Устат күнү,
  • 1-январь - Жаңы Жыл,
  • 14-январь - Мекенди коргоо күнү,
  • 1-сентябрь - Эгемендүүлүк күнү,
  • Орозо айт жана Курман айт диний майрамдары.

Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет.

Өзбекстандын абамайдандарынын тизмеси
                                               

Өзбекстандын абамайдандарынын тизмеси

Коды расположения ООН: Узбекистан. UN/LOCODE 2012-1. ЕЭК ООН. - коды IATA Местонохождение ИКАО в государствах PDF. Международная организация гражданской авиации. "Өзбекстан Аба Жолдору" улуттук абакомпаниясынын ырасмый сайты Аэропорты Узбекистана. World Aero Data. Аэропорты Узбекистана. Great Circle Mapper.

                                               

2017 күрөш боюнча Азия чемпиондугу

Мелдешке жалпысынан 19 өлкөдөн 255 балбан катышкан. Төмөндөгү жадыбалда ар бир өлкөнүн спортчуларынын саны жазылган. Казакстан 24 Моңголстан 16 КЭДР 9 Кыргызстан 17 Өзбекстан 24 Шри-Ланка 10 Тажикстан 12 Корея Республикасы 24 Таиланд 10 Жапония 24 Индия 24 Кытай Тайбэйи 11 Кытай 22 Иран 16 Вьетнам 5 Камбоджа 1 Катар 2 Палестина 1 Түркмөнстан 3

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →