Back

ⓘ Тушоо кесмей. Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40 - 50 м. аралыкта бир катар бол ..




                                     

ⓘ Тушоо кесмей

Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40 - 50 м. аралыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

                                     

1. Оюндун баяны

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары тушалган бөбөктү көздөй жүгүрүшөт. Биринчи келген оюнчу, кайчыны алып тушоону кесет. Тушоо кескен оюнчуга байге берилет.