Back

ⓘ Таяк менен түртүнүп узундукка секирүү. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учун сол колдору менен үстүнөн, он колдору менен анын астынан кармашып, б ..




                                     

ⓘ Таяк менен түртүнүп узундукка секирүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учун сол колдору менен үстүнөн, он колдору менен анын астынан кармашып, бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишип, таяктын экинчи учун жерге сайышып, түртүнүшүп узундукка секирүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Таяк менен түртүнүп узундукка секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

                                     

1. Оюндун эрежеси

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга, секирип түшчү жерде болууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак, башка буюмдарсыз болушу керек.