Back

ⓘ Чүкө атмай. Диаметри 1 - 3 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бирден чүкөлөрдү катарга тизип коюшат. Андан кийин оюнчулар чүкө өкчөшүп оюндун кезеги ..




                                     

ⓘ Чүкө атмай

Диаметри 1 - 3 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бирден чүкөлөрдү катарга тизип коюшат. Андан кийин оюнчулар чүкө өкчөшүп оюндун кезегин аныкташат.

                                     

1. Оюндун баяны

Ар ким кезеги келгенде, бирден сакалары менен тизилген чүкөлөрдү уруп тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Тегеректен чүкөнү уруп чыгарган оюнчу, ал чүкөнү утуп алып кайрадан жаңылгыча оюнду кезексиз улантат. Качан жанылса оюндун кезеги, кезектеги адамга өтөт. Тегеректеги чүкөлөр калса, оюнчулар оюнду кайрадан башташат, Оюн каалаган убакытка чейин уланат.