Back

ⓘ Каракол - Ысык Көл облусунун борбору. Ысык Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун этегинде деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийиктикте жайгашкан. Айанты 4 ..



                                               

Каракол (түшүнүгү)

Каракол түшүнүгү төмөнкүлөрдү түшүндүрөт: Каракол Сасык-Көл - Казакстандагы Сасык-Көл көлүнө куйган дарыя. Каракол шаркыратма - Бразилияда жайгашкан шаркыратма. Каракол шаары - мурунку аталышы Пржевальск, Ысык-Көл областынын борбор шаары, Кыргызстан. Каракол Талас - Талас дарыясына суусун куйган дарыяча, Талас областы Кыргызстан. Каракол Алтай Республикасы - Алтай Республикасында жайгашкан айыл. Каракол метеорит - 1840-жылы 9-май Кулжада Казакстандын аймагына түшкөн таш метеорити.

                                               

Этнохороним

Жергиликтүү аймактын жашоочуларын атоо же катойконимдер - бул белгилүү бир аймактын жашоочуларын атоо. Мисалы, Бишкек шаарынын жашоочулары - бишкектик, Ош - оштук, Талас - таластык, Нарын - нарындык, Каракол - караколдук, ж.б. Бул эч кандай аймак аралык же түндүк-түштүк деп бөлүнүү эмес. Жөн гана белгилүү бир аймактын жашоочуларын башка аймактын жашоочуларынан айырмалоо максатында атоо. Башка мамлекетин жашоочуларын атоодо да колдонулат. Мисалы, Канада - канадалык, Орусыя - орус, орусы ялык, Казакстан - казак, казакстандык, Зимбабве - зимбабвелик, ж.б. Көптүк түрдө болгону -лар мүчөсүн ган ...

                                               

Портал:География/Мыкты макала

Каракол - Кыргыз Республикасынын шаары, Ысык-Көл областынын административдик борбору. 1889-1922 жана 1939-1992 жж шаар Н.М.Пржевальскийдин ысымын алып жүргөн. Калкы - 63.4 миң адам. Каракол шаары областын чыгыш бөлүгүндө орун алып Тескей-Алатоонун боорунда жайгашкан, Каракол суусунун алтыңкы куймасында жана Ысык-Көлдөн 12 км чакырым алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 1690-1850 метр бийиктикте. Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекке чейинки аралык 420 км, эң жакынкы темир жол бекети Балыкчы шаарында жайгашкан, 220 км автоунаа жолу жана 184 км суу үстү менен. Шаардын климаты мээлүн-кон ...

                                               

2019-жыл музыкада

29-июнь - O!PEN AIR 2019 29-июнда саат 15:00дө PROMZONA.space клубунун чоң сценасында өткөн. 1-июль - Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына карата "Ысык-Көлүм бабалардан мурасым, Караколум дастан болуп турасың" аттуу эл аралык айтыш сынагы болуп өткөн. 1-июль күнү саат 17:00дө Каракол шаарынын борбордук аянтында мыктылар аныкталып, Баш байгени төкмө акын Кадырбек Бейшенов, 1-орунду Эсенбек Кийизбаев, 2-орунду Нурсултан Малдыбаев алса, 3-орунга казак акыны Нурулбек алган. Сынактын жалпы байге фонду - 500 миң сомду түзгөн.

                                               

22 февраль

Ошондой эле караңыз: Категория:22-Февраль майрамдары Жапония - Мышыктар күнү. Эл аралык кылмыштын курмандыктарын колдоо күнү АКШ - Жорж Вашингтондун туулган күнү. Мексика - Улуттук эмгекчилер күнү. Сент-Люсия - Эгемендүүлүк күнү. Кыргызстан - Жерге жайгаштыруу жумушчуларынын геодезиялык жана картографиялык күнү. Катар - Эмир тактысына кошулуу күнү - Катар. Моңголстан - Субаатара күнү. Египет - Биримдик күнү. БАР - Президенттин туулган күнү. Индия - Энелер күнү.

                                               

Батыш Уюн-Төр мөңгүсү

Батыш Уюн-Төр мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Ысык-Көлдүн куймасы Каракол суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 4.9 км, аянты 5.6 км 2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5280 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3720 м. Абляция облусунун аянты 2.8 км 2. Мөңгү татаал куралуу облусуна ээ, ал эми анын "тили" ортоңку морена аркылуу тең экиге бөлүнгөн. Мөңгүнүн ортоңку бөлүгүнүн бети туура кеткен жаракалар менен тилмеленген. Чыгыш Уюнтөр мөңгүсү жаткан өрөөнгө чейин жетип, зор морена жалчасына такалат жана узун шынаа сымал негизги өрө ...

                                               

Алгачкы саламаттык сактоо

Кыргызстанда 1913-ж. 78 орундуу 4 шаардык, 22 орундуу 2 айылдык оорукана ачылган. 1924-ж. декабрда Кара-Кыргыз облустук саламаттык сактоо болуму уюшулган. 1925-ж. Бишкекте 1-медициналык мектеп техникум ачылган. Республикалык диагностикалык борборду тузууго 1988-ж. чечим чыгып, алгачкы пациенттерин 1990-жылдын февралынан кабыл ала баштаган. Кыргызстандагы алгачкы фармацевтикалык завод - "Айдан Фарма". Аны Кыргызстан - Пакистан биргелешип 4 жыл ичинде куруп буткон. 1977-ж. декабрда ишке берилген.

                                               

Бакай Банк

"Бакай Банк" ААК - Универсалдуу коммерциялык ачык акционердик коом формасында түзүлгөн банк. "Бакай Банктын" түзүлүшүнө банктын башкы кеңсеси, Ош, Токмок, Жалал Абад, Кара Балта шаарларындагы, Ысык Көл облусунун Бостери айылындагы жайгашкан 7 филиалдан турат. Амананат кассаларынын тармагы Бишкек, Ош, Токмок, Каракол жана Жалал Абад шаарларын камтыйт. "БакайБанк" ААК банк кызматтарынын кеңири түрүн тартуулайт. Азыркы учурда дүйнөнүн алдыңкы банктары жана КМШ өлкөлөрүндөгү банктар менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.

                                               

Терген-Таш аска бетиндеги сүрөттөрү

Терген-Таш аска бетиндеги сүрөттөрү – коло доорунан орто кылымга чейинки мезгилге таандык археологиялык эстелик. Алай районунун Үч-Дөбө айылынан 14 км түндүктө, Кичи-Каракол суусунун башатында жайгашкан. Байыркы кишилер эчки-теке, төө, ит, жылкыларды, чабактуу дөнгөлөктөрдү, ар кандай формадагы геометриялык белгилерди жана түшүнүксүз сызыктардын сүрөттөрүн тоолордон урап түшкөн таштардын жылмакай бетине чагылдырган. Мындан сырткары ан уулоо, эки жуп атка чегилген арабалардын, ат чаап бара жаткан кишинин, жандыктардын жуп-жубу менен колдорун жогору көтөрүп бийлеп жаткан көрүнүштөрү тартылга ...

                                               

Безостая

Безостая - 1 буудай сорту. Краснодардагы айыл чарба илимий-изилдөө институтунда Безостая-4 гибридинен жекече тандоо менен чыгарылган. Машагы кылкансыз, даны кызыл, сүйрү, 1000 данынын салмагы 36.3 44.5 г. Бийиктиги 90-100 см, жапырылбайт, күбүлбөйт, суукка, ысыкка чыдамдуу. Илдетке көп чалдыкпайт. Вегетация мезгили 230-327 күн.1959-ж. райондоштурулуп, кеңири таралган. РФтин көп облусунда, Казакстанда жана Орто Азия республикаларында өстүрүлөт. Ар гектарынан 5060 ц ден, кээде андан да көп түшүм алынат. 1973-ж. Каракол мамлекеттик сорт сыноо чарбасы 95 ц түшүм алган. Буудайдын дүң түшүмүнүн ...

                                               

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

1918-жылы Үчтүн айынын 18де Бүткүл Россия өзгөчө тергөө комиссиясынын төрагасы Ф.Э.Дзержинский баардык Советтерге жана Комитеттерге контрреволюцияга каршы бөлүмдөрдү ачууга муктаждыгы тууралуу телеграмма менен кайрылган. Ошондон кийин Ташкент революциялык трибуналынын алдында контрреволюцияга, алып сатаарлыкка жана мародерчулукка каршы Тергөө комиссиясы ачылган. Ушул эле жылдын Үчтүн айынын 12де Пишпек уездиде Советтердин съездинде Совет секциясы, ошондой эле 6-чы номер берилген, Тергөө секциялары түзүлгөн. 1918-жылы Чын Куран айынынын 22-де "Вестник комиссариата внутренних дел" гезитинде ...

                                               

Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо

Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо – сейрек жана тукум курут болуу абалында турган жаныбарларды коргоо жана санын калыбына келтирүү боюнча иш чаралар жыйындысы. Байыртан эле адамзат аңчылык менен тиричилик өткөзүп келген. Аңчылыктан айрым жаныбар түрү азайып кеткен. Акыркы жылдары көп түрлөрдүн жоголушуна браконьердик себеп болууда. Аларды коргоо үчүн ал түрлөр мекендеген аймактын өзгөчөлүгүн, мүнөзүн, ошол түрлөрдүн таралуу аймагын эске алуу зарыл. Азайып жана жоголуп бараткан түрлөрдүн дүйнөлүк, аймактык санын тактоо жана Кызыл китеп түзүү негизги иш-чарага кирет. Түрдүү деңгээлде корголуучу жар ...

Каракол
                                     

ⓘ Каракол

Каракол - Ысык Көл облусунун борбору. Ысык Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун этегинде деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийиктикте жайгашкан. Айанты 44 км². Калкы 79 330 адам. Шаардын курамына Пристан–Пржебалск шаарчасы кирет.

                                     

1. Тарыхы

Каракол шаары 1869-жылы Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолунда манап Көлбарска шаар негиздегенге жер табуу жана аны түптөө буйругу боюнча негизделген. 1869-жылдын биринчи Кулжа айында шаардын биринчи көчөлөрү, аянты жана конок үйү курулган. Бул күн шаардын түптөлүү күнү катары белгиленип, жана анын жанынан өткөн суунун "Каракол" деген ысымын алып калган.

Шаар генералдык план боюнча түз кырдуу салынган жана көптөгөн жашыл бакчалардан турат, анткени ал учурдагы шаардын мыйзамына ылайык, ар бир курулган үйдүн алды-артында гүл бакча болуусу зарыл болчу. План боюнча, гүлзарлуу-шаар түптөө эле. Борбор Азиянын башка шаарларына салыштырмалуу курулган үйлөр да башкача типте салынып келген. 1887-жылга чейин негизинен топурак-бетон үйлөрү салынып келинсе, ал эми 1887-жылдан кийин шаарда жыгач үйлөрдүн саны өсүп, алар жыгачтан кесилип жасалган бай оймолордон турган.

1872-жылы Караколдо 132 үй короосу курулган. 1897-жылы шаардын калкынын саны 8108 адамга жеткен. Учурда шаарда, болжол менен 65443 адам жашайт.

Шаар бир нече жолу өз атын өзгөрткөн: 1889-жылга чейин Каракол деп аталса, андан кийин орустар канынын буйругу менен орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Н.М.Пржевальскийдин ысымын ыйгарган. Н.М. Пржевальский Караколго жасаган өзүнүн бешинчи жолку саякатында көз жумган. Анын аманаты менен сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган.

1922-жылы шаарга Каракол аты кайтарылган. Ал эми 1939-жылы Н.М.Пржевальскийдин жүз жылдыгына карата шаар кайрадан анын ысымын алып жүргөн. 1992-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан соң шаар Каракол деп аталып келүүдө.

Төңкөрүшкө чейинки Кыргызстандын башка шаарларына салыштырмалуу Каракол шаарынын маданияты жогору турган.Бул шаардан көптөгөн саякатчылыр, окумуштуулар жана илимроздор чыгып, Борбор Азиянын изилдөөлөрүнө чоң салым кошушкан. Шаарда Кыргызстанда биринчилерден болуп Я.И.Корольковдун ысымын алып жүргөн метеостанция 1887-жылы ачылган. Ошондой эле Барсовым Н. М. атындагы алгачкы коомдук китепкана, 1907-жылы штабс-капитан В. А. Пяновскийдин буйругу менен жылкы заводу курулган.

Экономикалык жактан шаар Ысык-Көл чөлкөмүнүн борбору катары жакшы өнүгүп келген. 1894-жылы шаардын кирешесинин 34% соода сатыктар түшүп турган. Ошону менен бирге эле шаарда өнөр жай курулуштары да ишке кире башташкан. 1914-жылы шаарда жанан анын аймактарында 60 чакан өнөр жайлар иштеп келген.

Учурда Каракол шаарында ЭТЗ, чакан тигүү цехтери, эт жаатындагы жеке менчик чарбалардан башка өнөр жай жок. Билим берүү жайларынан шаарда К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети, медициналык орто билим окуу жайы, педагогикалык окуу жайы, Түркиялык ишкерлер тарабынан 1992-жылы ачылган Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, Т.Сатылганов атындагы лицей ж.б. 11 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

                                     

2. Табиаты

Шаар жайгашкан жердин рельефи негизинен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаардын түштүк тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгилме өсүмдүктөр жана шалбаа ээлейт. Шаардын түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа жана карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жумшак, жайы жылуу.

                                     

3. Калкы

Каракол - Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан кийинки Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары. Караколдун калкы 2009-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча 67 100 адамды түзгөн.

2009-жылдык каттоодо шаарда жана ага бай ийген аймактарда 66 294 жаран, анын ичинде:

  • татарлар - 1 152 адам, же 1.8 %
  • кыргыздар - 44 878 адам, же 67.7 %
  • уйгурлар - 2 530 адам, же 3.8 %
  • калмактар - 679 адам, же 1.0 %
  • казактар - 708 адам, же 1.1 %
  • дунгандар - 943 адам, же 1.4 %
  • орустар - 12 343 адам, же 18.6 %
  • өзбектер - 2 182 адам, же 3.3 %

1897-жылы шаардын калкынын саны - 8100 адам, анын ичинде:

  • Кытайлар - 11 %
  • Орустар - 36 %
  • Кыргыздар - 17 %
  • Татарлар - 7 %
  • Түрктөр - 27 %
                                     

4. Экономикасы

Каракол облустун маданий жана өнөр жайлуу борбору. Негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергетикалык машина куруу өнүккөн. Жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары: "Төштүк" эт комбинаты, Акбулак аксионердик коомдору, сүт, "Сейил" нан забоддору, пибо жана спирт өндүрүү ишканалары иштейт. Бул ишканалар 2001 ж. 0.5 миң эт тирүүлөй салмакта, 1.2 т сүт, 0.3 миллион даана жумуртка дайардаган.

Шаарда жеңил өнөр жайда 2 кичи ишкана иштейт "Бугу эне" тигүү пабрикасы жана бут кийим булгаары пабрикасы, машина куруу тармагында 3 ишкана болгон кийин алар дээрлик иштебей калган. Азыркы кезде 2002 алардын базасында биргелешкен ишканалар, "Улан" жана "Ысык Көл электро" аксионердик коомдору түзүлгөн. Негизинен электротекникалык буйумдарды электроплитка ж.б. чыгарат.

Курулуш өнөр жайда 2 ишкана "Темир-Бетон" жана "КараколТаш" аксионердик коомдору иштейт. Караколдогу көптөгөн ишканалар, комбинаттар ж. б. мамлекеттен ажыратылып, аксионердик коомдорго, коллектибдүү менчикке ж. б. айландырылган.

Шаар Ысыккөл облусунун баардык калктуу пункттары, ошондой эле республиканын борбору ж. б. аймактары менен унаа жолу аркылуу байланышат. Балыкчы темир жол бекетинен 219 км унаа жолу бойунча чыгышта көл аркылуу 184 км, Бишкек шаарынан 386 км. Каракол унаа жолу өтөт. Башка негизги жол Түп ооданынын аймагы аркылуу түштүк-чыгыш Казакстанды бириктирип турган Каракол - Бишкек - Алма Ата унаа жолу өтөт, бирок бул жол реконструксиалоого муктаж.

Каракол шаарынын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте облустун абабекети жайгашкан. Каракол абабекетинен 1990 ж. чейин жумасына 30–40 рейс катталган, азыркы учурда Бишкек, Чолпон Ата, Алма Ата, Жалалабат, Ош, Талас ж. б. шаарлары менен гана катташат.

Мурда суу транспортунун мааниси зор болгон Пржебалск пристаны аркылуу Балыкчы темир жолуна маанилүү жүктөр ташылып турган. Азыркы учурда пристан аркылуу жергиликтүү ЖЭБге көмүр гана ташылат.



                                     

5. Маданий турмушу

Шаарда 2 кесиптик-текникум окуу жайы, 4 текникум жана 2 жогорку окуу жайы бар. 2001/02 окуу жылында 1215 окуучу окуган. 14 жалпы орто билим берүүчү мектеп, а. и. лисей жана гимназиа, 16 мектепке чейинки балдар мекемеси бар.

Драма театр, жер таануу музейи, 5 клубдук мекеме, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 киноустанобка, балдардын музыкалык мектеби бар.

Шаарда бир облустук оорукана, диспансер, а. и. кургак учук, 2 стоматологиалык поликлиника, санитардык-эпидемиологиалык стансия жана 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

                                     

6. Ажайып жайлар

Каракол мыкты сейилдөө, селсаяктоо, лыжа тебүү жана жогорку борбордук Теңир тоодогу альпинизм үчүн жакшы негиз катары кызмат кылган, Кыргыз Республикасынын негизги туристтик багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле, бул шаар маданий жактан бай жер, мисалы, ар кандай этностук топтор ушул жерде жашашат: дангандар, уйгурлар, калмактар, өзбектер, орустар жана албетте кыргыздар. Шаар башка улуттардын жана маданияттарды аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет.

                                     

6.1. Ажайып жайлар Орус ортодокс чиркөөсү

1872-жылы чиркөө таштан курулган, Каракол Падышалык Орусжер империясынын бурчтарында чек ара тозотунун катары түзүлгөн гарнизондук шаар болгон. Ал 1890-жылы жер титирөөдөн талкаланган жана ушул чиркөө кыш негизинде жыгачынан курулган. Бул алты жыл алып, акыры, 1895-жылы аяктаган. Курулуш учурунда, боз үй чиркөө катары кызмат кылган.

Көп жылдан бери, өзгөчө 1917-жылдын окуяларынан кийин, ал мектепке, аялдар гимназиясына жана жогорку окуу жайларынын жайгашкан окуу борборунда катары колдонулган. Андан кийин, 1991-жылы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы дагы бир жолу бардык мындан ары калыбына алардын милдети болгон шарттарды эске алуу менен, кайра чиркөөгө имаратты берген.

                                     

6.2. Ажайып жайлар Дунган мечити

Каракол шаарындагы Ысык-Көл борбордук мечити Ибрахим ажы демилгеси менен курулган. Ал мечиттин курулушу үчүн салттуу кытай архитектура жана курамы ыкмаларын менен Бээжиндик атактуу Чоу Сеу деген архитекторду жана 20 жыгач айкелчилерди чакырды. Курулуштарга жана башка иштерге жергиликтүү устаттар катышкан. Борбордук мечиттин курулушу 1904-жылы башталып, 1910-жылы аяктаган. Өзгөчө ыкмалары куруучуларга мыксыз мечит курууга уруксат берген.

  • Туздуу көл
  • Жети-Өгүз
  • Пржевальск музейи
  • Бугу-Эне зоологиялык паркы
  • Каракол тарых музейи
  • "Жомок" каньону
  • Мал базары
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →