Back

ⓘ Таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп, таяктарын ыргытышып, тегеректин ортосундагы чүкөлөрдү урушуп, ..




                                     

ⓘ Таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп, таяктарын ыргытышып, тегеректин ортосундагы чүкөлөрдү урушуп, тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Эгерде кезектеги оюнчу, чүкөнү тегеректен уруп чыгарса, чыгарган чүкөнү утуп алып оюнду, кайрадан жаңылгыча улантат. Эгерде жаңылып калса же таяк ашыктарга тийбесе же чүкөлөр жана ыргытылган таяк тегеректен сырткары чыкпаса, оюндун кезеги кезектеги оюнчуга өтөт. Тегеректеги чүкөлөрдүн бардыгы урулуп чыгарылса, оюнчулар кайрадан бирден чүкөлөрдү чогултушуп, оюнду кайрадан башташат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеректен көп чүкөлөрдү уруп чыгарып утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

                                     

1. Оюндун башка түрлөрү

Таяк менен таякчаларды уруп тегеректен чыгаруу, таш менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таякчаларды тегеректен уруп чыгаруу.