Back

ⓘ Урмай топ. Оюнчулар өздөрү казган чуңкурлардын жанында турушат, Оюн жетекчисинин буйругу боюнча, оюнчулардын бирөөсү, тегеректен 1 метрдей аралыкта туруп, топту ..




                                     

ⓘ Урмай топ

Оюнчулар өздөрү казган чуңкурлардын жанында турушат, Оюн жетекчисинин буйругу боюнча, оюнчулардын бирөөсү, тегеректен 1 метрдей аралыкта туруп, топту чуңкурларды көздөй тоголотот. Эгерде тоголотулган топ чуңкурлардын бирөөсүнө түшүп, кайра чыкпай токтоп калса, оюнчулар ар тарапка качышат, Топ түшкөн чуңкурдун ээси, топту чуңкурдан алып, качып бараткан оюнчулардын бирөөнү уруп калганы аракеттенет. Эгерде, ыргытылган топ качып бараткан оюнчулардын бирөөнө тийсе, топ тийген оюнчунун чуңкуруңа бир чакан таш салынат. Андан кийин топту оюнчулар кезеги менен тоголотушат. Оюн катышуучулардын бирөөнүн чуңкурунда, оюнчулардын санын чалык чакан, таштар чогулгуча ойнолот. Утулган оюнчу, ырдап же бийлеп бергенден кийин оюнду кайрадан баштаса болот.

                                     

1. Методикалык көрсөтмө

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды жааттарга бөлүп өткөрсө болот. Эгерде тоголотулган топ, чуңкурлардын бирөөңө түшүп, токтобой тегеректен тоголонуп чыгып кетсе, топту кайрадан тоголотуу керек. Эгерде экинчи жолу тоголотулган топ кайрадан чуңкурлардын бирөөнө түшпөсө, чакан таш, топ тоголоткон оюнчунун чуңкуруна салынгандан кийин, оюндун кезеги, кийинки оюнчуга өтөт.