Back

ⓘ Өлдү. Оюнчулар кезектери келгенде бирден тегеректин сыртында турушуп абалак менен тегеректин ортосунда тизилген чүкөлөрдү атып алганга аракеттенишет. Эгерде кез ..




                                     

ⓘ Өлдү

Оюнчулар кезектери келгенде бирден тегеректин сыртында турушуп абалак менен тегеректин ортосунда тизилген чүкөлөрдү атып алганга аракеттенишет. Эгерде кезектеги оюнчу абалак менен ортодогу чүкөгө тийип эле кетсе, ал чүкө "өлтүрүлгөн" болот. Ал оюнчу "өлтүрүлгөн" чүкөнү утуп алгандан кийин калган чүкөлөрдү жаңылып калгыча абалак менен урууга мүмкүндүк бар. Эгерде жаңылыш калса, оюндун кезеги кийинкисине өтөт. Казынадагы чүкөлөр "өлтүрүлүп" бүткөндөн кийин, оюнчулар кайрадан чүкөлөрдү чогулушуп оюнду алар каалаган убакытка чейин уланта беришет. Кеп чүкөлөрдү "өлтүрүп" утуп алган оюнчу жеңүүчү болот.