Back

ⓘ Көп сандагы адамдарды көтөрүү. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ортого чыгышкандан кийин, тегеректеги оюнчулар ага бирден жыгылып калгыча, минишип, асылышып, ..




                                     

ⓘ Көп сандагы адамдарды көтөрүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ортого чыгышкандан кийин, тегеректеги оюнчулар ага бирден жыгылып калгыча, минишип, асылышып, отурушуп турушат. Оюн 2 - 3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп сандагы адамдарды жыгылбай көтөргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

                                     

1. Оюндун эрежеси

Ортодо турган оюнчуларга кыймылдоого, басууга, минген оюнчуларга, буттарын жерге тийгизүүгө, атайын кыймыл жасап, ортодогу оюнчуну тең салмагынан чыгарууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз болушу керек. Оюнчулардын макулдашуусу боюнча, оюнда бакандарды, тактайларды колдонсо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси

Оюнда күч тарбияланат, чыдамкайлыкка, оордуктарды көтөрүүгө үйрөтөт.