Back

ⓘ Таяктын бир учун кармап жерден көтөрүү. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан кармашып, колдорун ийишпей, жерден баштарынын үстүнө чейин түз кө ..




                                     

ⓘ Таяктын бир учун кармап жерден көтөрүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан кармашып, колдорун ийишпей, жерден баштарынын үстүнө чейин түз көтөрүшкөндөн кийин, кайра дагы колдорун ийишпей акырын жерге коюуга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Таяктын бир учун кармап, колун ийбей жерден көп жолу көтөрүп, кайра акырын жерге койгон оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

                                     

1. Оюндун башка түрлөрү

Тирегичтин бир учун кармап көтөрүү, бакандын бир учун кармап жерден көтөрүү, бутакты кармап көтөрүү, күрөктүн сабынан кармап көтөрүү.

Оюндун эрежеси

Колду ийүүгө, экинчи кол менен жардам берүүгө, бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.