Back

ⓘ Ташты дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты дөңгө көтөрүшүп чыгышып, кайра дөңдөн түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар ка ..




                                     

ⓘ Ташты дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты дөңгө көтөрүшүп чыгышып, кайра дөңдөн түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Дөңгө ташты көтөрүп бат чыгып кайра түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

                                     

1. Оюндун башка түрлөрү

Шерикти дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү, малды дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү.

Оюндун эрежеси

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, белгиленген аралыктан тоолук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө

Аспаптардын саны кеп болсо, оюнчулар бир убакытта таштарын көтөрүшүп, дөңгө чыгышып кайра түшүшсө да болот.

Оюндун педагогикалык мааниси

Оюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, оордуктарды көтөрүү жана бир жерден экинчи жерге алып барууну үйрөнүшөт.