Back

ⓘ Сыр айттыруу. Жетекчинин буйругу боюнча оюнчулар өз топтору менен ар тарапка барышын жашынышып, бир бирин аңдышат. Ыңгайлуу убакыт табышып бир топтун оюнчулары ..




                                     

ⓘ Сыр айттыруу

Жетекчинин буйругу боюнча оюнчулар өз топтору менен ар тарапка барышын жашынышып, бир бирин аңдышат. Ыңгайлуу убакыт табышып бир топтун оюнчулары экинчи топтун бир же эки оюнчуларын урдашын, суракка алчу жерге алга барышып, анын кол-буттарын таңышып, кытыгылашып, кыйнашып алардын тобунун сырын айттырууга аракеттенишет. Эгерде колго түшкөн оюнчу суракка чыдабай, өз тобунун сырын айтып койсо, аны жетекчиге айтылган сырдын туура же туура эместигин билүү үчүн алып келишет. Жетекчи топтун сыры туура же туура эместигин, ошондой эле оюндун жыйынтыгын айтат. Ошентип оюн бири биринин сырларын билгиче уланат. Сырды бат билген топтун оюнчулары жеңүүчү болот.

                                     

1. Оюндун эрежеси

Колго түшкөн оюнчуларды суракка алчуу жерден башка жерде сураганга, ал оюнчунун колу-буттарын кайрууга, толгоого, муунтууга, урууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө

Колго түшкөн оюнчуларды шериктери келип аны куткарышып кетүүгө болот.

Педагогикалык мааниси

Күчкө, шамдагайлыкка тарбияланат, чыдамкайлыкка үйрөтөт.