Back

ⓘ Дунгандар - Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Ду ..



Дунгандар
                                     

ⓘ Дунгандар

Дунгандар - Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Дунгандардын ата-бабалары хуэй 19-кылымдын 2-жарымында Кытайдагы Цинь династиясына каршы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияларынан Казакстан жана Кыргызстанга көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан "Хуэймин Бо" гезити, китептер дунган тилинде басылып, радио берүү жүргүзүлөт. КР УИАда Кытайдан тышкары жерлерде жашаган дунгандардын тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдөөчү дунган таануу бөлүмү иштейт. Дунгандар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, дубалы кыштан же саман аралаш топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкысын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салынган секичеде укташкан жана тамактанышкан. Эркектер менен аялдардын улуттук кийимдеринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топчуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шырылган бут кийим, аялдары саймаланып кооздолгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары жана жашылча-жемиштер, анын ичинен крахмалдуу кесме, күрүчтөн даярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пайдаланылат. Күрүчтү жана нанды тузсуз даярдашып, тамакты таякчалар менен жешет. 1994-жылы Кыргызстанда Дунгандар ассоциациясы түзүлгөн. Учурда дунган улутунун өкүлдөрү Кыргызстандын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө. Кыргызстандын адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормочу Ясыр Шивазага Кыргыз ССР эл акыны деген наам ыйгарылган.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →