Back

ⓘ Аксы району. Район облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк четинде жайгашкан ..



                                               

Мундуз

                                               

Кой-таш

                                               

Терс

Аксы району
                                     

ⓘ Аксы району

Район облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк четинде жайгашкан.

Аксы району Өзбекстандын Наманган облусунун төрт району менен чектешет. Аксы районунун Өзбекстан Республикасы менен болгон чек арасынын узундугу 142 км түзөт.

Райондун аймагында азыркы убакта төмөнкү коруктар түзүлгөн жана иштейт:

  • Падыша-Ата мамлекеттик коругу
  • Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу
  • Аркыт токой чарбалыгы 1936-жылы негизделген
  • Жел-Тийбес ботаникалык заказниги
  • Авлетим-Ата мамлекеттик табият паркы
  • Разан-Сай ботаникалык заказниги
  • Балтыркан токой заказниги
  • "Кара-Жыгач аскасы" гидрогеологиялык заказниги табият эстелиги.
                                     

1. Калкы

Кыргызстандын 2009-жылкы элди каттоосу боюнча райондун калкынын саны 113010 адам. Алардын ичинен кыргыздардын саны 107447 адам 95.1 %, өзбектер - 4802 адам 4.2 %, орустар - 305 адам 0.3 %.

                                     

2. Административдик бөлүнүшү

Аксы районунун курамына 11 айыл аймагы кирет:

  • Авлетим айыл аймагы - Авлетим айылы
  • Кашка-Суу айыл аймагы - Кашка-Суу айылы
  • Кош-Дөбө айыл аймагы - Кош-Дөбө айылы
  • Кара-Суу айыл аймагы - Көпүрө-Башы айылы
  • Кызыл-Туу айыл аймагы - Кызыл-Туу айылы
  • Назаралиев Үч-Коргон айыл аймагы - Нарын айылы
  • Кара-Жыгач айыл аймагы - Кара-Жыгач айылы
  • Ак-Жол айыл аймагы - Ак-Жол айылы
  • Жаңы-Жол айыл аймагы - Жаңы-Жол айылы
  • Ак-Суу айыл аймагы - Ак-Суу айылы
  • Жерге-Тал айыл аймагы - Жерге-Тал айылы
                                     

3. Талаш аймактар

Аксы районунун Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек арасынын бөлүктөрүндө 8 талаш жерлер бар, алардын жалпы аянты 513 га. Чек аранын белгисиздиги эки өлкөнүн жарандары ортосунда болуп чыккан чыр-чатактардын негизги себеби.

2002-жылы Аксы районунда калк менен укук коргоо органдары ортосунда жаңжал чыккан. Калктын талаптарынын бири болуп кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимден баш тартуу болгон.

                                     

4. Аксыдан чыккан белгилүү инсандар

Жеңижок Нүзүп Бий Токтосун Тыныбеков Бекназар Баатыр Алымкан Көксулуу

Бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.

Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков 1946-2016, экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →