Back

ⓘ Тынчтыкбек Чоротегин. Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин - тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Тарых Коомунун президен ..



Тынчтыкбек Чоротегин
                                     

ⓘ Тынчтыкбек Чоротегин

Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин - тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Тарых Коомунун президенти.

                                     

1. Чакан өмүрбаян

Бала чагы

1959-жылы 28-мартта Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы Он-Арча кыштагында туулган. Атасы - Кадырмамбет Чороев 1922-1975, энеси - Алия Кыдыраалы кызы 1924-2001.

1966-1974-жылдары Эчки-Башы айылындагы "Коммунизм" орто мектебинде таалим алып, 8-классты бүтүргөн.

Анын биринчи мугалими - Эчки-Башы айылындагы белгилүү педагог Өмүр Абдыкадыров болгон.

Жетинчи класстан тартып чыгармалар жаза баштаган. Алгачкы юмордук жана сатиралык чыгармаларын 8-класста окуп жүргөндөн тартып жарыялай баштаган.

1974-76-жылдары Кыргызстандын Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте окуп, аны күмүш медалы менен аяктаган.

Студенттик курак

1976-жылы Бишкектеги Кыргыз Улуттук Университетинин КУУ тарых факультетине тапшырган.

Ага таалим берген илимпоздордун арасында Кыргыз Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илиминин доктору Анварбек Хасанов, тарыхчы доценттер Мидил Жамгырчинов, Какен Мамбеталиева, Бейше Урстанбеков, Сейне Ксения Сырдыбаевна Искенова, Вольтраут Фрицовна Шелике, Таавалды Мурзабеков, Жаныбек Жакыпбеков, Атыгай Арзыматов, Шакин Есенгараева, Ишенгүл Болжурова, Жумаш Адилбаев, Михаил Николаевич Федоров, философ Роза Отунбаева, ж.б. болгон.

Студент чагында студенттик эмгек кошуундарына мүчө жана комиссар катары ар жылы жай мезгилинде катышкан.

Университеттин "Комсомолдук прожектор" аталган орусча жана кыргызча сатиралык дубал гезитинин редактору болгон. Ар кыл чыгармачыл адабий жана илимий ийримдерге катышкан.

4-курста окуп жаткан чагында ал кездеги илимий жетекчиси А.Хасановдун жолдомосу менен Өзбекстандын борбору Ташкен шаарына барып, 1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшүнө тийешелүү орусиялык падышалык архив материалдарын иликтеген.

5-курста илимий темасын алмаштырып, доцент Мидил Жамгырчиновдун жетегинде орто кылымдардагы Кыргызстан тарыхы боюнча парсы булактарынын маалыматтарын орусча котормосунда иликтеп, атайын дипломдук иш жазган.

1981-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин КУУ тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган.

Оболу 5-курстун башында тарых факультетинин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасына лаборант кызматында иштей баштаган, айрым төмөнкү курстарга семинар да өткөн.

Ал эми жогорку билими тууралуу диплом алган соң, Кыргызстандын Элге билим берүү министрлигинин уруксатына ылайык, Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасында окутуучу болуп калтырылган. Кафедраны анын ошол кездеги илимий жетекчиси М.Б.Жамгырчинов башкарчу.

Жаш окутуучу. Стажер. Аспирант

1981-83-жылдары КУУда эки жыл англис тилинин курсуна катышып, Чилинин социалист президенти Сальвадор Альенде тууралуу англисче монографияны эптеп-септеп орусчага которгон. Бул - анын англис тилин эркин баарлашууга чейинки деөгээлде үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө болгон.

1983-жылдын сентябрынан 1985-жылдын сентябрына чейин Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада окуп, араб жана түрк тилдерин үйрөндү, ара-чолодо өзбек жана уйгур тилдерин өздөштүрдү.

1985-жылдын октябрынан 1988-жылдын декабрына чейин Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуган.

Илимий жетекчиси - өзбекстандык чыгаан чыгыш таануучу, профессор кийинчерээк академик Бөрү Ахмедов болгон.

Аспирантура маалында Москва жана Ленинград шаарларына барып, ал жактардагы илимий китепканаларда иштеген.

Ленинграддагы азыркы Санкт-Петербургдагы Коомдук китепканадан чыгыш таануучу жана скандинав таануучу Омелян Прицактын "Рустун келип чыгышы" аттуу жарым-жартылай тыйуу салынган монографиясын окуп, советтик расмий тарыхнаамага карата кайчы пикири андан ары калыптанган.

Аспирант кезинде Новосибирск, Бишкек ал кездеги Фрунзе, Ташкен шаарларындагы ар кыл илимий жыйындарга катышкан.

1986-жылдан тартып кыргыз тарыхы, Махмуд Кашгаринин мурасы, кыргыз тилинин көйгөйү ж.б. тууралуу макалаларды байма-бай кыргыз жана орус тилдеринде жарыялаган.

Эмгектерине тыйуу салынган Молдо Кылыч, Арстанбек, Молдо Нияз, Осмонаалы Сыдык уулу, Эшеналы Арабай уулу жана башка 1917-жылкы ыңкылапка чейин эле китептери чыккан жана чыгармалары кеңири таркаган даанышмандардын эмгектерин Кыргызстанда кайра жарыялоо тууралуу ойлорун 1986-87-жылдардан тартып илимий жыйындарда ачык айтып, макалаларында орчун маселе катары козгогон.

Ал Кыргызстанда чыгыш таануу факультетин ачуу демилгесин 1988-жылы орусча мезгилдүү басма сөздө көтөрүп чыккан.

Анын кыргыз тилин орус тилинен кем эмес колдонуу зарылдыгы тууралуу Москвадагы "Правда" гезитине 1988-жылы жолдогон макаласы цензуранын айынан жарык көргөн эмес. Бул макала кайра Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине жиберилген. Бирок Михаил Горбачевдун "кайра куруулар" доорунун илеби менен "улутчул аспирантка" каршы катаал чара көрүлбөй калган.

1988-жылдын 14-декабрында Ташкен шаарында Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

                                     

2. Кыргызстандагы коомдук, саясий жана журналисттик ишмердиги

1988-жылдын этегинде Бишкекке кайтып, 1989-жылдын январында КУУнун Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысынын милдетин аткарып калды.

1989-жылдын апрел-май айларында Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын уюштуруу камылгаларын жетектейт. Бул уюм ошол жылы 3-июнда Уюштуруу жыйынында расмий негизделген, Анын отуруму кыргыз тилинде өтүп, орусчага синхрондуу которулуп турган. Котормочулар - алдыңкы студенттер Арслан Капай уулу Койчиев, Венера Койчиева жана Алмаз Кулматов болгон.

Жыйынга жазуучу-диссидент Түгөлбай Сыдыкбеков, кытайлык манасчы Жусуп Мамай келишип, батасын беришкен.

Ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын тымызын каршылыгы менен Т.Чоротегин Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын төрагасы болуп шайланбай калды, бирок уюмдун төрага орун басарларынын биринен болду. Негизинен, уюмду күндөлүк башкаруу ишин ал өзү аткарып келди.

1989-жылдын жайында ал профессор А.А.Чукубаев менен педагог адис Адыл Кожобаевдин калемдештиги астында түзгөн Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхына жаңыча кароого багытталган долбоор советтик Кыргызстандын ошол кездеги Элге билим берүү министрлиги тарабынан колдоого алынып, сентябрда кыргыз жана орус тилдеринде бардык орто мектептер үчүн милдеттүү окуу программа долбоору катары жарыяланган.

Ошол жылдын жай айларында айрым үй куруучу жаштардын бейөкмөт уюмдарынын жобосун түзүүгө кол кабыш кылган.

1990-жылдын февраль айында Бишкектеги жаштардын уруксатсыз нааразылык жыйынында чыгып сүйлөгөн.

Ошол жылы феврал-март айларында оппозициячыл жаштардын коммунисттик бийлик менен саясий талкууларын уюштуруу тобунун жетекчилерине болгон.

1990-жылы май айындагы Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын КДК уюштуруучуларынын бири, анын уставынын долбоорун даярдаган. 1990-жылы октябрда жумурияттагы коммунисттик жетекчиликке каршы саясий ачкачылыкка катышкан.

1991-жылдын апрелинен 1998-жылдын мартына чейин "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги кабарчысы, алгачкы бюро башчысы.

Окутуучулук жана илимпоздук иш-аракетин да уланта берген.

1992-94-жылдары КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасын башкарган.

1994-1997-жылдары КУУнун күндүзгү докторантурасында окуган. Аны ийгиликтүү аяктап, 1998-жылы 10-апрелде Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын тарых институтунда доктордук диссертациясын жактаган.

1998-жылдын апрелинен 2000-жылдын июлунун акырына чейин Лондондо Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын продюсери болуп иштеген.

2000-жылдын 25-июлунан 2011-жылдын 16-августуна чейин ал ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматынын - "Азаттык үналгысынын" Прагадагы башкеңсесинде иштеп келди.

Бул убакыттын ичинде - 2003-жылдын 1-январынан тартып 2010-жылдын 30-сентябрына чейин Т.Чоротегин ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматынын директору болду.

2006-жылга чейин жыл сайын КУУда адистик сабак боюнча дарс окуп келди, калган жылдары ар кыл кыргызстандык университеттерде тарых жана журналистика жаатында ырааттуу жолугушуулар, семинарлар, талкуулар уюштуруп келди.

Ушул тапта - эркин изилдөөчү жана публицист.

2012-жылдын февралынан - Кыргыз Улуттук Университетинин Чөлкөм таануу кафедрасынын профессору 2019-жылы да бул ишти улантты.

"Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин президенти 2012-жылдын 11-февралында шайланды.

2012-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Т. Чоротегинди КТРКнын Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлады.

2012-жылдын сентябрынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинин Чөлкөм таануу кафедрасынын профессору болуп эмгектенет.

Ошол эле учурда, 2013-жылдын 1-сентябрынан тартып 2017-жылдын 4-майына чейин ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын" Мурас” Фондунун Башкармалыгынын Төрагасы кызматын аркалап турду. Андан соң бул кызматка кесиптеши жана үзөңгүлөшү Кыяс Молдокасымов келди. Ал YouTube интернет барагындагы өз баракчасына бир катар оригиналдуу даректүү тасмаларын жарыялаган.

                                     

2.1. Кыргызстандагы коомдук, саясий жана журналисттик ишмердиги Үй-бүлөсү

Алгачкы жубайы – маркум Нургүл Дыйканалиева 13.02.1957-17.09.2012 эле.

Алар 1982-жылы апрел айынын соңку күнү Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында мусулманча никеге туруп үйлөнүшкөн, ошол жылдын 15-майында Бишкек шаарында расмий никелик каттоодон өтүшкөн. Нургүл 2012-жылдын 16-сентябрында капысынан дуушар болгон жалпы инсульт кеселинин айынан он сааттай эс учун толук жоготуп, 17-сентябрга караган таңга маал Бишкектеги Кыргыз улуттук госпиталында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Ал андан соң 2013-жылдын 9-ноябрында Айшат Ботобекова менен баш кошту. Айшаттын кесиби - тилчи. Ал - филология илимдеринин кандидаты, кыргыздын ымдоо-жаңсоо аркылуу маалымат берүү системасын алгачкы болуп иликтеген адис.

Бир уулу Алмаз, төрт кызы бар. Уулу Алмаз Улуу Британиянын борборундагы Лондон Экономика Мектебинин магистрдигин эл аралык мамилелер адисти боюнча аяктаган. Кызы Бегимай Австриянын Виенер Нойштадт шаарындагы университеттин магистрдигин каржы адисти боюнча аяктаган. Каныкей - студент. Канышай менен Айдина орто мектепте окуйт.



                                     

3. Илимий жана педагогдук чыгармачылыгы

Бир катар илимий монографиялардын анын ичинде Махмуд Кашгаринин өмүрү менен мурасына арналган эмгектердин, калемдешип жазылган" Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” 1990 китебинин), калемдешип жазылган окуу китептердин, окуу куралынын, жүздөгөн макалалардын, чакан юмордук китепченин автору.

2012-жылдын 23-июнунда Т.Чоротегин жетектеген чыгармачыл топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулайманов жарыялаган тарых китептери боюнча сынакта жеңүүчү деп табылып, кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын илимий-популярдык усулда жети томдук кылып жазууга киришти.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, АКШ, Британия, Франция, Германия, Чехия жана Франциядагы ар кыл илимий жыйындарга катышкан. Түштүк Сибирде Эне-Сай, Алтайды, Монголияда, Казакстанда, Волга боюнда, Өзбекстандын Жизак, Самарканд аймактарында, Түркияда, Кытайда анын ичинде Ички Монголияда жана Шинжан Уйгур автоном районунда ж.б. жерлерде саякатта болгон.

Илимий жана педагогдук эмгектери кыргыз жана орус тилдеринен башка англис, түрк, немис жана өзбек тилдеринде жарыяланган.

Айрым англис тилиндеги эмгектерди Хайек, МакНейл кыргыз тилине которуп жарыялаган.

Кыргызстанда анын илимий жетекчилигинде тарых илими тармагында эки доктордук иш, төрт кандидаттык иш жакталган.

Т.Чоротегин 1989-жылдан бери жүздөгөн эл аралык жана жергиликтүү илимий жыйындарды, талкууларды, тегерек үстөл жана башка форматтардагы илимий шеринелерди уюштуруп келет.

Ал уюштурууга жандуу катышкан соңку илимий жыйындардын бири - тарыхчы Муратбек Кожобековдун 60 жылдыгына арналган 2018-жылы 23-ноябрда өткөн жыйын болду.

                                     

4. Сыйлыктары. Наамдары

Кыргыз Республикасынын III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган 31-декабрь, 2016.

Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйланган.

Кыргызстан Жаштар Уюмунун илим тармагындагы сыйлыгынын лауреаты Кыргызстан, 1992.

Өзбекстандын Ташкен облусунун илим тармагындагы жаштар сыйлыгынын ээси Өзбекстан, 1989.

Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын анык мүчөсү Кыргызстан, 1994,

Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун сыйлыгынын ээси Кыргызстан, 1995.

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы отличниги” төш белгиси менен сыйланган Кыргызстан, 2003.

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын сыйлыгына татыган Кыргызстан, 2012.

ТүркСОЙ уюмунун медиа тармагындагы эл аралык сыйлыгына татыган Түркия, 2013.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин КМУ, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин НарынМУ жана Талас мамлекеттик университетинин ТалМУ ардактуу профессору 2019.

                                     

5. Айрым китептери жана китепчелери

  • Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу. Махмуд Кашгари Барсканинин "Дивану лугати т-түрк" эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак: Илимий басылыш / Редколлегия: К. С. Молдокасымов төрага, ж.б.; илимий редакторлор профессор Т. Өмүрбеков, доцент К. С. Молдокасымов. – Бишкек:" Турар” басмасы, 2017. - 376 б., сүрөт, карта. –" Мурас” фонду. -" Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - ISBN 978-9967-15-701-9.
  • Чороев Т.К. Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаpи жана анын "Түpкий тилдеp сөз жыйнагы". - Фpунзе: Кыpгызстан, 1990. - 92 б.
  • Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX-XIII вв. Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995. - 208 с. Научный редактор Б.А.Ахмедов. - URL: книга/этнические-ситуации-в-тюркских-регионах-центральной-азии-домонгольского-времени-по-мусульманским-источникам-ix-xiii-вв/
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари Барскани жана анын" Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: 1072-1077. Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - ISBN 5-655-01222-7.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин: Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов. ISBN 9967-00-001-5. – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь. – В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым. – ISBN 5-89750-028-2
  • Тургуналы Т., Асаналиев К., Керимбаев М., Чоротегин Т. Кыргыз Жумуриятынын Конституциясынын долбоору: Альтернативдик долбоор. Проект Конституции Республики Кыргызстан: Альтернативный проект. – Бишкек, 1992. –.
  • Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү: Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине / Редактору Кубат Чекиров; рецензенти Арслан Капай уулу Койчиев; сүрөтчүсү Асан Турсункулов. - Бишкек: "Гүлчынар" басмасы, 2010. - 60 бет, сүрөттөр. - "Азаттык" үналгысы. ISBN 978-9967-409-87-3.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. - Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. - 672 с.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с., илл. - ISBN 5-89750-142-4.
  • Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине".
  • Перелистывая книги ученого, изобретателя, педагога, энциклопедиста: К 80-летию академика У.А.Асанова / Составители И.А.Ашымов, Т.К.Чоротегин, А.З.Жуманазарова, Г.У.Асанова. - Бишкек, 2013. - 376 стр., илл. - ISBN 978-9967-14-114-8.
  • Халлы, Худайберди; Чоротегин, Тынчтыкбек. Өмүр – аккан суу: Нургүл Эсенкул кызы Дыйканалиеванын элесине арналат: Эссе, макалалар, эскерүүлөр, термелер / Жооптуу редактор, баш сөз жазган, эскерүүлөр топтомун, тиркемени, сүрөттөрдү даярдаган жана түркмөнчө тексттен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун "Университет" басмаканасы, 2013. - 204, XII б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-02-932-3.


                                     

6. Айрым окуу китептери жана окуу куралдары

1. Кыргыз тилиндеги окуу куралдары

  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыз Тарыхы: IX - XVIII кк.: Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 7 - класстар үчүн окуу китеби / Жооптуу ред. проф. Т.Кененсариев, М.Иманкулов. – Оңдолуп, толукталган 3-басылыш. Бишкек: Кыргыз Билим берүү академиясынын" Окуу китеби” басма борбору, 2017. – 192 б., сүрөт, карта. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. – Окуу басылма. – ISBN 978-9967-31-644-7. –" Имак Офсет” ЖЧК басмаканасында басылды. – Көлөмү 12.0 басма табак.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин: Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. - Бишкек: "Кыргызстан" басма үйү, 1997. - 156 б.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: VII к. башы - XVIII к. аягы: Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. - Бишкек: "Кыргызстан" басма үйү, 1998. - 128 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: XIX к. башы - 1917-ж.: III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. - Бишкек: "Кыргызстан" басма үйү, 1998. - 196 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: XVII - XX кк. башы: Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. - Бишкек: "Кыргызстан" басмасы, 1995. - 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Чоротегин Т., Осмонов Ө., Өмүрбеков Т., Нурунбетов Б. Байыркы дүйнө тарыхы: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби. - Бишкек: "Шам" басмасы, 2005. - 256 б., карталар. - ISBN 9967-10-228-4.
  • Жалпы билим берүүчү орто мектептердин гуманитардык багыттагы 5-11-класстары үчүн программалар: Тарых / Авторлор: А.И.Идинов жетекчиси, Т.Н.Өмүрбеков, К.С.Молдокасымов, М.Иманкулов, Л.Марченко, Т.К.Чоротегин. - Бишкек: Технология, 1997. - 116 бет.
  • Чукубаев А.А., Чороев Т.К., Кожобаев А.К. Кыргызстандын тарыхы: 1989-1990-окуу жылынын VIII VII, ХI Х класстар үчүн Кыргыз ССРинин тарыхынын курсун тематикалык пландаштыруу // Мугалимдер газетасы. - 1989. - 1-сентябрь.

2. Орус тилиндеги окуу куралдары

  • Омурбеков Т. Н., Чоротегин Т. К. История Кыргызстана XIX в. 8 класс: Учебник для общеобразоват. орг. с рус. яз. обучения / Отв.ред. к.и.н. К. С. Молдокасымов. - 2-е изд., исправ., доп. - Б.: Arcus, 2020. - 176 с., ил., карты. – ISBN 978-9967-31-203-6.
  • Чоротегин Т.К., Омурбеков Т.Н. История Кыргызстана История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до нач. IX в. н.э.: Учебник для 6 кл. средних школ. - Переработ. 2-е изд. - Бишкек: Билим-компьютер, 2012. – 176 стр., илл., карты. – ISBN 978-9967-452-65-7.
  • Чоротегин Т.К., Омурбеков Т.Н., Марченко Л.Ю. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до нач. IX в. н.э.: Нач. курс: Учебник для 6 кл. средних школ. Перевод с кыргызского: Ж.Джудемишова, Ж.Алымкулова. Спец.ред. М.Иманкулов. – Бишкек: Бийиктик, 2005. – 152 стр., илл., карты. – ISBN 9967-415-41-X.
  • Чоротегин Т.К., Омурбеков Т.Н. История Кыргызстана IX-XVIII вв.: Учебник для 7 кл. средних школ. Перевод с кыргызского: Ж.Джудемишова. Спец.ред. О.Осмонов. – Бишкек: Бийиктик, 2005. – 184 стр., илл., карты. – ISBN 5-85580-007-5.
  • Омурбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. История Кыргызстана XIX в. – 1917 г.: Учебник для 8 кл. средних школ. Перевод с кыргызского: М.А.Нуртумова. Спец.ред. О.Осмонов. – Бишкек: Бийиктик, 2005. – 192 стр., илл., карты. – ISBN 5-85580-007-5.
  • Чоротегин Т.К., Омурбеков Т.Н. Учебники по истории кыргызов и Кыргызстана для 6-8 классов средних школ Бишкек, 1996 – 2020. в нескольких изданиях; в соавторстве с профессором Т.Н.Омурбековым.
  • Чоротегин Т.К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: Учебное пособие для студентов-историков / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков. - Бишкек: Кыргыз. нац. университет, 2002. - 22 с. - ISBN 9967-403-49-7.
  • Чукубаев А.А., Чороев Т.К., Кожобаев А.К. Тематическое планирование по истории Киргизской ССР для VIII VII –ХI Х классов средней школы на 1989-1990 учебный год. // Учитель Киргизстана. - 1989. – 8-сентября.

3. Өзбек тилиндеги окуу куралдары

  • Чоротегин Т.К., Ўмурбеков Т.Н. Қадимги Қиргизистон тарихи: Қадимги даврдан эрамизнинг VII бошларигача: Бошлангич курс: Ўрта мактабларнинг 6-синфи учун дарслик: Ўзбекча таржима: Иномжон Бахритдинов, Тоҳиржон Хайруллаев. - Жалолобод, 1998 Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган. - 120 бет сахифа.
  • Чоротегин Т.К., Ўмурбеков Т.Н. Қиргизистон тарихи: Қадимги даврдан эрамизнинг VII асри боши – XVIII аср охири: Иккинчи қисм: Ўрта мактабларнинг 7-синфи учун дарслик: Ўзбекча таржима: Тохиржон Хайруллаев. - Жалолобод, 2000. Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган. - 168 б. – Иккинчи нашридан таржима. Дарсликни узбек тилига Д. Ҳамедова таржима қилди. Муҳаррирлар: М.Т.Мамасаидов, С.Х.Холтураев. – Бишкек, 2004. – 184 б. – ISBN 9967-411-47-3.
  • Омурбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Қиргизистон тарихи: XVIII аср охири – 1917 йил: Учинчи қисм: Ўрта мактабларнинг 8-синфи учун дарслик: Ўзбекча таржима: Тахиржон Хайруллаев. - Жалолобод, 2000. Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган. – 244 бет. - Қайта ишланиб, тулдирилган иккинчи нашридан таржима / Ўзбек тилига Равшанбек Акбаров таржима қилган. Муҳаррирлар: М.Т.Мамасаидов, О.Х.Худайбердиев. – Ўш-Бишкек, 2004. – 176 б. – ISBN 9967-411-46-5.
                                     

7. Айрым илимий жана илимий-жамаагаттык макалалары

Кирилл арибинде ар кыл тилдерде

  • Чоротегин Т.К. Караханийлер доорундагы түрктөрдүн спорт оюндары тууралуу // Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары – Türk Halklarının Geleneksel Spor Oyunları / Tүзгөндөр: А. Мокеев, Ф. Унан, О. Каратаев, О. Йорулмаз, Ж. Алымбаев, Ж. Буйар. – Б.: 2015. – 272 б. - ISBN 978-9967-27-844-8. – Кыргыз-Түрк "Манас" университети. - Б. 241-246.
  • Чороев Тынчтыкбек. К изучению исторических традиций в местной историографии: На примере трудов Осмоналы Сыдык уулу // Исторические чтения: Тезисы докл. и сообщений науч. конф., посвящ. 75-летию член-корр. АН Кирг.ССР проф. Анварбека Хасанова. –– Фрунзе: КирГУ, 1989. –– С.41-43.
  • Чоротегин Т.К. "Манас" дастаны жана Борбордук Азиядагы көөнө жазма маданият // Тил, адабият жана искусство маселелери: Илимий журнал. - № 1. Атайын чыгарылыш. "Манастан" Чыңгыз Айтматовго карай: Проблемалар жана көз караштар": Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары. - Бишкек, 2016. - Б. 3-8. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. - ISBN 1694-6316.
  • Чоротегин Т.К. Актан Тыныбек уулу жана 1916-жылкы Ички Теңир-Тоодогу элдик көтөрүлүш // Үркүн-100: Кылымдар унуткус кыргын: Макалалар, блогдор, маектер, эскерүүлөр / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, В.С.Жуматаева, Б.Сарыгулова, З.Бактыбаев. – Бишкек:" Турар” басмасы, 2017. – Б. 179–197. – ISBN 978-9967-15-689-0.
  • Чоротегин Т.К. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты: Байыркы доор жана орто кылымдардын эрте мезгили // 1-эл аралык байыртадан бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары 3-5-май 2013, Бурса / Китепти басмага даярдаган жана редактору проф., д-р Гүлзура Жумакунова. – Бурса: Улудаг университети басмаканасы, Bilnet Matbaacılık ve Ambalaj San. A.Ş., 2017. – ISBN 978-975-6149-84-3. – XXIV+466 бет. – Улудаг университети жарыялары. – Мында: Б. 173–189.
  • Чоротегин Т.К. Неустанный археолог, историк-кыргызовед и его предки: Штрихи к биографии Ю.С.Худякова и его предков К 70-летию профессора Юлия Сергеевича Худякова // Худяков, Юлий Сергеевич. Военное дело кыргызов Центральной Азии IХ – XVIII вв. / Под. ред. проф. Т.К.Чоротегина. – Бишкек:" Турар”, 2017. – 280 стр., илл., карты. – Фонд" Мурас”. – Серия" История и наследие”. - ISBN 978-9967-15-702-6. - С. 3-30.
  • Чоротегин Т.К. Жусуп Мамайдын жылдыздык нуру // Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин төрага, А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек:" Maxprint” басмаканасы, 2014. – 272 + XII б., сүрөт. -" Мурас” коомдук фонду. –: By Roza Törökulovna Aitmatova. Edited By T. Shaydullaeva And N. Jeenalieva. - Bishkek: Uchkun, 2013. 216 Pages. In Kyrgyz. // Journal of Central and Inner Asian Dialogue. Volume 2, Issue No. 1, Winter 2015. - Print ISSN: 2330-6602. Online ISSN: 2330-6610. – Pp. 78-82. URL
  • Чоротегин Т.К. Историография пост-советского Кыргызстана // Түрк Евразиясындагы жалпылык жана өзгөчөлүк: Түрктөрдүн заманбап жалпы жана чөлкөмдүк тарыхынын методологиясынын көйгөйлөрү: Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары жана башка макалалар / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – С. 287-304. - ISBN 978-9967-12-525-5.
  • Kirgizistan’da Milli Bagimsizlik Icin Mucadele Tarihinden: 1916-1991 // Turk Yurdu, Eylul, No 85, Ankara, 1994. - S. 30-32.
  • Mahmud Kaşgarinin "Divanının" orto kılımadarda cana cañı doordo maalım boluşu tuuraluu // Dil Dergisi. - Ankara. - 1995. - No 27. - S. 33-37. - TÖMER.
  • Kaşgarlı Mahmut // İpekyolu. - İstanbul. - 1995. - Eylül. - Sayı 21. - S. 62-64.
  • Kaşgarlı Mahmut’un Divan’ı ve Manas Destanında Dogu Turklerinin Savaşları // Bozkırdan Bagımsızlıga Manas / Hazırlayan Prof. E. Gursoy-Naskalı. - Ankara: Turk Dil Kurumu, 1995. - S. 160-164.
  • Çorotegin Tınçtıkbek. Kırgız Devletinin Oluşumu: Eski Çağ Ve Erken Orta Çağ // I. Uluslararası Geçmişten Günümüze Kırgız Türk İlişkileri Sempozyumu Bildirileri 3–5 Mayıs 2013 Bursa / Kitabı yayına hazırlayan ve editçrü Prof. Dr. Gülzura Cumakunova. – Bursa, Bilnet Matbaacılık ve Ambalaj San. A.Ş., 2017. – T.C. Uludağ Üniversitesi Yayınları. – 1. Baskı. –– XXII+428 s. – ISBN 978-975-6149-83-6. – S. 61–76.
  • Neue Curricula und Lehrbücher zur Geschichte Kyrgyzstans // Berliner Osteuropa Info: Informationsdienst des Osteuropa-Instituts der Freien Universität Berlin. - Berlin, 1997. - Nr. 9 / Juli. - S. 23.
                                     

8. Котормочулук иш-аракети

  • Ганди, Мохандас Карамчанд. Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян. / Англ. котор. Т. Чоротегин; "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду. – Б.: Аркус бас., 2016. – 240 б., сүрөт. – "Өмүрү өрнөк инсандар" түрмөгү. ISBN 978–9967–27–953–7. M. K. Gandhi. An Autobiography or The Story of My Experiments with Truth. – Translation from English into Kyrgyz by T. Chorotegin. – Китептик вертикалдык вариант.
  • Хайек Ф.А. Жазмыштуу текебердүүлүк: Социализмдин каталары / Англис тилинен кыргызчага которгон Т.К.Чоротегин. - Бишкек:" Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. - 268 бет. – Hayek F.A. The Fatal Conceit: The Errors of Socialism. The Kyrgyz translation by T.Chorotegin. - ISBN 9967-11-025-2.
  • Кеннеди Жон Фицжералд. Каармандык өрнөктөрү / Англис тилинен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. - Б.: Аркус, 2020. - 288 бет. –– "Өмүрү өрнөк инсандар" түрмөгү. –– ISBN 978-9967-9213-4-4.
  • Ганди, Мохандас Карамчанд. Өз өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян / Англисчеден которгон Тынчтыкбек Чоротегин; котормонун ред. Т.Абдиев; адабий ред. Ж.Жапиев. – Бишкек: Аркус басмасы, 2016. – 168 бет, сүрөт. –" Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгү. –" Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду. ISBN 978–9967–27–953-7. 2000 нуска. – Альбомдук горизонталдык вариант.
  • Маомао. Менин атам Дэн Сяопин" маданий ыңкылап” жылдарында / Которгондор Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин, Эсенбай Нурушев. – Бишкек, 2015 – 592 б., сүрөт. –" Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ. –" Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгү. - ISBN - 978-9967-27-745-8. – Маомао. Мой отец Дэн Сяопин в годы "культурной революции". - Мындагы 182-391-беттердеги текстти Т.Чоротегин орус тилинен кыргызчага которду.
  • Кашгари Махмуд ибн Хусейин. Түркий тилдер сөз жыйнагы / Араб тилинен кыргызчалаган Т.Чороев Чоротегин // Байыркы орток түрк адабияты: Байыркы доор жана орто кылымдар мезгили: Хрестоматия / Түзгөн Ж.Шериев. – Бишкек: Шам, 1996. – 85-101-беттер.
  • Макнейл Уильям Г. Батыштын башаты. Адамзат өтмүшүнө кылчаюу. 3 китептен турган басылма. / Которгондор Т.Чоротегин, Т.Абдиев. – Бишкек:" Кыргызстан-Сорос” фонду, 2002. – 1-китеп. – 388 бет. – ISBN 9967-11-133-X. – 2-китеп. – 388 бет. - ISBN 9967-11-134-8. William H. McNeill. The Rise of the West: A History of the Human Community: With a retrospective essay.
  • Бутанаев В.Я." Кыргыз” дареги Саян-Алтай элдеринде Котормо // Кыргызстан маданияты. – 1987. – № 1. – 1 январь.
  • Худяков Ю.С. Енисей кыргыздары жана илим Котормо // Кыргызстан маданияты. – 1987 16 - июль.
  • Жусуп Мамай. Семетей: Үзүндү / Араб графикасынан оодарма // Нарын правдасы. - 1988. – 13-январь.
  • Жамал Карши. Мулкахат ас-сурах Алгы сөз жана кыргызча котормо // Кыргызстан маданияты. - 1989. - 4-май.
  • Айрым Чыгыш мусулман даректеринен үзүндүлөр // Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, 1990. - Б. 275-283.
                                     

9. Т.Чоротегин редакциялаган эмгектер

  • Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.
  • Менин сүрөттүү сөздүгүм: Англисче-кыргызча / Түзгөн Шейла Пембертон; Кыргызчалаган Таалай Абдиев; Редактору Т.К.Чоротегин. – Бишкек:" Кыргызстан – Сорос” фонду, 1997. – 72 б., сүрөт.
  • Кожоналиев С.К. Обычное право кыргызов / Научный редактор Т.К.Чоротегин. Вступит. статья Т.К.Чоротегина. – Бишкек, 2000. – 332 с. – ISBN 9967-11-083-X.
  • Кыргызстандын эң байыркы мезгилдерден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы: Ү.Чотонов ж.б. авторлор коллективи; Которгон С.Олжобаев, Ө.Караев; Илимий ред. Ө.Караев, Т.Чоротегин. – Бишкек, 1998. – 344 б.
  • Азамат Алтай 1920-2006: Азаттык менен демократиянын жарчысы: Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.
  • Өмүрбеков Т.Н. Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы: Тарыхий очерктер. - Бишкек: Макспринт, 2014. - 228 бет. - "Тарых жана мурас" түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-386-1. Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин.
  • Жаркын элеси өчпөйт: Тарыхчы жана педагог Таавалды Мурзабековдун1948––1991 70 жылдыгына: Макалалар топтому / Жооптуу редакторТ.К.Чоротегин. –– Бишкек:" Турар” басмасы, 2019. –– 300+xvi б., сүрөт. –– КР Президентинин Аппаратына караштуу" Мурас” фонду. ––" Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. –– Жусуп Баласагын атындагы КУУ. –– И.Арабаев атындагы КМУ. –– КРУИАсынын Тарых, археология жана этнология институту. –" Тарых жана мурас”түрмөгү. -- ISBN 978-9967-15-959-4.
  • Рысмендеева, Назгүл. Кыргыз элинин чүкө оюндары: Этнографиялык иликтөө / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. Бишкек: Кыргыз жер, 2016. – 176 б., сүрөт. – "Мурас" фонду. – "Кыргыз Тарых Коому" ЭКБсы. – ISBN 978-9967-12-532-2.
  • Ботояров Камбаралы.Көөнөргүс мурас / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Айбек, 1996. ISBN 5-8355-0893-Х
  • Арноо. Arnoo. ارنوو:Көрүнүктүү кыргыз таануучу, профессор Юлий Сергеевич Худяковдун 70 жылдыгына арналган илимий жыйнак / Редколлегия: К.С.Молдокасымов төрага; жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: "Турар" басмасы, 2017. – 188 бет, сүрөт. – "Мурас" фонду. – "Кыргыз Тарых Коому" ЭКБсы. – "Тарых жана мурас" түрмөгү. - ISBN 978-9967-02-942-2.
  • Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган" Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары / Илимий редакторлор Т.К.Чоротегин, О.К.Каратаев. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2018. – 378+ii б., сүрөт. – И.Арабаев атындагы КМУ. –" Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. –" Мурас” фонду. –" Тарых жана мурас” түрмөгү. – ISBN 978-9967-12-767-8. / Науч. ред. Т.К.Чоротегин, О.К.Каратаев. – Бишкек: Изд-во MaxPrint, 2018. – 378+iiс., илл. – Кыргыз. гос. ун-т им. И.Арабаева. – Международное общественное объединение "КыргызТарых Коому". – Фонд" Мурас” при Аппарате Президента Кыргызской Республики. – Серия" История и наследие”. The Proceedings of the international scientific conference devoted to the 60th anniversary of Dr. Muratbek Kojobekov, the scholar who studies the history of the Kyrgyz Khaganate in the Yenissei basin: / Edited by T. Chorotegin, O.K.Karatayev. – Bishkek: MaxPrint Printing House, 2018. – 378+ii p., ill. – The Kyrgyz State University named after I.Arabayev. – The Kyrgyz History Society International Public Association. – The Muras Foundation under the Office of the President of the Kyrgyz Republic. – The History and Heritage Series)
  • Менин биринчи англисче-кыргызча сөздүгүм / Түзгөн Эвелин Гоулдсмит; Кыргызчалаган М.Асаналиев; Редактору Т.К.Чоротегин. - Бишкек:" Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. – 164 б.; сүрөт.


                                     

10. Ал жана анын жашаган доору тууралуу адабият

  • Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегиндин Чороевдин 60 жылдык мааракесине арналган" Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары / Илимий редактор К.С.Молдокасымов. – Бишкек: Турар басмасы, 2019. – 552+iv б., сүрөт. –– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу" Мурас” фонду. –– Кыргыз Республикасынын УИАсынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту. –– Ж. Баласагын атындагы КУУ. – И. Арабаев атындагы КМУ. –" Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. –" Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-15-949-5.
  • Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – Мында: 96-бетте. – ISBN 978-9967-14-087-5.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. = Стр. 499. - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5. – Мында: 421-бетте.
  • Gundula Salk. Die Sanjira Des Togolok Moldo 1860–1942. Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - S. 2-3. - ISBN 978-3-447-06161-2
  • Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата. - Бишкек, 2008. - 84 бет. Мында: 12-13-бетте. - ISBN 978-9967-24-873-1.
  • Karatayev, Olcobay; Yılmaz, Mehmet Serhat; Yakuboğlu, Cevdet." Dîvânu Lugâtit-Türk” Adlı Eserin Tamamlanmasının 940. Yıldönümü: Şarkiyatçı, Tarihçi, Antropolog Prof. Dr. Tınçtıkbek K. Çorotegin’in Araştırmaları // Alınteri Sosyal Bilimler Dergisi. - Kastamonu Üniversitesi, 2017. - Volume 1 2. pp. 89 - 99. - ISSN 2564-6583.
  • Kirgistan. Historia – społeczeństwo – polityka / Tadeusz Bodio red., Aalybek Akunov et. – Warszawa, 2004. Dom Wydawniczy ELIPSA. – 896 s., faks., mapy, rys., tab. Uniwersytet Warszawski. Instytut Nauk Politycznych. - Współczesna Azja Centralna; Współczesna Azja Centralna. – ISBN 8371515316 9788371515316. -
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – Мында: Б. 135. – ISBN 978-9967-25-256-1.
                                     

11. Интернеттеги шилтемелер

  • Чоротегин Т.К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: Учеб. пособие для студентов-историков / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков. - Бишкек: Кырнацуниверситет, 2002. - 22 с. - ISBN 9967-403-49-7."
  • Тарых жана "Манас": Манчжурду кыргыз кылып бурмалаган сүрөт
  • А.АКАЕВ: "Ф.Куловду каматканыма өкүнөм" 1-БӨЛҮК
  • книга/этнические-ситуации-в-тюркских-регионах-центральной-азии-домонгольского-времени-по-мусульманским-источникам-ix-xiii-вв/
  • Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбетович
  • Кыргыз этноними алгач эскерилген окуяларга 2219 жылдай болду
  • Цели и действия Радио" Азаттык” в Кыргызстане благородны орусча блог
  • Кыпчак таануу илиминин чыгаан устаты 80 жашта
  • - Кыргыз цирк өнөрпоздор тобу Германиянын Майнц шаарында
  • Дил маек
  • История Кыргызстана. 8-й класс. Бишкек, 2014.
  • Тынчтыкбек Чоротегин. Нике жашы жана жетилүү курагы кечеңдеп… // "Азаттык" үналгысы
  • поиск-по-автору/?author=Тынчтыкбек%20Чоротегин
  • Чоротегин Т. Артыштык санжырачы Төлөк Төрөкан: Тарыхыбыздын тамыры терең. Азаттык үналгысы. – 11.8.2015.
  • Чыңгыз хан кайсы тилде сүйлөгөн?
  • Чоротегин Т. К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: Учебное пособие для студентов-историков / Отв. ред. проф. Т. Н. Омурбеков. - Бишкек: Кырнацуниверситет, 2002. - 22 с. - ISBN 9967-403-49-7.
  • Кыргызы в древности: часть 1
  • Аким Өзгөн - Ала-Тоого" Азаттыктын” көпүрөсүн орноткон инсан
  • Сталинчилер майтара албаган конструктор
  • Кыргызы в древности. Прототипы Алмамбета: часть 2
  • Тынчтыкбек Чоротегин - Фейсбук социалдык тармагында Тынчтыкбек Чоротегиндин профили кырг.
  • China Xaidulla, Abdysamat Nurakun uulu, Keng Kyr. 27.7.2015
  • 2016-жылдын жыйынтыгы тууралуу орусча маектен
  • Ала-Тоодо" Азаттык” үналгысынын дили да, иши да ак
  • Эпоха, история, заблудший дух
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →