Back

ⓘ Манама – Бахрейн мамлекетинин борбору. Түштүк-Батыш Азияда, Бахрейн аралынын түндүгүндө, Араб деңизиндеги Перс булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 160 миң. Өлкө ..



Манама
                                     

ⓘ Манама

Манама – Бахрейн мамлекетинин борбору. Түштүк-Батыш Азияда, Бахрейн аралынын түндүгүндө, Араб деңизиндеги Перс булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 160 миң. Өлкөнүн эң ири порту. Дүйнөдөгү калк эң аз жайгашкан шаар. Биздин заманга чейинки 1-кылымда арабдар тарабынан негизделген. 6-кылымда перс аскерлери тарабынан басып алынып, 7-кылымда Араб халифатынын аймагына кошулган. Бахрейн 1971-жылы көз каранды эместикке ээ болгондон Манама анын борбору. Мечит, 2 музей, университет, орто жана атайын билим берүүчү мекемелери, педагогикалык окуу жайлары бар. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет жана седеп чогултулат. Манама – Бахрейндин ири экономикалык борбору. Манамадан түштүктө нефть ажыратуу жана нефть-химиялык заводдору, алюминий, кеме ремонттоо, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Манамада Перс булуңундагы өлкөлөрдүн маалымат агентчилигинин штаб-квартиралары жайгашкан. Манама Перс булуңундагы эркин соода кылуучу үч аймактын бири. Туризм өнүккөн.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →