Back

ⓘ Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы. 2012-жылы Кыргызстан жаштар курамасы биринчи жолу Шериктештик Кубогуна катышып, Латвия 2:3, Украина 0:4 жана Молдова ..




                                     

ⓘ Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы

2012-жылы Кыргызстан жаштар курамасы биринчи жолу Шериктештик Кубогуна катышып, Латвия 2:3, Украина 0:4 жана Молдова жаштар курамаларынан утулуп, өз тайпасында акыркы, төртүнчү орунду ээлеген. 9-12-орундар үчүн болгон турнирде кыргыз командасы Түркмөнстан 3:1, Тажикстан 3:1 жана Эстония 2:0 курамаларын жеңген жана тогузунчу орунга ээ болгон. Ошол курамдын маанилүү оюнчулары болуп Мирлан Мурзаев жана Турсунали Рустамов табылган.

Шериктештик Кубогу 2013тө Кыргызстан жаштар курамасы Казакстандан утулуп 1:3, Орусия 0:0 жана Өзбекстан 2:2 менен ийгиликтүү ойноп тең чыгып, кайрадан эле өз тайпасынан чыга албай калган. Ошентип Кыргызстандын командасы өз тайпасынан чыкпай калды. 9-12-орундар үчүн болгон оюндарда Кыргызстан жаштар курамасы Латвияны матчтан кийинки пенальтилер сериясынан жеңген 6:4, андан соң тогузунчу орун үчүн болгон оюнда Эстонияны да пенальтиден жеңген 4:3.

2014-жылы турнирде Кыргызстандын командасы тогузунчу орунду ээлеген.

Кыргызстан курамасы эң ири ийгиликке 2015-жылы өткөн мелдеште жетишкен. Тайпалык мелдеште Орусия жаштар курамасын жеңип 2:1, чейрек финалга өтүп Финляндиядан жеңилип калган 0:1. 5-6-орунда үчүн болгон оюндарда кайрадан Орусияга атаандаш чыгып, бирок бул жолкусунда утулуп калган. Жыйынтыгында Кыргызстан алтынчы орунду ээлеген.