Back

ⓘ Кожобеков, Мурат. Муратбек Кожобеков 1958-жылы 14-октябрда Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Кум-Арык айылында туулган. Атасы - Чалаке Кожобеков. Атасы - заманбап к ..



                                     

ⓘ Кожобеков, Мурат

Муратбек Кожобеков 1958-жылы 14-октябрда Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Кум-Арык айылында туулган.

Атасы - Чалаке Кожобеков. Атасы - заманбап кыргыз тарыхчысы Жаныбек Жакыпбековдун бир тууган агасы болот.

Жакыпбек менен Чалаке - накай уруусунан чыккан Кожобектин балдары.

Мурат Кожобеков 1976-жылы Кум-Арык айылындагы орто мектепти аяктаган. Ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырган. Советтик аскерлердин катарында Сахалинде кызмат өтөгөн. Аскерден келип, окуусун уланткан.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.

Кандидаттык диссертациясын белгилүү чыгыш таануучу, кыргыз таануучу, профессор Өмүркул Караевдин жетекчилиги астында жазган.

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон.

Кыргызстан Улуттук Илимдер академиясында, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде иштеген.

Учурда "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинде иштейт.

Жубайы - Гүлзат.

                                     

1. Илимий жана коомдук ишмердиги

1989-жылы июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын 1995-жылдан бери - Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун мүчөсү болуп калды.

1990-жылдары кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхына байланыштуу ар кыл илимий эмгектерин, макалаларын жарыялады, дарстар окуду, тарыхый жүрүмдү пост-советтик доордо калыс чагылдыруу жараянына салым кошту.

Кыргызстандын тарыхын жаңыча иликтөө боюнча бир катар макалалары жана маектери" Азаттык” үналгысы аркылуу обого чыкты.

                                     

2. Эмгектери

  • Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. - Фрунзе: Илим, 1989. - С. 41 - 66.
  • Кожобеков М.Ч. Орто кылымдардагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын негизги өнүгүү баскычтары V - X кк.: Тарых илим. канд. дисс. авторефераты. - Бишкек, 1997. - 23 б.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →