Back

ⓘ Дунган тили – дунган элинин тили. Син-тибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуштуулар дунган тилин кытай тили же анын диалекти деп эсептеп жүрүшөт. Дунган т ..



                                               

Ясыр Шиваза

Жазуучу Ясыр Шиваза Чүй өрөөнүндөгү Александровка айылында 1906-жылы 18-майда туулган. Ясыр 1930-жылы Ташкенттеги эл агартуу институтун бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы дунган мектебине директор, педагогикалык окуу жайына мугалим болуп иштеп, дунган жазуусун, орфографиясын, алиппесин түзгөн, кийин окуу китептерин жазган. 1931–1938-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасында дунган тили жана адабияты боюнча башкы редактор, 1938–1942-жж. Жазуучулар союзунда консультант жана жетекчи кызмат аткарган. 1942–1946-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1946–1951-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда ...

                                               

Тил элдин байлыгы жана баалуулугу

К. Бообекова, КТМУ. Кыргыз тилин үйрөтүүдө негизги максат - коом ичинде жашаган атуулдарга улуттук аң сезимди калыптандыруу үчүн байланыш куруу болуп саналат. Ушул жерде маанилүү деп ойлогон бир окуяны бергим келип жатат. Кытай элинин улуу даанышманы Конфуцийге жанындагылар бир жолу мындай деп сурашыптыр: - "Эгер сиз өлкөнүн башчысы болсоңуз, эң биринчи эмне кылаар элеңиз?" Улуу философ мындайча жооп бериптир: - "Албетте эң биринчи тилге маани берип, аны оңдоо менен ишти баштамакмын". Бул жоопту уккан элдин баары таң калып, аны карап калышат. Конфуций сөзүн улайт: - Тил системалуу, эрежеге ...

                                     

ⓘ Дунган тили

Дунган тили – дунган элинин тили. Син-тибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуштуулар дунган тилин кытай тили же анын диалекти деп эсептеп жүрүшөт. Дунган тили өзүнчө тил экенин окумуштуулар фактылардын негизинде далилдеген. Дунган тилинде Кытайда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда жашаган дунгандар сүйлөйт. Орто Азияда жашаган дунгандардын тили ганьсу жана шеньси деген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалектинин негизинде түзүлгөн. Дунган тилинин сөздүк курамында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, казак, өзбек жана орус тилдеринен кирген сөздөр кездешет. Дунган тилинин жазуусу 1928-ж. чейин араб, 1928–53-ж. латын графикасында болгон. 1953-жылдан орус графикасында.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →