Back

ⓘ Аскиз маданияты - хакастардын орто кылымдардагы Иртыштан Байкалга жана Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган археологиялык маданияты; Байыркы хакас мамле ..



                                     

ⓘ Аскиз маданияты

Аскиз маданияты - хакастардын орто кылымдардагы Иртыштан Байкалга жана Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган археологиялык маданияты; Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде өкүм сүргөн. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л. Р. Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты Аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы, Енисей жазуулары, өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө мүрзөлөр жана башка кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-кылымда Аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинен Орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу жана христиандаштырылышы Аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →