Back

ⓘ Англия - Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Аянты – 133.395 миң чарчы км. Калкы – 50.7629 млн. Калк жышты ..



                                               

Англикан чиркөөсү

Англикан чиркөөсү - 16-кылымда пайда болгон протестанттык чиркөө; Улуу Британиядагы мамлекеттик чиркөө. Чиркөөнүн пайда болушуна Рим папасы Климент VII жана англия королу Генрих VIIIнин ортосундагы келишпестиктер негизги себеп болгон. 1527-жылы Генрихтин чиркөөдөн бөлүнүү тууралуу сунушун Рим Папасы четке каккан соң, ага жооп иретинде Англия чиркөөсүнүн Римге баш ийбөөсү тууралуу жарыялаган. Ошол күндөн баштап Англикан чиркөөсүнүн башчысы катары англия монархы эсептелет. Бирок негизинен монарх тарабынан дайындалган жогорку иерарх-архиепископ Кентерберийский иш жүргүзөт. Протестантизмдин ба ...

                                               

8 Январь

1851 - Физик Жан Бернар Леон Фуко Жер шары айланып турарын тастыктаган. 1815 - Англия менен Американын акыркы салгылашы болгон.

                                               

Би-Би-Си

Британ көп тармактуу корпорациясы, кыск. "Би-би-си" - радио комплекс-, интернет- жана Улуу Британия телеберүүсү. Бүткүл дүйнөлүк Би-би-си кызматы жүргүзгөн ички жана сырткы Интернет-, радио- жана телеберүү медиакорпорациясы. Корпорация мамлекеттик эмес ММК болуп саналат. Көзөмөлдү атайын уюшулган коомдук кеңеш жүргүзүп турат, Кеңеш англия канышасы тарабынан тандалган жана дайындалган 12 адамдан турат.

                                               

Златан Ибрагимович

Златан Ибрагимович - Босния жана Герцеговиналык швед футболисти. Англия Премьер-Лигасындагы "Манчестер Юнайтед" командасында ойноп жатат. Евро-2016дан кийин Швед улуттук футбол курамасында ойноону токтоткон.

                                               

Жон Дигвид

Жон Дигвид - Гастингсте туулган англиялык дижей, музыкалык продюсер жана актер. DJ Magazine журналы боюна Дигвид 2001-жылы көпчүлүктүн добушу менен №1 DJ - дүйнөдөгү эң мыкты дижейи болгон.

                                               

Лэмпард, Фрэнк

Фрэ́нк Дже́ймс Лэ́мпард - англиялык футболист, жарым коргоочу.Англиялык "Челси" клубунун оюнчусу. Өзүнүн алыскы аралыктан соккуулары жана жарым коргоочулук милдетти өтөп жүрүп көп гол жарата алгандыгы менен белгилүү. Лемпард футболдук карьерасын, өзүнүн атасы катары эле "Вест Хэм Юнайтед" командасында баштаган. 1997/98 ж футболдук сезондо "Вест Хэм Юнайтедтин" башкы курамында туруктуу оюн көрсөтө баштайт, ошол эле сезондо командасынын Англия Премьер Лигасында бешинчи орун алышына чоң салым кошкон. 2001-жылы 11 млн фунтка Лондондук "Челси" клубунун катарын толуктайт. "Челси" футбол клубунун ...

                                               

Портал:Биология/Инсан

Жеймс Эдвард Смит - англиялык ботаник, Лондондогу Линней коомунун негиздөөчүсү. Өсүмдүктөрдүн систематикасы тууралуу жазуулары менен белгилүү болгон, алардын ичинен Улуу Британиянын флорасы негизги орунда турат. 780-жылдары химияны профессор Джозеф Блэктен, ал эми табят таанууну профессора Джон Уокерден Эдинбург университетинен билим ала баштаган. Калганын окуу.

                                               

Диггерлер

Диггерлер - Англия буржуазиялык революциясындагы революциячыл демократиянын сол тарабынын өкүлдөрү, алар дыйкандар менен шаар кедейлеринин мүдөөсүн көздөшкөн. Диггерлерлер 1607-ж. Борбордук Англиядагы дыйкандар көтөрүлүшүнөн улам пайда болгон. Революциянын буржуазиялык-демюкр. этабында 1647- 49 адамды адам эзүүнү билбеген "эркин республика", коллективдүү менчик, коллективдүү эмгек идеалын жарыялашкан. Бирок, өкмөттүк катуу кысымчылык менен куугунтуктоодон улам 1650 Диггерлердин кыймылы натыйжасыз калган.

                                               

Дельфинарий

Дельфинарий – деңиз суусу толтурулуп, дельфиндерди изилдөө, үйрөтүү, келгендерге көрсөтүү үчүн курулган чоң аквариум. Алгачкы дельфинарий АКШда 1938-ж. курулган, азыр АКШ, Япония, Кытай, Англия, Түштүк Африка, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Германия, Дания, Норвегия, Украина жана башка өлкөлөрдө бар.

                                               

Бульдог

Бульдог - иттин бир түрү. Ал Англияда чыгарылган. Боюнун бийиктиги 50 см, көкүрөгү жайык, башы жалпак, чоң тумшук, алдыңкы жаагы салыңкы, өңү темгил, сары, чаар. Англия Бульдог үй кайтаруу үчүн пайдаланылат. Франция Бульдог кичине жана сымбаттуу. Боюнун бийикт, 30-40, см. Башы тоголок, чоң, кулагы тик, буту кыска, өңү чаар, куу, темгил сары.

                                               

Гректердин улуттук-боштондук революциясы (1821-29)

Гректердин улуттук-боштондук революциясы, Көз карандысыздык үчүн гректердин согушу - грек элинин түрк үстөмдүгүнөн кутулушун жана өз алдынчалыгын камсыз кылган революция. Бул революцияны грек патриоттору 1814-ж. Одессада түзгөн "Филики Этерия" деген жашырын коом даярдаган. Коомдун башында орус кызматындагы генерал Ипсиланти турган. 1821-ж. марттын аягында башталган көтөрүлүш алгачкы 3 айда Мореяны Пелопоннести, континент Грециясы менен Эгей деңизиндеги бир катар аралдарды камтыган. Грецияда ушундайча башталган революциянын кыймылдаткыч күчү дыйкандар, жетекчиси улуттук буржуазия болгон. 18 ...

                                               

1 апрель

Кипр - Кипрдин улуттук майрам күнү. Украина - Одесса, Юморина Сан-Марино - Улуттук майрам. ТАР - Үй-бүлө күнү. Мальта - Эркиндик күнү 1979. Эл аралык күлкү күнү. Жапония - Мияко одори весенний фестиваль танца. Иран - Ислам Республикасынын күнү 1979, Улуттук майрам. - Эл аралык канаттууларды коргоо күнү.

                                               

Севр тынчтык келишими (1920)

Севр тынчтык келишими - Версаль-Вашингтон системасынын келишимдеринин бири. Биринчи дуйн. согушта жеңген союздаш державалар менен Турциянын ортосунда 10-августта Парижге жакын Севр шаарында түзүлгөн. Келишим боюнча Турция бардык ээлигинен ажырап, аймагы 4 эсе азайган. Кара деңиз кысыктарынын зонасы толук куралсыздандырылып, эл аралык "Кысыктар комиссиясынын" контролдугуна өткөн. Капитуляция режими калыбына келтирилип, чындыгында Турция өз алдынчалыгынан ажыраган. Турк армиясы Англия Греция интервенциясын женген соң 1922 Севр тынчтык келишими Лозанна тынчтык келишими 1923 менен алмаштырылган.

                                               

Коопсуздук чаралары

Коопсуздук чаралары – көптөгөн чет өлкөлөрдүн кылмыш-жаза укуктарындагы жаза менен бир катардагы жаза-укуктук таасир этүү чараларынын бири. К. ч-н колдонууну кылмыш-жаза укугунун социологиялык мектеби сунуштаган. Жазадан айырмалуу К. ч. кылыгы үчүн жазалоо же коркутуу максаттарын көздөбөйт, ал эми кылмыш жасаган же болбосо коомдук коркунучтуу жосун жасоочу кишинин "коркунучтуу абалын" алып салууга багытталат. Ошондуктан алдынала камакка алуу негизги К. ч-нын бири болуп саналат. К. ч-н көздөгөн алдын алуу максаттарына жеке адамды бейтарапташтыруу, болбосо ресоциализациялоо менен жетишилет. ...

Англия
                                     

ⓘ Англия

Англия - Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Аянты – 133.395 миң чарчы км. Калкы – 50.7629 млн. Калк жыштыгы – 395 киши. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% Англияга туура келет. Борбору – Лондон. Урааны - Dieu et mon droit / Кудай жана менин укугум. Тили – англис. Мамлекеттик дини – англикан чиркөөсү.

                                     

1. Аталышы

"Англия" деген ат көп учурда Улуу Британия мамлекетин билдирет. Кээде Англия деп Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны да аташат. Англия 5, 6-кылымдарда Британиянын аймагына көчүп келген герман уруусу англдардын атынан аталып калган.

                                     

2. Тарыхы

927-жылы негизделген. Уэссекс Королдугунун негизинде түзүлүп 519-917-жж., кийин Улуу Британия Королдугуна негиз болду 30 апрель 1707 жыл – 1 январь 1801 ж.

                                     

3. Географиясы

Улуу Британия аралынын чоң бөлүгүн ээлейт. Түндүктө - Шотландия, батышта – Ирландия менен чектеш. Ири шаарлары: Лондон, Бирмингем, Лидс, Шеффилд, Ливерпул, Манчестер. Борбор шаары - Лондон

                                     

4. Экономикасы

Акча бирдиги - фунт стерлинг. Улуу Британиядагы казылып алынган темир жана көмүр кенинин дээрлик баары Англиядан чыгат. Машина куруу, химия, тамак-аш, кара металлургия, оор машина Шеффилд, Дерби, кеме Ньюкасл, Мидлсборо куруу, болот эритүү, металл иштетүү Бирмингем, көмүр казып алуу, кездеме токуу Брадфорд, Лидс ж.б. өнөр жай тармактары өнүккөн. Айдоо аянттарында буудай, арпа, кант кызылчасы өстүрүлөт. Уй, кой, үй куштары багылат. Транспорттун бардык түрү өнүккөн. Ири порттору: Лондон, Ливерпул, Манчестер, Саутхемптон, Халл, Бристол ж.б.

                                     

5. Административдик түзүлүшү

Англия административдик-аймактык жактан 46 графтыкка жана Чоң Лондонго бөлүнөт.

Маалымат булактары:

  • Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 393, 394-бб.
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →