Back

ⓘ Кино таануу - кино тууралуу илим; кино искусствосунун теориясын жана тарыхын, анын ичинде актёрдук чыгармачылыкты, режиссураны, кинодраматургияны, киномузыканы, ..



                                     

ⓘ Кино таануу

Кино таануу - кино тууралуу илим; кино искусствосунун теориясын жана тарыхын, анын ичинде актёрдук чыгармачылыкты, режиссураны, кинодраматургияны, киномузыканы, оператордук жана сүрөтчүлүк өнөрдү ж. б. изилдейт. Кино таануу кино искусствосунун учурдагы абалына талдоо жүргүзүүчү кино сыны менен түздөн түз байланыштуу. 1950-жылдардын ортосунан кино таануунун дүркүрөп өсүү доору башталып, анын теориялык деңгээли жогорулады, дүйнөлүк кино тарыхы терең изилдөөнү талап кылды. Ошол максатта СССРде борбордук жана республикалык искусство таануу институттары уюшулган. Кыргызстанда кино таануу 1960-жылдардын аягында башталган. Анын туңгуч өкүлдөрү: К. Ашымов, С. Асанбеков, С. Бөкөнбаев, К. Матиев ж. б. К. Ашымовдун "Кыргызское кино" аттуу көлөмдүү эмгеги улуттук кино таанууда көрүнүктүү орун ээлеген. Кыргыз кино таануусунда Г. Төлөмүшова, В. Михайлов, А. Молдалиева сыяктуу кино таануучулардын жаңы мууну пайда болду.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →