Back

ⓘ Миссури – АКШдагы дарыя, Миссисипинин ири оң куймасы. Узундугу 4740 км, алабынын аянты 1370 миң км 2. Аскалуу тоолордун чыгыш капталдарынан, Иеллоустон ул. парк ..



                                               

Дайынсыз аял

"Дайынсыз аял" 2014-жылы Америкада тартылган психологиялык триллер жанрындагы тасма. Режиссёру Дэвид Финчер, сценарийин ушул эле аталыштагы романдын автору Жиллиан Флинн жазган. Фильмде Бен Аффлек, Розамунд Пайк, Нил Патрик жана Тайлер Перри роль жаратышкан. Түштүк-батыш Миссуриде тартылган тасма Ник Дунндун жубайы Эминин заматта жоголуп кеткенине жолдошунун башкы шектүү катары саналып калышынын айланасындагы сырдуу окуя менен башталат. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 52-Нью Йорк кино фестивалынын ачылыш кечесинде 2014-жылдын 26-сентябрында болгон. Ал эми өлкө боюнча кинотеатрларда 3-октябрда ...

                                               

Диоксин

Диоксин – чөйрөгө терс таасир этүүчү химиялык уулуу зат; полихлордошкон дибензодиоксин тобуна кирет. Диоксин химиялык, целлюлоза-кагаз, металлургия жана башка өнөр жай тармактарынан чыккан булгоочу зат болуп эсептелинет, ошондой эле өнөр жай жана тиричилик калдыктарын, коргошун кошулмалары бар бензинди, дизель отунун жана башкаларды жакканда, токой өртүндө да пайда болот. Диоксин өтө туруктуу бирикме болгондуктан, топуракта, өсүмдүктө жана адам организминде топтолот. Бүгүнкү күндө диоксиндин канцерогендик жана мутагендик касиетке ээ экендиги аныкталууда. Айрым чет өлкөдө диоксиндин адам ор ...

Миссури
                                     

ⓘ Миссури

Миссури – АКШдагы дарыя, Миссисипинин ири оң куймасы. Узундугу 4740 км, алабынын аянты 1370 миң км 2. Аскалуу тоолордун чыгыш капталдарынан, Иеллоустон ул. паркынын чегинен башталган Жефферсон жана Мадисон сууларынын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгү Аскалуу тоолору, Миссури платосу, Борбордук түздүктөр аркылуу агат. Ири куймалары: Йеллоустон, Платт, Канзас. Жогорку бөлүгүндө кар, ортонку жана төмөнкү агымдарында негизинен жамгыр сууларынан курулат. Жазында суусу кирип, кыян жүрөт; жайында тартылат. Орточо чыгымы чатында 2600 м 3 /сек. Суусу өтө киргилт, ылайлуу. Жылына 220 млн тонна шиленди агызып келет. Миссуридеги жана анын алабындагы ири суу сактагычтар дарыя агымын, ирригацияны, энергетиканы жөнгө салып турат. Ири дарыя кемелери Су-Сити, чакандары суу мол кезде Форт-Бентон шаарына чейин жетет. Маанилүү шаарлары жанаа порттору: Омаха, Канзас-Сити ж. б.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →