Back

ⓘ Тасмола маданияты, Ташмоло маданияты - алгачкы темир дооруна таандык археологиялык маданият. Негизинен Борбордук Казакстанга тараган. Павлодар областынын Куйбыш ..



                                     

ⓘ Тасмола маданияты

Тасмола маданияты, Ташмоло маданияты - алгачкы темир дооруна таандык археологиялык маданият. Негизинен Борбордук Казакстанга тараган. Павлодар областынын Куйбышев районундагы Тасмола капчыгайынын атынан аталган. Анда ушул маданиятка мүнөздүү мүрзө табылган. Тасмола маданиятынын мүрзөсү адатта чоң жана ага жанаша кичине дөбөдөн турат. Өлүк көргө түштүктү баштантып коюлуп, мүрзө таш плиталар менен жабылган. Кичине дөбөгө адатта ат жана карапа идиш көмүлгөн. Тасмола маданиятынын уруулары көчмөн малчылар болуп, сөөк менен металлдан мыкты буюмдарды жасай билишкен. Анын колдонмо өнөрүнө айбанаттар стили мүнөздүү. Тасмола-1, -2, -3, -5, -6 маданияттарына тиешелүү көрүстөндөр тобун алгач 1946–59-жылдары археологдор А. Маргулан менен анын шакирти М. Кадырбаев изилдеген.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →