Back

ⓘ Өпкө чабыш - улуттук оюндардын байыркыларынын бири. Ал аш-тойлордо ойнолгон. Эки тараптан эки таз кишиге мыкты аттарды мингизип, бөктөрүнчөк байлап, жылаңбаш, к ..




                                     

ⓘ Өпкө чабыш

Өпкө чабыш - улуттук оюндардын байыркыларынын бири. Ал аш-тойлордо ойнолгон. Эки тараптан эки таз кишиге мыкты аттарды мингизип, бөктөрүнчөк байлап, жылаңбаш, камчы ордуна ашка же тойго союлган жылкылардын өпкөсүн кекиртеги менен колдоруна берип, коштоочулардын жетекчилиги менен беттештирет. Эки-үч ирет чабышкандан кийин эле жумшак өпкө үзүлүп түшүп, колдорунда кекиртеги калат. Бүтүн кекиртек камчыдан да катуу, бекем болот. Кекиртек менен чапкылаганда чыдай албай качканы жеңилди болуп эсептелет.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7