Back

ⓘ Оюн-зоок ырлары - көңүл ачуу кечелеринде жана ар түрдүү оюндардын учурунда ырдала турган элдик ырлар. Негизинен балдар жана жаштар Оюн-зоок ырлары деп эки топко ..




                                     

ⓘ Оюн-зоок ырлары

Оюн-зоок ырлары - көңүл ачуу кечелеринде жана ар түрдүү оюндардын учурунда ырдала турган элдик ырлар.

Негизинен балдар жана жаштар Оюн-зоок ырлары деп эки топко бөлүнөт.

                                     

1. Балдардын Оюн-зоок ырларына:

  • "Токту сурамай",
  • "Чикилдектин зуулдоосу" ж. б. ыр­лар кирет.
  • "Ак терек, көк терек",
  • "Эл чабар",

Бул ырлар балдар оюнунун иреттүү өтүшүнө, алардын көңүл ачышына негизделген. Жаштардын Оюн-зоок ырларына "Селкинчек ыры" мисал. Ал ырдын эл арасында бир нече варианты бар. Алардын баарында тең жаштарды көңүл ачууга үндөгөн ой- кыял, сырдаштык мамиле туюнтулат. Революциядан кийин социалдык турмуштун жаңыча түр, мазмун алышына байланыштуу Оюн-зоок ырлары музыкалык фольклордун үлгүсү катары опералык чыгармаларда да пайдаланыла баштады.

                                     

2. Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.