Back

ⓘ Афанасьев маданияты. Калып:Археологиялык маданият Афанасьев маданияты - биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын башында Түштүк Сибирдин Минусин ойдуңунда, жогорк ..



Афанасьев маданияты
                                     

ⓘ Афанасьев маданияты

Калып:Археологиялык маданият

Афанасьев маданияты - биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын башында Түштүк Сибирдин Минусин ойдуңунда, жогорку Енисейде жана Алтайда таралган археологиялык маданият. Енисей дарыясынын жээгиндеги Афанасий тоосунун жанындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган 1920. Көрүстөндөрдүн тегереги бир катар тизилген таш менен курчалган. Сөөк бүрүшгүрүлүп коюлуп, анын жанынан карагайдын бүчүрүнө окшош оймо-чиймеси бар, жумуртка формасындагы кырдуу карапа идиштер да табылган. Түбү жумуру идиштер акырындап, түбү жалпак идиштер менен алмашылганы байкалат. Социалдык түзүлүшү боюнча аталык доорго туура келет. Оттук таштан жасалган жебелердин учтары, таш токмоктор кезигет. Көрүстөндөрдөн Амударыясынан кезигүүчү мончокко окшогон үлүлдөрдүн кабыгы да табылган. Бул сибирдик энеолит адамдарынын орто азиялыктар менен болгон байланышын күбөлөндүрөт. Үй жаныбарларынын сөөктөрү жапайы айбандардын сөөктөрүнө караганда көптүк кылат. Чарбасы негизинен малчылык болуп, уй, кой жана жылкы өстүрүшкөн. Төбөсү устун менен жабылган, жер үйлөрдөн турган турак жайлары болгон. Бычактар, шакектер, ийнелер, балталар, эгин оруучу ороктор жана жез канжарлар табылган. Жез буюмдарынын бардыгы металлды муздак согуу жолу менен жасалган. Ушул өңдүү табылгалар кийин Синьцзяндан да табылган.

                                     

1. Колдонулган булактар

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967 - 14 - 046 - 1

Калып:Евразиядагы коло доору

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →