Back

ⓘ Дарек таануу - тарыхый даректи изилдөө ыгын жана методун иштеп чыгуучу Жардамчы илимий дисциплина. Дарек таануу коомдун күндөлүк турмушунда алгачкы документти а ..



                                               

Папирус

Папирус - ыраңдар тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. Сабагынын узундугу 5 м, учунда чатырчадай чоң топ гүлүжайгашкан. Үч кырдуу, калың жалбырагы түбүнөн өсүп чыгат. Папирус Африкада суунун жана көлдүн жээгинде, жай аккан сууларда өсөт. Анын сабагынан тамак, кездеме, бут кийим жана башка жасалат. Папирус кооздук үчүн да өстүрүлөт. Байыркы заманда жана орто кылымдын башында Папирус өсүмдүгүнөн даярдалган жазма материал, ошондой эле ал материалдагы кол жазма к. Па­пирология. Байыркы Египетте б. з. ч. З-миң жылдыктын башында пайда болуп, б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунан Жер Ортолук деңиздин ...

                                     

ⓘ Дарек таануу

Дарек таануу - тарыхый даректи изилдөө ыгын жана методун иштеп чыгуучу Жардамчы илимий дисциплина.

Дарек таануу коомдун күндөлүк турмушунда алгачкы документти аныктоонун иштелип чыккан эрежелеринен пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда гуманисттер Л.Балла, У. фон Гуттеа ж. б. байыркы тексттерди илимий жактан сынга алышкан. 17-кылымда дипломатиянын өнүгүшүнө байланыштуу документтерди илимий изилдөө методикасын түзүүгө аракет жасалган.

18-кылымдын аягы - 19-кылымдын 1-жарымында немец илимпоздору A. А. Шлецер, Б. Г. Нибур жана Л. Ранк тарыхый сындоо методун иштеп чыккан. Батыш Европа жана Россия окумуштууларынын дарек таануу боюнча эмгектери дүйнөгө идеалисттик көз караштын негизинде жазылган. Жазуу түрүндөгү даректи талдоонун негизги методу - дарек тааануу боюнча изилдөө жүргүзүү. Ал даректен айрым фактыларды тандап алууга мүмкүндүк берүүчү анализден жана синтезден анын милдети даректердин комплексинен фактылардын жыйындысын алуу түзүлөт.

Түшүндүрмө даректердин санжыра, публицистика ж.б. чындыгын далилдөө 3 милдети чечүүгө тийиш: информация пайда болгондогу шартты белгилөө; автордун ташык жана саясий кызыкчылыгын аныктоо; конкреттүү билдирүүлөрдү текшерүү. Бардык зарыл даректерди изилдегенден кийин тарыхчы дарек таануу синтезине киришет. Синтез процессинде мурда алынган маалыматтар жыйынтыкталат, даректин ырастыгы жана толуктугу салыштырылат, алардын ортосундагы генеалогиялык байланыштар белгиленет.

Азыр кыргыз дарек таанууда теориялык проблемалар иштелип, математикалык метод жана компьютер колдонулууда. Кыргызстанда дарек таануу илимий изилдөө иштерин КРИУАнын Тарых институтунун дарек таануу сектору жүргүзөт.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →