Back

ⓘ Шор суулар - курамындагы туз эритиндилеринин өлчөмү 50 глден жогору келген табигый жана жасалма суулар. Химия өнөр жайынын маанилүү сырьёсу, ошондой эле дарылоо ..



                                     

ⓘ Шор суулар

Шор суулар - курамындагы туз эритиндилеринин өлчөмү 50 г/лден жогору келген табигый жана жасалма суулар.

Химия өнөр жайынын маанилүү сырьёсу, ошондой эле дарылоо мекемелеринде пайдаланылат. Хим. курамына жараша Шор суулар 4 типке: хлор-кальцийлүү, хлор-магнийлүү, сульфатнатрийлүү жана гидрокарбонат-натрийлүү болуп бөлүнөт. Жер шарында кеңири таралган хлоркальцийлүү Шор суулар континенттик кыртыштагы боштуктарды толтуруп, жер астындагы гидросфераны түзөт. Ал суулар курамындагы Br, I, В, Li, Rb ж. б. микрокомпоненттердин концентсынын жогорулугу менен айырмаланат. Мындай суулар океандагы рифт зоналарынан да чыгаары аныкталган. Жер бетинде бул суулар туруксуз келишип, сейрек кездешет. Ага кургак климат өкүм сүргөн аймактардагы жана шарты өзгөчө келген Батыш Антарктидадагы кургакчыл өрөөндөрдөгү Ванда, ДонЖуан ж. б. көлдөр көл суулары кирет. Жер бетинде туруктуу келген хлор-магнийлүү Шор суулар негизинен океан жана деңизден бөлүнүп калган көлдөрдө, коралл аралдарынын ортосундагы туюк лагуналарда Тынч океандагы Эндербери ж. б. кездешет. Хлор-магнийлүү Шор суулар сыяктуу эле, сульфат-натрийлүүсү да кургакчыл климат шартында пайда болот. Айырмасы континенттердин ички бөлүгүндө, агын суулардан жана жер астындагы суулардан куралган көлдөргө таандык. Мис., Орто Азиянын, Казакстандын жана Алтайдын Россия кургакчыл аймактарындагы көлдөр. Гидрокарбонат-натрийлүү Шор суулар альп тоо бүктөөлүү кырчоолорунда жана жаш рифт зоналарында кездешип, жер бетине терм-минералдык булактары түрүндө чыгат.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • "Кыргызстан". Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →