Back

ⓘ Кыргызстан шаарлары - Өзбекстан, Чыгыш Түркстан, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшү, Бавария, Миссури, Air Kyrgyzstan, Англия, Баткен ..



                                               

Өзбекстан

Өзбекстан - Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. "Өзбекистан" жана "Өзбекстан Республикасы" деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана, Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

                                               

Чыгыш Түркстан

Чыгыш Түркстан – түндүгү Теңир-Тоо, түштүгү Куэньлун, батышы Алай тоолорунан Турпан ойдуңуна чейинки тарыхый-географиялык аймак. Аны кытайлыктар 18-кылымдын жарымынан" Синьцзян” –" Жаңы чек” деп атай башташкан. Орто кылымдарда Чыгыш Түркстан Жети-Суу, Кыргызстан, Фергана жана Орто Азиядагы башка аймактар менен бир мамлекеттерге баш кошуп тургандыктан, алардын аймагы жалпысынан" Түркстан” деп аталган. Негизги шаарлары Кашкар, Жаркент, Хотан, Куча болгон. Азыр Чыгыш Түркстан аймагы Шинжаң-Уйгур автономия району катары Кытай Эл Республикасына карайт. Бул тарыхый райондо уйгур, казак, дуңган, ...

                                               

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшү

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшү 3 тепкичтен турат. Биринчи деңгээлге облустар жана республикалык деңгээлдеги Бишкек жана Ош шаарлары кирет. Экинчи баскычта райондор жана областык баш ийүүдөгү шаарлар. Райондор айыл өкмөттөрүнөн жана райондук баш ийүүдөгү шаарлардан турат. Райондордун саны - 44 Айыл өкмөттөрүнүн саны - 493 Шаарларынын саны - 31 Облустардын саны - 7.

                                               

Бавария

Бавария - Германиянын түштүгүндөгү тарыхый облустук жана административдик аймактык бирдик. Аянты 70.6 миң км 2. Калкы 12.06 млн. Административдик борбору Мюнхен шаары, ири шаарлары: Нюрнберг, Регенсбург. "Бавария" аталышы 6-кылымдын ортосунда азыркы Бавария аймагынын көбүн жана андан түштүк жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон Шнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун ...

                                               

Миссури

Миссури – АКШдагы дарыя, Миссисипинин ири оң куймасы. Узундугу 4740 км, алабынын аянты 1370 миң км 2. Аскалуу тоолордун чыгыш капталдарынан, Иеллоустон ул. паркынын чегинен башталган Жефферсон жана Мадисон сууларынын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгү Аскалуу тоолору, Миссури платосу, Борбордук түздүктөр аркылуу агат. Ири куймалары: Йеллоустон, Платт, Канзас. Жогорку бөлүгүндө кар, ортонку жана төмөнкү агымдарында негизинен жамгыр сууларынан курулат. Жазында суусу кирип, кыян жүрөт; жайында тартылат. Орточо чыгымы чатында 2600 м 3 /сек. Суусу өтө киргилт, ылайлуу. Жылына 220 млн тонна ...

                                               

Air Kyrgyzstan

2005-жылы Президенттин указы жана 2006-жылы Өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. 2005-жылы "Кыргызстан" авиакомпаниясы аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын IATA - International Air Transport Association аккредитациясынан өткөн, ошондой эле клиринг транспорт палатасынын Москва шаары мүчөсү. "Кыргызстан" авиакомпаниясы - Кыргыз Республикасынын жүк жана жүргүнчү ташуучу расмий компаниясы. Анын самолёттору Кытай, Россия, Бириккен Араб Эмирликтери, Өзбекстан, Казакстан ж. б. өлкөлөргө учат. Эл аралык Бишкек - Дубай - Бишкек; Бишкек - Москва - Бишкек ж. б. жана өлкө ичиндеги Бишкек - Баткен; ...

                                               

Англия

Англия - Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Аянты – 133.395 миң чарчы км. Калкы – 50.7629 млн. Калк жыштыгы – 395 киши. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% Англияга туура келет. Борбору – Лондон. Урааны - Dieu et mon droit / Кудай жана менин укугум. Тили – англис. Мамлекеттик дини – англикан чиркөөсү.

                                               

Кемин району

Райондук маанидеги шаарлары: Орловка; Кемин; Райондун шаар тибиндеги посёлоктору: Борду; Райондо 11 айыл аймагы бар: Дүйшеев айылдык аймагы: Кичи-Кемин борбору; Ильич айылдык аймагы: Ильич борбору, Жаңы-Жол, Советское; Чым-Коргон айылдык аймагы: Чым-Коргон борбору, Новомихайловка, Самансур; Кызыл-Октябрь айылдык аймагы: Кызыл-Октябрь борбору, Ак-Бекет, Жел-Арык, Дорожное, Кашкелең, Кыз-Кыя, Сасык-Булак, Ударник, Чолок; Алмалуу айылдык аймагы: Кызыл-Суу борбору, Алмалуу, Борду; Жаңы-Алыш айылдык аймагы: Жаңы-Алыш борбору; Көк-Ойрок айылдык аймагы: Кайыңды борбору, Кароол-Дөбө, Тегирменти; Ч ...

                                               

Батыш Казакстан облусу

Батыш Казакстан облусу - Казакстан Республикасында. 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 151.3 миң км 2. Калкы 617.6 миң. Борбору Уральск ш. Шаар калкы 41%. Ири шаарлары: Уральск, Аксай. Облуста 12 администрациялык район, 2 шаар, 4 шаарча бар. Басымдуу бөлүгү Каспий ойдуңунда жайгашкан; түндүгүн Жалпы Сырттын тармактары ээлейт. Аймагында негизинен кумдуу жалдар менен ойдуңдар айкалышып жатат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -11° 14°С, июлдуку 22-25°С. Жылдык жаан-чачыны 190-350 мм. Ири дарыясы Урал. Облуста 140тан ашык көл бар. Кара жана каштан топурактуу, айрым жер ...

                                               

Балыкчы шаары

Балыкчы - Ысык-Көл облусундагы шаар. Ысык-Көлдүн батыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1620-1640 м бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 42.4 миң. Шаар Ысык-Көлдүн жээгин бойлой 12 км ге созулуп жатат. Климаты континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы -4°С 6°С, жайы ысык, июлдун орто температурасы 20°С. Жылдык жаан чачын өтө аз мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой Бишкек Балыкчы темир жолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат. "Кумтөр Оперейтинг К ...

                                               

Баткен

Баткен - Кыргызстандагы шаар, Баткен облусунун жана Баткен районунун административдик борбору.Санчо: inst: sanjar.5929 Калкы - 23 134 киши 2009 жылдын каттоосу

                                               

Борду шаарчасы

Борду, Кашка-Кемин районундагы шаарча. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарчасынан 17км түштүк-батышта, облустун борбору- Токмок шаарынан 66км жана өлкөнүн борбору Бишкектен 126км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1700м бийиктикте жайгашкан. Калкы 250. Шаарча ушул аймактагы түстүү металлдар кендерин …өздөштүрүүнүн негизинде 1950-жылы шаарча статусуна ээ болгон. 1993-жылга чейин шаарчада Орловкадагы тоокен металлургия комбинатынын 4 цехи иштеген болсо, өлкөнүн экономикасынын рыноктук мамилеге өткүүл мезгилде алар жабылып, жумушчулар бош калып, калктын көпчүлүгү өлкөнүн башка рай ...

                                               

Жалал-Абад

Жалал-Абад - Жалал-Абад облусунун борбору ; 1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Оштон кийинки 3-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен 60 км, жаңы жол менен 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92.1 миң. Жалал-Абад шаары 1924-26-жылдарда округдун, 1926-28-жылдарда кантондун, 1939-59-жылы жана 1991-жылдан облустун борбору. Шаар Ф ...

                                               

Жыргалаң

Жыргалаң - орто кылымга таандык шаар калдыгы. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка кыштагынын батышындагы Жыргалаң булуңунда жайгашкан. Төрт бурчтуу дубалынын бийиктиги 1.5-2.5, туурасы 2 м. Тегерете кенен казылган терең аң менен курчалган. Ичинде көптөгөн курулуш калдыктары калган. 1949-жылы А. Н. Бернштам изилдеп, 1-15-кылымга таандык шаар деген жыйынтыкка келген. 1961-жылдагы Д. Ф. Винник жүргүзгөн изилдөөдө Жыргалаң 8кылымда пайда болуп, 13-кылымдын башында моңгол чабуулунан кыйрагандыгын айкындаган.

                                               

Исфана

Исфана - Баткен облусундагы шаар. Лейлек районунун борбору. Облустун борбору Баткен шаарынан 100км батыш, Пролетарск темир жол бекетинен 45км түшүк тарапта, Кара суу өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 1300м. бийиктикте жайгашкан. Калкы 28 миң. Шаардын курамына Ак-Булак, Голбо, Мырзапача, Тайлан, Самат жана Чимген кыштактары кирет. Шаардык өкмөттүн жалпы аянты 227 миң га дай 2002; алардын ичинен айдоого жарактуу жери 6.6 миң га сугат жер 1.2 миң га, кайрак жер 5.4 миң га. Исфанада 2002-жылы түрдүү менчиктерге таандык 54 ишкана, мекеме жана уюмдар иштеген. Калкы негизинен дыйканчылыкта тамек ...

                                               

Кант (шаар)

Кант - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы шаар, райондун борбору. Республиканын борбору Бишкектен 20 км чыгыш, облустун борбору Токмок шаарынан 40 км батыш тарапта. Бишкек - Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда жайгашкан. Шаар 1929-жылы кыштак катары негизделген. Калкы 21.6 миң 2007. Темир жол бекети. Кант шаары - Чүй облусунун өнөр жайлуу борборлорунун бири. Шаарда тогуз өнөр жай ишканасы бар. Алар: "Кант цементшифер комбинаты", "Кант типография", "Кумшагыл", "Дан-азык" АК, "Абдыш ата", "Кант-сүт", "Блиц-1", "Кыргызмунайзат" ЖЧКлары, тажрыйба-ремонт - эксперименттик-механикалык жа ...

                                               

Кара-Балта

Кара-Балта – Чүй облусунун Жайыл районундагы шаар, райондун борбору. Чүй өрөөнүндө, Кара-Балта суусунун боюнда, Бишкек – Тараз – Ташкент автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 780 м бийикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 62 км, облустун борбору Токмок шаарынан 122 км батыш тарапта. Шаар 1975-жылы 9-сентябрда Кош-Тегирмен шаарчасы менен Калинин кыштагынын бир бөлүгүнүн кошулушунан пайда болгон. Аянты 320.1 га. Калкы 37.8 миң 2009; кыргыз, орус, украин, өзбек, немец, казак жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Темир жол бекети бар. Шаарда облустун өнөр-жай продукциясынын 70%и өндүрүлөт. Ур ...

                                               

Кара-Суу (шаар)

Кара-Суу шаары. Ош дубанындагы Кара-Суу районунун борбору. Шаар калкы 20 900 адам. Негизги калкы кыргыздар жана өзбектер, андан сырткары татар, орус, уйгур, тажик ж.б. улуттардын өкүлдөрү жашашат. Шаарда К. Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназиясы, Манас, Ленин, Бабур атындагы кыргыз, орус, өзбек тилиндеги мектептер болуп жалпы тогуз мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат, бир музыкалык мектеп иштейт. Ж. Бөкөмбаев атындагы парк, Ала-Тоо кинотеатры эс алуучу шаардыктарды тейлейт. Шаардын чыгыш тарабында өлкөнүн жана ушул аймактын экономикасында маанилүү роль ойногон белгилүү Кара-Суу базар ...

                                               

Кемин

Кемин - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы шаар. Чүй дарыясынын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Токмок шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Кыштак катары 1912-жылы пайда болгон. 1954-жылдан шаарча. 2012-жылы шаар статусуна ээ болгон. Калкы 8.2 миң 2009. Темир жол станциясы жайгашкан. Шаарда "КЭТЗ", "Линолеум", "Кемин-Нан" АКлары, "Нефть жана газ" биргелешкен ишканасы, ошондой эле айыл чарба азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан өнөр жай ишкана ...

                                               

Кербен

Кербен - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы шаар жана райондун борбору. СОАТЕ коду 41 703 211 610 010. Калкы 2020 - 29 792 адам

                                               

Кочкор-Ата

Кочкор-Ата - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы шаар. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, Бишкек - Ош авт. жолунун боюнда жайгашкан. Тентек-Сай т. ж. станциясынан 25 км түн чыгыш тарапта. Калкы 16.2 миц. Шаарга жакын жерден мунай-газ казып алынат. Пластмасса буюмдар, май з-ддору иштейт. Кызыл-Кыя тоокен техникумунун кечки бљлњмњ, 4 орто, муз. мектептер жана пионерлер үйү, мектеп-интернат, маданият үйү, оорукана, поликлиника ж. б. бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго түбөлүк от жагылган.

                                               

Көк-Жаңгак

Көк-Жаңгак - - Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында, шаар ; темир жол бекети. Шаар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш этегинде, Көгарт суусунун сол куймасы - Коргонташ суусунун боюнда, Cерүүн-дөбөгө жакын, деңиз деңг. 1350 - 1590 м бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад шаарынан 30 км түн чыгыш тарапта, табияты кооз жаңгак-жемиш токойлуу аймакта жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын кышы жумшак, жайы салкын. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 450 мм, көбүнчө кыш жана жаз айларында жаайт. 1958-ж. Көк-Жаңгак шаарында калктын саны 27 миңге жеткен. Калкы 11400. Көп улуттуу: көбү кыргыздар, ...

                                               

Ноокат

Ноокат - Кыргыз Республикасынын Ош облусун Ноокат районундагы шаар. Ноокат районун административдик борбору. Ош шаарынан 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаары Эски-Ноокат айылдык кенешинин ордунда уюшулуп, азыркы Гулистан, Мирмахмудов айыл аймактарынын айрым жерлери кошулуп олтуруп Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 мыйзамынын негизинде райондук денгээлдеги шаар статусун алган. Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Калкынын саны 15 521 адам. 12ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Жалпы аянты 3.58 к ...

                                               

Орловка, Кемин району

Орло́вка - Чүй облусунун Кемин районундагы шаар. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк боорунда, Кемин темир жол станциясынан 9 км аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери - 1160 м. 1910-жылы Орусия империясынын ар кайсы бурчунан көчүп келгендер негиздеген. 1913-жылы 113 түтүндөн турган. 1930-жылы "Ильичтин осуяты" жана "Жаңы жашоо" колхоздору түптөлгөн. 2012-жылы шаарчага шаар статусу берилген. 2017-жылдын 1-мартына карата шаардын калкынын саны 6 миң адам. Шаарда химия-металлургиялык завод, больница, эки мектеп, үч кирпич заводу, лыжа базасы бар.

                                               

Тайгараев айыл өкмөтү

Тайгараев айыл өкмөтү - Жалал-Абад шаарына караштуу административдик-аймактык бирдик. Качкынчы, Кызылкыргызстан, Кызылсуу, Ташкутчу, Жээнбеков атындагы айылдар баш ийет. Азыркы айыл өкмөтүнүн аймагында 1930-ж. "Баатыр" колхозу уюшулган. 1932 - 34-ж. Чапкындык айылы кошулуп, "Кызылпахтачы" колхозу, 1953 - 59-ж. "Дружба" совхозу, 1963 - 95-ж. "Тайгараев" совхозу деп аталган. 1995-жылдан совхоз Тайгараев айыл өкмөтү болуп кайрадан түзүлгөн. Калкы 7940 2001; негизинен дыйканчылык жана мал чарбасында эмгектенишет.

                                               

Талас (шаар)

Талас - Кыргыз Республикасынын түндүк-батыш тарабынан орун алган шаар. Батыш тарыхы Кыргыз кыркка, түндүгү – Талас Ала-Тоосу менен чектелет. Азыркы Талас шаарынын орду ХХ-кылымда ыйык жер катары саналган күлкүлдөгөн саз, чытырман токойлуу, каз өрдөккө бай жер болуптур. 1877-ж Талас өрөөнүнө ар тараптан көчүп келе баштаган, 1879-жылы Ак-Чий аталып ал жерде 67-киши жашаары катталган. 1889-жылы Ак-Чийде бир гана башталгыч класстык сабатсыздыкты жоюу мектеби болгон,бул мектепте чиркөө кызматкерлери дин төбөлдөрү бар эле. 1891-ж дин кызматкерлери Ивандын боюнча Ак-Чий кыштагы Дмитрий Домалиндин ...

                                               

Токмок

Токмок - Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан шаар. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867–78-жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар. 2005-жылынын каттоосу боюнча, 75000 эли бар. Токмок шаарынан түштүк-батышыраакта Бурана шаар чалд ...

                                               

Тоң шаар чалдыбары

Тоң шаар чалдыбары – 6–12-кылымга таандык шаардын калдыгы. Орто Азиядан Чыгыш Түркстанга кетүүчү байыркы кербен жолдун боюнда турган. Жергиликтүү эл Кандөбө деп коюшат. Шаар чалдыбары Тоң суусунун боюндагы Туурасуу кыштагынын жанынан орун алган. Убагында шаар 10 га аянтты ээлеген. Казуу убагында турак жай калдыктары, карапа идиштер, тыйындар, темир буюмдар, жаргылчак, тегирмендин ташы табылган.

                                               

Шопоков

Шопок - Сокулук районундагы шаар. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 5 км, өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 20 км, "Манас" аэропортунан 45 км, облустун борбору Токмоктон 80 км аралыкта, деңиз деңг. 760 м бийиктикте, Бишкек–Тараз – Ташкент автомобиль жолунун жана Чалдыбар–Кара-балта–Бишкек–Балыкчы темир жолунун боюнда жайгашкан. Шаардын борбору темир жолунан бекетинен 4 км аралыкта. Аянты 529.9 га. Калкы 8.9 миң жана райондук борбор көп улуттуу: кыргыздар, орустар, украиндер жана башка.Шаарда "Кыргызторгмаш" жабык типтеги акционердик коому, "Кошой" АК, "Шопоков Дан-азык", "Эмгекчил" АК, "Ал ...

                                               

Өзгөн

Өзгөн - Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Б. з. ч. 2–1-к-да алгачкы отурукташкан жайлардан шаар өсүп чыккан. Өзгөн шаары тууралуу алгачкы маалыматтар 9–10-к. араб, фарсы тилдеринде жазылган даректерден белгилүү. Бул мезгилде ал чоңдугу боюнча Фергана өрөөнүндөгү төртүнчү калаа болгон. 10-к-дын 30-жылдарында Ө-дө кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн; алгачкы тыйын акчалар чыгарылган. 11-к-дын 2-жарымынан 13-к-га чейин Караханийлер мамлекетиндеги Фергана дубанынын борбору болгон. 10–12-к. шаардын аянты 12–15 км 2 ге жеткен. Моңгол жапырыгына чейин Өзгөндөн көптөгөн окумуштуулар чыккан, алар "а ...

Арканзас
                                               

Арканзас

Арканзас - АКШдагы дарыя, Миссисипинин оң куймасы. Узундугу 2410 км, алабынын аянты 416 миң км 2. Аскалуу тоолордон башталып, Улуу жана Борбордук түздүктөр аркылуу агат. Орточо чыгымы 1300 м 3 /сек. Деңгээли Литл-Рок шаары тушта 8-10 мге чейин өзгөрүп турат, 1000 км аралыкка кеме жүрөт. Алабында ири суусактагыч бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Уичито, Талса, Литл-Рок шаарлары жайгашкан.

                                               

Футбол боюнча Кыргызстан чемпионаты 2015

Футбол боюнча Кыргызстан чемпиондугу 2015 - Футбол боюнча Кыргызстан чемпиондугунун 24-чү сезону.Оюнда 6 команда күч сынашат.Расмий аталышы - Шоро Топ Лига

Ла-Плата булуңу
                                               

Ла-Плата булуңу

Ла-Плата булуңу – Атлантика океанындагы булуң, Түштүк Американын түштүк-чыгыш жээгинде. Парана жана Уругвай дарыясынын эстуарийи. Узундугу 320 км, жазылыгы 220 кмге чейин, тереңдиги 10–20 м. Суткасына 2 жолу ташкындайт. Ири шаарлары жана порттору: Буэнос-Айрес жана Монтевидео.

                                               

Ак-Булак шаарчасы

Ак-Булак – Түп районунундагы шаарча. Ысык-Көл ойдуңунун түндүк чыгышында, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Балыкчы бекетинен 178 км аралыкта жайгашкан. 1961-ж. негизделген. Аянты 25 га. Калкы 1.1 миң. Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору бар. Ал жылына республикада өндүргөн клинкердин 8.5%ин, цементин 8.0%ин иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.

Кыргызстандын шаарлары
                                               

Кыргызстандын шаарлары

Кыргыз Республикасында жалпысынан 31 шаар бар. 1972-жылы 15 шаар жана 35 - шаар тибиндеги айыл болгон. 1913-жылы 3 шаар болгон. 1976-жылы 17 шаар жана 32-шаар тибиндеги айыл болгон.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →