Back

ⓘ Кыргызстан - Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы, обондору, радио, 2016 жайкы Олимпиада оюндарында, Олимпиада оюндарында, Кыргызстан, басма, жылдызы, Апросах ..



                                               

"Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы

Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы - табият, тарыхы, илим, искусство, техника, экономика жана башка тармактарды, ошондой эле дүйнөлүк цивилизациянын азыркы жана өткөндөгү урунттуу учурларын чагылдырган фундаменталдуу энциклопедиялык басылма. Энциклопедиянын" тарых, философия жана укук”," тил-адабият жана искусство”," география, геология жана экология” ошондой эле" табият жана так илимдер” редакциялары атайын редакциялык комплекс тарабынан даярдалат. Башкы редактор Асанов Ү.А., жооптуу редактор Андашев Д. Б.

                                               

Кыргызстан обондору, радио

"Кыргызстан обондору" үналгысы - Кыргызстанда угармандарга кыргыз тилинде гана ыр жана күүлөрдү тартуулаган биринчи радиостанция. 1999-жылы Медиа группа "Европа" компаниясынын алкагында "Кыргызстан Обондору" үналгысы түзүлүп, алгачкы жолу эфирге 24-январда чыккан. "Кыргызстан Обондору" бул - мамлекеттик тилде жумасына 7 күн, 24 саат бою иштеген көз карандысыз радиостанция. "Кыргызстан Обондору" - кыргыз элинин руханий баалулугун, анын бай көркөм жана музыкалык мурасын, ошондой эле адабий тилди өнүктүрүүгө багытталган. Радиоберүү толугу менен менталдык, аймактык жана улуттук мүнөздө түзүлгө ...

                                               

Кыргызстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарында

Кыргызстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчусу менен катышат. Олимпиада 5 августан 21 августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн.

                                               

Кыргызстан Олимпиада оюндарында

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, биринчи жолу 1994 жылы Лиллехамердеги кышкы олимпиада оюндарына катышкан, жана ошондой эле азыркы учурда да бардык Олимпиадалык оюндарга катышып келет. Ал эми жайкы Олимпиада оюндарына 1996 жылдан тартып катышып баштаган.Себеби Кыргызстандын спортчулары Бириккен командалардын курамына кирген, мурда 1952 жылдан - 1992 жылга чейин СССРдин туусунун алдында катышкан. Көз карандысыз команда бардык оюндарында активдүү катышып келет,Кыргызстандын спортчулар азыркы учурда 3 олимпиадалык медалын тагынган 1 күмүш жана 2 коло.Бардык медалдар жайкы о ...

                                               

Кыргызстан (басма)

"Кыргызстан" басмасы - Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, өндүрүштүк-техникалык жана көркөм адабият басмасы. 1926-жылы Кыргыз автономиялык областынын аткомунун чечими боюнча "Кыргызмамбас" деген ат менен уюшулган, ошол жылы басма 65 миң нускада 26 китеп жана китепче чыгарган. Басмадан В. И. Лениндин төрт эмгеги кыргыз тилине которулуп чыгарылган. "Кыргызстан" басмасы адегенде Элге билим берүү министрлигинин областтык бөлүмүнө, кийин Кыргыз Эл агартуу комиссариатына, андан соң Кыргыз ССР ЭКСке баш ийген. 1945-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Полиграфия ...

                                               

2016 Кыргызстан футбол кубогу

2016 Кыргызстан футбол кубогу - Кыргызстандын башкы кубоктук футбол мелдешинин 25-жолу өткөрүлүшү. Мелдеште Топ-Лига, Биринчи лига жана Экинчи лиганын өкүлдөрү катышып, Бишкектик Дордой өлкө кубогун сегизинчи жолу жеңип алды.

Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
                                               

Кыргызстан улуттук олимпиада комитети

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетти - Эл аралык олимпиада комитетининне. 1991 жылы Кыргызстан укумду сунуштаган.1993 жылы каттоодон өткөн.

Кыргызстан жылдызы
                                               

Кыргызстан жылдызы

Кыргызстан жылдызы сыйлыгы менен - Кыргызстан Уикипедиясына жана кыргыз тилинин, тарыхынын, илиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө салымын кошкон Уикипедиячылар сыйланышат.

                                               

"Абдыш-Ата" жабык акционердик коом

"Абдыш-Ата" жабык акционердик коом. Кант шаарындагы М. В. Фрунзе атындагы Кант заводунун базасында негизделген, 1984-ж. чейин кант чыгарган, андан кийин кондитердик фабрикага айланып, печенье, пряник, карамель жана крекер, 2001-жылдан лимонад, минералдык суу, улуттук максым чыгарат.

                                               

"Ала-Тоо" (сорт)

"Ала-Тоо" - жүзүм сорту. 1962-ж. Кыргызстан дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун илимпоздору жүзүмдүн "катта-курган" жана "карабурну" сортторун чаңдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18.5%, кычкылдуулугу 3.8. Шиңгилинин салмагы 350-600 г. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.

Ала-Тоо аянты
                                               

"Ала-Тоо" аянты

"Ала-Тоо" аянты - шаардын башкы салтанат аянты. А. Орозбеков - А. С. Пушкин - И. Раззаков - Киев көчөлөрү менен чектешет. Аянт аркылуу шаардагы ири көчөлөрдүн бири Чүй проспекти өтөт. Аянттын курулушу 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгынын урматына бүткөрүлүп, анда 14-авторлору: арх. Г. П. Кутателадзе, И. Д. Кадырбеков, В. В. Лызенко, Н. Н. Уллас, А.Т. Горемыкин, А. М. Нежурин, Ю. А. Чубаров, И. К. Камбарбаев, И. И. Лихтеров.

                                               

"Апросах"

"Апросах" - жабык акционердик коом. Кара-Балта шаарында жайгашкан. Кыргызстандын тамак-аш жана кайра иштетүү боюнча ири өнөр жай ишканасы. Анын карамагына кумшекер чыгаруучу, ачыткыч өндүрүүчү заводдор, тамак-аш соодасын чыгаруучу цех, жылуулук энергиясын өндүрүүчү цех кирет. Бул энергия башка ишканаларга сатылат жана шаарды жылытууга сарпталат.

                                               

"Арашан" ААК

"Арашан" ААК - ачык акционердик коом. Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан. Талас мамлекеттик сүт заводунун Киров айылындагы филиалы болуп негизделген. 1972-жылдан сүт, кефир жана сары май өндүрүлөт. 1976-жылы завод реконструкцияланып, Венгер Эл Республикасынын сүттү кайра иштетүүчү жабдуулары орнотулган.

                                               

Абдилаат Дооров

Абдилаат Дооров - акын, журналист. Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы "Ата-Журт" райондук гезитинин башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. А.Дооров 1953-жылы 1-сентябрда Лейлек районунун Кулунда айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1998-жылы анын "Миң тамыр" ырлар жыйнагы жарык көрдү. 2010-жылы жаңы ырлар жыйнагы чыкканы турат.

                                               

Абдраимов Эмил Самудинович

Абдраимов Эмил Самудинович механик, техника илимдеринин доктору. Алматыдагы Жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1992-жылдан КРнын УИАнын Машинатаануу институтунда эмгектенет. Илимий эмгектери негизинен өзгөрүлмө түзүлүштөгү механизмдерди структуралык талдоо жана түзмөлөөгө арналган. 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 патенттин ээси, 1 монографиянын автору.

                                               

Абдрахимов, Талгат Кадырович

Абдрахимов, Талгат Кадырович – геолог, СССР Мам. сыйлыгынын лауреаты. Казан мамлекеттик ун-тинин геол. факультетинин бүтүргөн. Кыргыз ССР геол. башкармалыгында, Каменский геол. экспедициясында, Казак ССР геол. министрлигинин геол. чалгындоо партияларында начальник болуп иштеген. Кыргызстандагы уран кендеринин бирин ачкандардан. Ленин ордени ж-а медалдар сыйланган.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →