Back

ⓘ Агын суулар - Агым, Денудация, Биологиялык чыпка, Кыртыш суулары, Шор суулар, Нук эрозиясы, Өрөөн, Сары суу, Кара суу, түшүнүк, Суунун тартылуусу, Ак-Суу, Вади ..



                                               

Агым

Агым – суунун нук менен агуу кыймылы. Жер бетине түшкөн жаан-чачындан, кар жана мөңгүнүн эришинен пайда болгон суулар эңкейишти карай сарыгып агып, бирине бири кошулуп, улам чоңоюп олтуруп, туруктуу нукка куюп, агын сууларды пайда кылат. Агын суулар бири бирине кошулуп, дарыяны жаратат. Дарыя көлгө, деңизге, океанга куят. Бул процесстер агымдын пайда болуу же агым калыптануу процесси деп аталат. Убакыт бирдиги ичинде агып келип, океанга кошулган суу да "дарыя агымы" деп аталат. Ал эми суунун нук аркылуу агуу кыймылын "агын" деп атоо ылайык.

                                               

Денудация

Денудация -, тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиленүү жана ойдуң жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар менен океан жана деңиздердин, муз жана мөңгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектердин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөңгүлөр жылган кезде жышылып, жылмаланат, деңиз толкуну өзү менен кошо ала келет. Талкаландылар түзөң жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот ...

                                               

Биологиялык чыпка

Биологиялык чыпка - био фильтрагын сууларды, зыяндуу газдарды тазарткыч организмдердин жардамы менен тазалоочу курулма. Бул көңдөйлүү материалдар, шлактар менен толтурулган резервуар. Ал аркылуу агын суулар чыпкаланат. Шлактын катмарында микроорганизмдер жана жөнөкөйлөр өөрчүп, биологиялык плёнканы түзөт. Тирүү организмдер агын суудагы эриген жана коллоиддик заттарды адсорбциялап, окистендирет жана минералдаштырат.

                                               

Кыртыш суулары

Кыртыш суулары - жер астындагы суулар. Кыртыштын арасынан орун алып, суу өткөрбөс катмардын үстүндө жатат. Жаан, агын суулар, көл, саз сууларынан пайда болот. Өлчөмү жаан-чачынга байланыштуу. Дайыма өзгөрүп турат. Кургакчылыкта деңгээли төмөн түшүп, жаандуу күндөрдө көтөрүлөт, курамы, өлчөмү, температурасы өзгөрөт. Нымдуу климатта хлориддер, сульфаттар эрип, кыртышка сиңет. Кургакчылыкта суу бууга айланып, шор пайда болот. Тереңдикте суу көбөйөт, салмагы артат, басымы жогорулайт. Бул көрүнүш климаттык шартка байланыштуу. Элди суу менен камсыз кылууда, сугат тармактарында кеңири колдонулат.

                                               

Шор суулар

Шор суулар - курамындагы туз эритиндилеринин өлчөмү 50 г/лден жогору келген табигый жана жасалма суулар. Химия өнөр жайынын маанилүү сырьёсу, ошондой эле дарылоо мекемелеринде пайдаланылат. Хим. курамына жараша Шор суулар 4 типке: хлор-кальцийлүү, хлор-магнийлүү, сульфатнатрийлүү жана гидрокарбонат-натрийлүү болуп бөлүнөт. Жер шарында кеңири таралган хлоркальцийлүү Шор суулар континенттик кыртыштагы боштуктарды толтуруп, жер астындагы гидросфераны түзөт. Ал суулар курамындагы Br, I, В, Li, Rb ж. б. микрокомпоненттердин концентсынын жогорулугу менен айырмаланат. Мындай суулар океандагы рифт ...

                                               

Нук эрозиясы

Нук эрозиясы – агын суулар менен кыян-селдердин таасиринен кокту-колоттордун, өзөн-сайлардын нуктарынын оюлуп, жемирилип, талкаланышы. Нук эрозиясы тоолуу аймактарда күчтүү жүрөт. Шар аккан суу, кыян-сел өтө зор күч мененжолунда кездешкен борпоң тектерди жемирип, оюп, өзү мененкошо агызып кетет. Натыйжада суунун нугу, таманы тереңдеп, капталдары тик өзөн келип чыгат. Кыргызстандын аймагында, тоолордо мындай кубулуштар көп байкалат.

                                               

Өрөөн

Өрөөн - агын суулар жууп, жеп кетишинен пайда болгон рельефтин оёң формасы. Өрөөндүн алгачкы формалары коо-колот, аң ж. б. мезгилдүү агын суулардын аракетинен жаралат. Мындай формалар суунун жемиришинен биригип, көл дарыяларга куймайынча чоңоё берет. Өрөөндүн чулу тоо тектерден турган капталдары бийик же жапыз, тик же жаңтайыңкы; туурасынан профили - кайкы, түз, томпок же тепкичтүү тектирлүү болот. Өрөөндүн туурасынан кесилген профили өөрчүү стадиясына, геол. түзулүшүнө, экзогендик күчтөргө ж. б. факторлорго байланыштуу каньон, капчыгай. V жанa U, трапеция, тепши түрлөрүндө болот. Төмөн ий ...

                                               

Сары суу

Сары суу - 1) кар суусу - кыш бою топтолгон кардын эриген суусу; мөңгү менен кошо Кыргызстандагы агын суулардын негизги булагы болуп саналат. Жаз-жай мезгилдеринде кар көп эрип, дарыяларда ташкынды пайда кылат; 2) чополуу жана лёсстуу аймактар аркылуу агып өткөн киргилт суулар да сарысуу деп аталат, мис., Кытайдагы Хуанхэ Сарыдарыя дарыясы; 3) сарысуу - ири, жайык, башкы дарыя деген маанини да берет; ушул мааниде топоним катары Орто Азия, Казакстанда кеңири таралган, мис., Казакстандагы Сарысуу дарыялары

                                               

Кара суу (түшүнүк)

Кара суу – тоо этектеринде же тоо аралык өрөөндөрдө кыртыш сууларынан чыккан булак же чакан агын суу. Суусу тунук, кээде бир аз минералдашкан. Нымдуу, саздак жерлерден, токойлордон агып чыгат да, көптөгөн суулардын башаты болот. Ак суудан айырмасы – кара суудан башталган суулар жайында кирбейт, суусунун тазалыгы жана тунуктугу менен өзгөчөлөнөт. Кыргызстандын аймагында "кара суу" аталган жер-суу, айыл-кыштактардын аталыштары өтө көп.

                                               

Суунун тартылуусу

Суунун тартылуусу, межень - агын суунун жыл ичинде суусу эң азайган мезгили. Мындай деңгээл адатта 10 күндөн бир нече айга созулушу мүмкүн. Суу тартылуу мезгилиндеги дарыялардын негизги булагы болуп жер астындагы суулар гана калат. Мелүүн жана жогорку кеңдиктерде кышкы жана жайкы тартылуу болуп бөлүнөт. Кышкы тартылууга муз пайда болуу кубулуштарына байланыштуу межень, жайкы тартылууга - алабында суу запасы түгөнгөн мезгил кирет. Кыргызстандын дарыяларынын суусунун эң тартылган маалы кыш мезгилине туура келет.

                                               

Чым көң топурагы

Чым көң топурагы, саздак-чымкөң топурагы - топурактын жаан-чачын, көлчүк суулар ашыкча нымдап, анда өсүмдүк калдыгынын кычкылтексиз шартта чиришинен пайда болгон топурак тиби. Чым көң топурагы кычкыл реакциялуу, ным сыйымдуулугу жогорку жана көлөмдүк салмагы төмөн болот. Чым көң топурагы жайгашкан рельефи жана өөрчүшүнө жараша айырмаланат. Чым көң топурагынын азык зат элементтери аз өсүмдүк калдыгынын толук чирибей, топтолушунан пайда болсо, өтө кычкыл реакциялуу, ал эми агын же жер астындагы суулар узакка чөөлмөктөп турушунан пайда болсо, микроорганизмдери аз, биологиялык активдүүлүгү төм ...

                                               

Ак-Суу

Ак-Суу – кар, мөңгүдөн башталган тоо суусу. Кыргызстанда эң кеңири таралган термин. Термин көбүнчө суу наамдарына айланган. Батышта Балкандан баштап, чыгышта Алтай ж-а Цинхайга чейинки аймактарда кездешет. Кыргызстанда Ак-Суу аталган суулар, өрөөндөр, кыштактар, шаарлар, райондор ж. б. топонимдер арбын.

                                               

Вади

Вади - Араб жарым аралынын жана Түндүк Африканын чөлдөрүндөгү кургак өрөөндөр, сайлар. Вади жүздөгөн кмге созулуп, аларда нөшөрлөгөн жаандан кийин гана суу агымы пайда болот. Вади нымдуу климат үстөмдүк кылган мезгилде пайда болгон реликт дарыя өрөөнү катары каралат. Вади сымал кургак нуктар Африкада - уэд, Австралияда - крик, Орто Азияда - узбой деп аталат.

                                               

Арашан суулары

Арашан суулары - жер астынан чыккан жылуу суулар. Суунун температурасы 37-42° болсо - термалдуу, 2027° - субтермалдуу, 42°тан жогоркусу гипертермалдуу Арашан суулары деп аталат. Арашан суулары негизинен жер астындагы суудан пайда болот. Суу жер кыртышынын тереңиндеги жогорку температурада турган тоотектердин арасынан сарыгып өткөн кезде ысып, тектон. жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Арашан суулары көбүнчө жанар тоолуу жерлерде, артезиан суулары жайгашкан жана тектоникалык кыймылдар болуп турган аймактарда кезигет. Жанар тоолуу аймактарда ысыган тоо-тектер жер бетине жакын жайгашкандыкта ...

                                               

Боом капчыгайы

Боом капчыгайы Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай ; Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терекжону тоосунун чыгыш учун жана бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Уз. 25 км, таманынын жазылыгы 150 –350 м. Капталдарынын салыштырмалуу бийикт. 500–800 мге чейин. Генезистик тибибчаан тецедентти көткөөл капчыгай. Плейстоценде Ысык-Көлдүн деңгээли жогору кезинде анын түндүк батыш жээги Боом капчыгайын ажетип турган. Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Ала-Тоонун бир тармагы Каражылганын жана пызкайкысын ашып азыркы Коң орчок Чүйдүн сол куй масы суусуна куйган. Ал мезгил ...

                                               

Буг Батыш

Буг Батыш, Батыш Буг – Польша, Украина, Беларуссия аркылуу аккан дарыя, Висланын оң куймасы. Узундугу 831 км, алабынын аянты 73.5 миң км 2. Негизинен Мозовец-Подляс ойдуңу менен агат. Негизги куймалары: Мухавец, Нарев. Чатынан 315 кмге чейин кеме жүрөт. Припять жана Неман дарыясы менен каналдар аркылуу туташат. Боюнда Брест шаары орун алган.

                                               

Булак

Булак, башат, кайнар – жер астынан өзү агып чыккан суу; жер астындагы суулардын жердин үстүнө же жер үстүндөгү суунун түбүнө концентрацияланып чыгышы. Булак ар кандай көрсөткүчтөрү жана касиеттери, ошондой эле ошонун ичинде пайда болушу, дебити, жер үстүнө чыгуу шарттары, туруктуулугу, химиялык курамы, температурасы боюнча бир топ түргө бөлүнөт. Гидродинамикалык касиеттери боюнча "атырылып чыгуучу" жана "агып чыгуучу" болуп экиге бөлүнөт; химиялык курамы боюнча тузсуз жана туздуу сууларга; температурасы боюнча кайнаган, гипертермалдуу, термалдуу, субтермалдуу же жылуу, муздак, өтө муздак, ...

                                               

Везер

Везер - Германиядагы дарыя. Верра жана Фульда дарыясынын кошулушунан пайда болот. Узундугу 440 км, алабынын аянты 46 миң км 2. Түндүк Герман ойдуңу аркылуу агып, Түндүк деңизге куярда эстуарийди пайда кылатынча Орт. чыгымы 312 м 3 /сек. Кеме Кассель шаарынан, деңиз кемелери Бремен шаарынан баштап жүрөт. Эльба жана Эмс дарыялары менен каналдар аркылуу туташат. Чатында Бремерхафен деңиз порту жайгашкан.

                                               

Висла

Висла – Польшадагы эң узун жана суусу мол дарыя. Узундугу 1047 км, алабынын аянты 198.5 миң км 2. Батыш Карпат тоолорунан башталат да Мазовия-Подляск түздүгү аркылуу агып, Балтика деңизиндеги Гдан бухтасы менен Висла булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Сан, Дунаец, Вислока, Вепш, Буг, Пилица, Брда. Орточо чыгымы Варшава ш. тушта 590 м 3 /сек, чатында 1030 м 3 /сек. Жазында суусу кирет. Төмөнкү жана ортоңку агымында кеме жүрөт. Каналдар аркылуу Днепр, Одер, Неман дарыяларына туташат. Боюнда Краков, Варшава, Плоцк, Торунь, дельтасында Гданьск шаарлары жайгашкан.

                                               

Вольта

Вольта - Батыш Африкадагы дарыя. Вольта Кара жана Ак Вольта дарыясынан куралат. Уз. Ка­ра Вольта м-н 1400 - 1600 км. Алабынын аянты 388 миң км2. Ири куймалары: Оти, Дака сол, Афрам оң. Жаан-чачын сент. - окт. мезгилинде ташкындап, децгээли 14 м ге чейин көтөрүлөт. Февраль - март айларында тартылат. Ири соода порттору: Кете-Крачи, Кпонг, Кпанду ж. б. Вольтада ири Акосомбо ГЭСи 0.6 млн кет, Ганада курулган. Кара В. Бобо-Диуласо шаарынын Буркина-Фасо жанындагы дөңсөөлөрдөн башталып, Ак Bольта кошулганга чейин кристаллдык платодогу кенен өрөөн, ортоңку бөлүгүндө Гананын Буркина-Фасо жана Кот-д ...

                                               

Кар суусу

Кар суусу – дарыя алаптарында жылдын суук мезгилинде топтолгон кардын, ошондой эле тоолордогу мөңгүлөрдүн эришинен пайда болгон суу. Атмосфералык жаан-чачындын суусуна караганда көмүр кычкыл газга бай келип, карбонаттуу тоотектерди жакшы эритет. Мындай сууларды кыргыздар сары-суу деп да аташат.

                                               

Кяриз

Кяриз - кыртыш сууларын чогултуп, жер бетине алып чыгаруучу жер астындагы курулма. Адатта, кяриз суулуу катмардан суу өткөрбөөчү катмарга карай анча терең эмес жерге салынат. Сугат жана суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылат. Узундугу бир нече мге, бийиктиги 1 - 1.5 мге чейин жеткен. Суу чогултуучу бир же бир нече галереядан турат.

                                               

Муз

Муз – тоңуп калган суу. Ал кристаллдык жана аморфтук муз болуп бөлүнөт. Муздун түрлөрү: атм., суу музу, жер астындагы жана мөңгү музу. Жер бетиндеги муздун жалпы көлөмү 30 млн км3, анын көбү уюлдук аймактарда топтолгон. Муз азык-түлүктү тоңдуруп сактоодо, тузсуз суу алууда, медицинада кеңири колдонулат. Географиялык энчилүү ат катары да кеңири таралган: Ак-Муз, Муз-Арт, Муз-Бел, Муз-Булак, Муз-Тоо, Муз-Төр жана башкалар.

                                               

Мургаб

Мургаб – Ооганстан менен Түркмөнстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Узундугу 978 км, алабынын аянты 46.9 миң км2. Паропамиз тоолорунан башталат. Банди-Түркстан жана Саведкох кырка тоолорунун аралыгындагы кууш өрөөн менен агып, Түркмөнстандын аймагында өрөөнү кеңейип, ирригация тармактарына бөлүнөт. Кара-Кум чөлүнө чыкканда кургак дельтаны пайда кылат. Төмөнкү агымында 6 суу сактагыч бар. Мары шаары тушта Кара-Кум каналы кошулат. Март – май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Суусунун орт. ылайлуулугу 4500 г/м3. Куймалары: Абикайсор, Кашан, Кушка. Орточо чыгымы ортонку агымында 52 ...

                                               

Сай

Сай - агын суулардын жайылмасы же убактылуу аккан суулардын кургак нугу. Нөшөрлөп жамгыр жааганда, жазында кар-мөңгү эрий баштаганда сууга толуп, жайында көбүнчө суу азайып же какшып калат. Жазылыгы ондогон, тереңдиги 7–10 мге жетет. Сайдын чуңкур жерлерине көлчүктөр пайда болот. Түрк, моңгол тилдеринде "сай" – жумуру таш.

                                               

Тажо

Тажо, Тежу – Испания менен Португалиядагы дарыя. узундугу 1010 км, алабынын аянты 81 миң км 2. Универсалес тоосунан башталып, Месета тайпак тоосу, Португалия ойдуңу менен агат да, Лиссабон шаары тушта Атлантика океанына куят. Суунун орточо чыгымы 430 м 3 /сек; ноябрдан апрелге чейин суусу кирет. Жаан-чачындан куралат. Негизги куймалары: Тахунья, Гьетар, Алагон жана Салор. Алабында 60тан ашык суу сактагыч, ГЭС курулган. Сугатка пайдаланылат. Балык кармалат. Чатынан 185 кмге чейин кеме жүрөт. Боюнда Толедо жана Лиссабон шаары жайгашкан.

                                               

Тежен

Тежен, Герируд – Ооганстан жана Түркмөнстандагы дарыя; айрым жерлеринде бул өлкөлөрдүн Иран менен табигый чек арасы болуп эсептелет. Узундугу 1150 км, алабынын аянты 70.6 миң км 2. Афганстандын аймагында Герируд, Иран менен Түркмөнстанда Тежен деп аталат. Ал Афганстандагы Кохи-Баба тоосунун 3000 м бийиктиктигинен башталып, кууш, түздүктөрдө кеңири өрөөн менен агып, Тежен оазисинде соолот. Сугатка кеңири пайдаланылат. Негизинен кар сууларынан куралат. Орточо чыгымы 30 м?/сект& жакын. Ылайлуулугу эң жогору. Март-май айларында кирип, августноябрда тартылат. Дарыяда 4 суу сактагыч курулган. Не ...

                                               

Үрүм башы

Үрум башы – Сузак районундагы суу, Көгарт суусунун оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин бир тармагы Сарыкыр тоосунан башталат. Узундугу 30 км, алабынын аянты 164км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2000 м. Суу Фергана тоо тизмегинин тармактары Сарыкыр жана Акташ тоолорунун коктуларынан башталып, өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүнөн баштап, жаңгак токойлуу өрөөн аркылуу кууш босоголор менен агып өтүп, Көгартка куят. Жылдык орточо чыгымы 1.12м3/сек, эң көбү апрель–майда, эң азы январь–февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Үрүм ...

Агын-суу
                                               

Агын-суу

Агын суу – белгилүү бир аймактан чыккан агымдан пайда болуп, өзүнүн нугу менен эңкейишти карай аккан Суу. Кичине булактан баштап чоң дарыяга чейин камтыган түшүнүк. "Дарыя" деп кыргыздар ири агын сууну айтышат. Мисалы, Кара-Дарыя, Сырдарыя, Нарын дарыясы жана башка. Калган агын сууларды "суу", "агын суу" деп гана коюшат. Мисалы, Аламүдүн суусу, Сокулук суусу, Көгарт суусу жана башка.

Арагуая
                                               

Арагуая

Арагуая - Бразилиядагы дарыя, Токантинс дарыясынын негизги сол куймасы. Узундугу 2630 км, алабынын аянты 370 миң км 2 дей. Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Ортоңку агымында эки айрыкка бөлүнүп, дүйнөдө эң ири дарыя аралдарынын бири - Бананалды пайда кылат. Төмөнкү агымы босоголуу. Суусунун орточо чыгымы 8500 м 3 /секдай. Ортоңку агымында кеме жүрөт.

Атрек
                                               

Атрек

Атрек - Иран менен Түркмөнстандагы дарыя. Узундугу 669 км, алабынын аянты 27.3 миң км 2. Копетдагдан башталып, Каспий деңизине куят. Негизги куймасы - Сумбар. Суусунун орточо чыгымы Кызыл-Атрек шаарчасынын тушунда 9.2 м ъ /сек. Сугатка пайдаланылат.

                                               

Аңги суу

Аңги суу – нуктан тышкары же нукка батпай ташкындап аккан суу. Кара нөшөрдөн пайда болуп, кургак сайларда, кокту-колоттордо убактылуу аккан суу. Эгин аянттарына зыян келтирүүчү ирээтсиз сугатта кароосуз коё берилген суу. Тоң районунда Аңгисай деген суу бар. Ал мезгил-мезгили менен жазгы жана күзгү жамгырга байланыштуу ташкындап турат.

                                               

Бычан, суусу

Бычан - Ак-Талаа району аркылуу аккан суу, Алабуга суусунун сол куймасы. Узундугу 56 км, алабынын аянты 1050 км2. Суу куралуу облусуна кирет. Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталынан башталат. Өрөөнү жазы келип түндүк-чыгышты карай кууштап кайрадан түндук-чыгыш багытка агат. Жылдык орточо чыгымы 7–9 м3/сек, эң көбү май–июнда, азы январда байкалат. Өрөөнү жайлоо.

Кош айрык
                                               

Кош айрык

Кош айрык - дарыянын же анын өрөөнүнүн эки салаага бөлүнүп кеткен жери;андан төмөн ал салаалар бири-бирине кошулбай,өз алдынча чаттарды пайда кылат. Суу бөлгүч жерди суу жемирип кетишинен пайда болот. Кош айрыкка Венесуэладагы Касикьяре дарыясысы айкын мисал боло алат.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →