Back

ⓘ Капчыгайларлар - Капчыгай, Чоң Каньон, Каньон, Босого капчыгай, Тар капчыгайы, Үзөңгү-Кууш, капчыгай, Ат-Башы капчыгайы, Арашан капчыгайы ..



                                               

Капчыгай

Капчыгай – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн; негизинен тоолуу аймакта чулу тоо тектүү жерлерди суу жеп кетишинен пайда болот. Тереңдиги 1 кмге чейин жана андан да ашык болот. Тектониалыкык жаракалардан да жаралышы ыктымал. Кыргызстандагы ири капчыгайлар: Боом, Көкөмерен, Төмөнкү Нарын, Карабалта ж. б. Айрым капчыгайларга ири ГЭСтер курулган; мис., Төмөнкү Нарында ж. б. Өтө кууш жана тереңдери шаңшаар деп аталат. Рельефтин мындай формаларына байланыштуу пайда болгон топонимдер Кыргызстандын аймагында арбын кездешет. Ички Тянь-Шаньда субмеридиан багытта жайгашкан антецеденттик ка ...

                                               

Чоң Каньон

Чоң Каньон, Колорадо Чоң Каньону Колорадо д-нын ортонку агымында, Колорадо платосунда жайгашкан. Дүйнөдөгү эң терең каньондордун бири. Литл-Колорадо суусу куйгандан тартып агым боюнча 320 кмге созулат. Терең диги 1800 мге чейин, туурасы платонун үстүнкү деңгэалинде 2100-2400 м бийикте 8-25 км, дарыя суусунун деңгээлинде 2 кмдей кээ бир жерлеринде 120 лгдей. Аскалуу капталдарында бастион, колонна жана пирамида формасындагы урчуктар, аскалар көп. Чоң Каньон кайнозойдо Колорадо д-нын эрозиялык аракетинин натыйжасында пайда болгон. Жаратылышында бийиктик алкактуулук байкалат. Каньондун таманын ...

                                               

Каньон

Каньон – капталдары өтө тик, таманы салыштырмалуу кууш, терең дарыя өрөөнү; кууш капчыгай. Таманын дарыя нугу толук ээлеп жатат. Платолордо же тоолуу жерлерди суу жемирип жеп кетишинен пайда болот. Каньон көбүнчө агын сууларга жарды, климаты кургакчыл, акиташ же базальт тектеринен турган платолорго мүнөздүү. Дүйнөдөгү эң ири жана белгилүү Каньон – Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон, анын узундугу 320 км, тереңдиги 1800 мге чейин. Кыргыздар мындай жерлерди шаңшаар, танги деп атайт.

                                               

Босого капчыгай

Босого капчыгай - Ат-Башы өрөөнүнүн чыгышында. Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү менен Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш жана кооз капчыгай. Уз. 4 км. Дециз децг. бийикт. 2600 ж. Таманы кууш, 100 - 150 ж, айрым жерлерде 30 - 50 ж. Капчыгай тектон. терең жаракадан жана суу эрозиясынан пайда болгон. Капталдары көбүнчө тик. Суу бойлой эни 50 жге жеткен кууш тектирлер созулуп жатат. Суудан 50 ж бийиктикте капчыгайдын кырлары үстү тегиз тектирге айланат. Өрөөндүн туурасы Босого кыш. тушта 400 жге чейин кеңеет. Ичке-Камандынын чатынан жогорураак Ат-Башы. өрөөнү башталат. Капчыгай ар ...

                                               

Тар капчыгайы

Тар капчыгайы - Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында түштүк-чыгыштан түндүк-батышка Тар суусу аккан багытта 35–40 кмге созулат. Капталдары тик, таманынын жазы жери 1.5–2.0 км, кууш жери 300–500 м. Таманынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2200 м. Капчыгай ортонку палеозойдуң акиташ теги, кумдук, сланец ж. б. тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектерине толгон. Жогорку бөлүгүндө ал тектер жокко эсе. Капчыгайдын капталдарында жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафттары жалама, тик аскалуу беттер менен айкалышып жатат ...

                                               

Үзөңгү-Кууш, капчыгай

Борбордук Теңир-Тоодо. Какшаал жана Борколдой, Карлы тоо, Карлыкыр тоолорунун аралыгында кеңдик багытында 80км ге созулуп жатат. Капчыгай батыштан чыгышты карай кууштайт. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында 3700м, аягында 2600м; Курчаган тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1000–1200м. Капчыгайдын башы Котур жана Айталаа сууларынын аралыгында кенен өрөөн ; төртүнчүлүк мезгилдеги муз кап тоонун таасиринен пайда болгон кум, шагыл таштардан туруп, айрым жерлеринде байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар басымдуу, тоо кырларындагы мөңгү капчыгайдын б ...

                                               

Ат-Башы капчыгайы

Ат-Башы капчыгайы - Ат-Башы өрөөнүнүн түндүк батышындагы Кошойдун Кара тоосунунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Абсолюттук бийиктиги 1860–1900 м. Узундугу 6 км, туурасы 20–150 м. Капталдары бийик, кууш жана тик. Капчыгайдын түштүк бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп. Түндүк тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түштүк бөлүгүндө палеоген менен еогенд инконгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүм ...

                                               

Арашан капчыгайы

Арашан капчыгайы - Тескей Алaтоонун түндүк. капталында, Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30–33 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–800 м, басымдуу бийикт. 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан бөлөн үүдөн пайда болгон. Жогорку бөлүгү төрлүү трог келип, баыркы мөңгүнүн мореналарынан турат. Ортоң кужа төмөнкү бөлүгү кууш келип, V формасында. Таманын дажа тоо капталдарын - дакардгай токойлорунун ири массив дери бар. Шалбаалуу талаа, бийик чөп түүшалбаа зоналары басымдуу. Минералдуу ысык булактар чыгат. Балдардын Аксуу санаторийи ...

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →