Back

ⓘ Транспорт - Санитариялык транспорт, Гидравликалык транспорт, Шахта ичиндеги транспорт, Гавайи, Шахтадагы гидравликалык транспорт, Улуу Британия, Метро, Кеме ..



                                               

Санитариялык транспорт

Санитариялык транспорт - оорулууну, жарадарды, медициналык кызматкерлерди жана медициналык буюмдарды ташууга, оорулууларды дарылоо жана алдын алуу чараларына карата ыңгайлаштырылган транспорт.

                                               

Гидравликалык транспорт

Гидравликалык транспорт - катуу материалдарды суу агымы менен жылдыруу ыгы. Гидравликалык транспорт гидромеханикалаштыруу ишинде, жер жана тоо-кен жумуштарында, ири казан очокторунан шлак ж-a күл чыгарууда, пайдалуу казылмаларды иштетүүдөн чыккан калдыктар ж. б. материалдарды жылдырууда колдонулат. Гидравликалык транспорттун кысымсыз ж-a кысымдуу түрү бар. Кысымсыз Гидравликалык транспортто гидро-аралашма жантык ноо б-ча жылат, анын суюк­тук толтурулган түтүгүнүн бети ачык болуп, басымы атмосфераралык басымга барабар келет. Кысымдуу Гидравликалык транспортто гидро-аралашма өтүүчү түтүк кош ...

                                               

Шахта ичиндеги транспорт

Шахта ичиндеги транспорт - кенди ж. б. жүктөрдү жер астындагы тоо-кен казмалары жана жер бети боюнча ташуучу жана кабыл алуучу каражаттардын жана курулмалардын комплекси. Ага кен казууга корогон чыгымдын жана эмгектин 30% тейи туура келет. Шахта ичиндеги транспорттук системага: транспорттук машиналар, коммуникация жана көмөкчү жабдуулар жүктөөчү, түшүрүүчү жана бир транспорттон 2-сине которуп жүктөөчү, автоматташтыруу жана диспетчердик каражаттар, техн. тейлөө, оңдоо ж. б. кирет. Шахта ичиндеги транспорт менен ташылуучу негизги жүк - казылып алынган кен жана тоо тектер, кошумча жүк: машина ...

                                               

Гавайи

Гавайи - АКШнын Тынч океандын Гавайи аралдарындагы штаты. Админ, борбору - Гонолулу. Аянты 16.7 миң км2. Табияты жөнүндө - Гавайи аралдары. Гавайи. - Тынч океандын түндүгүндөгү маанилүү транспорт тоому; ал аркылуу АКШны жанa Канаданы Чыгыш Азия, Филип­пин, Австралия жанa Жаңы Зеландия менен байланыштырган жол өтөт. Негизинен ананас, шалы, бал камыш, кофе, сизаль, банан жана гүл өстүрүлөт. Иштетилүүчү 1 млн га жердин 96.5% амер. компаниялар менен ири жер ээлериники. Ту­ризм өнүккөн.

                                               

Шахтадагы гидравликалык транспорт

Шахтадагы гидравликалык транспорт - материалдарды суу агымы менен ташуучу технологиялык процесс. Сууну гидравликалык транспорт жана алтындуу кумду чайкоо үчүн б. з. ч. XI-VI кылымдарда эле Тахо, Дуэро, Миньо жана Гуадьяро д-нын өрөөндөрүндө Испания колдонулганы белгилүү. Шахтадагы гидравликалык транспорттун түрлөрү: 3) аралаш гидротранспорт - жолдун айрым бөлүктөрүндө басымсыз, башкаларында басым астындагы гидротранспорт пайдаланылат. 1) басымсыз гидротранспорт - гидравликалык аралашма жантык орнотулган металлдан жасалган арык кобул, түтүк менен агызылып ташылат; 2) басым астындагы гидротр ...

                                               

Улуу Британия

Улуу Британиа, адатта Бириккен Падышалык же Британиа катары белгилүү - Европанын түндүк-батышда жайгашкан эгемендүү өлкө. Борбору - Лондон шаары. Бириккен Падышалык беш өлкөлөр Англия, Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландиядан турат. Улуу Британия - монархия жана мамлекет башчысы Элизабет II. Түндүк Ирландия Улуу Британия арал. Улуу Британия менен кириши

                                               

Метро

Метрополите́н - Шаардын темир кайыкка менен жер астында жүргүнчүлөрдү, ар кандай башка транспорт жана кыймылына бөлүнүп техника алып, ага чуркап поезда. Жалпысынан алганда, метро - эч кандай алыш-көчөдө шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу, анын алы поезддин тагынып менен системасы мисалы, шаардык монорельс. жүрүү тартиби боюнча метросундагы дайыма поезддер кыймылы. Мүнөздөлөт метро каттамы жогорку ылдамдыктагы 80 км / ч жана сыйымдуулугу 60 мын чейин. Бир багытта саатына Жүргүнчүлөр. Жер астындагы саптары туннелдер-жылы, жер астындагы коюп жатат, жер жана аянтчалардын боюнча бул шаар монорельсу ай ...

                                               

Транспорт кыймылына жана аны пайдалануунун коопсуздугуна каршы кылмыштар

Транспорт кыймылына жана аны пайдалануунун коопсуздугуна каршы кылмыштар – КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралган автомобиль, темиржол, аба, суу унааларынын кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жосун.

                                               

Кеме

Кеме – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган жана жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштарды аткарууга арналган транспорт. 16–17-кылымдарда түз парустуу жана үч же төрт мачталуу кайыктарды "Кеме" деп аташкан. Алгачкы суу транспорту катары болжол менен 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ жана плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-кылымдын ортосуна чейин негизинен калактуу жана парустуу кемелер кеңири колдонулуп келген жана алар пароход менен моторлуу кемелерге алмаштырылган. Сүзүү мүнөзү боюнча өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү, сууга салыштырмалуу абалы боюнча суу үстүндөгү жана суу ...

                                               

Жол

Жол – адам, транспорт жана башка каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргыздарда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол, чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жолу, кан жол жана башка Топоним катары да Кыргызстандын географиялык аталыштарынын курамында көп кездешет, мисалы, Жол-Колот, Жол-Жылга, Жол-Сай, Жол-Жакшы, Жол-Коо жана башка. Жол тармагы Евразияда биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта пайда болгон. Адегенде жол бетине эч нерсе төшөлбөстөн эле жасалган. Жол салуу курулушу 1747-ж. Парижде инженерлерди даярдоо үчүн жол жана ...

                                               

"Амфибия"

"Амфибия" - – кургакта, сууда жүрүүчү аскердик же транспорттук машина. 1) Т а н к, т р а н с п о р т ё р "Амфибиянын" чөкпөстүгү анын жылчыксыз бүтөлгөн корпусунун сууга сыйымд. менен камсыз болот. Кыймылга келтирүү үчүн суу шилөөчү винт, каз тамандуу чынжыр сыяктуу механизмдер пайдаланылат. "Амфибия" алгач биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда даярдала баштаган. 1921–22-ж. АКШ менен Францияда "Амфибиянын" танк үлгүлөрү жасалган. Кызыл Армия сууда сүзүүчү танк менен 1932-жылдан тартып куралданган. 2) Автомобиль – "Амфибия" адам жана жүк ташуу, аларды дарыя, көлдөрдөн өткөрүү максатында колдон ...

                                               

Автобекет

Автобекет - жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жана жүк ташуучу унаалар менен камсыз кылуучу автотранспорттук мекеме. Ал жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу автобекет болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр автобекети шаар аралык жана шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш тутуму. Жүргүнчүлөр автобекети чакан шаарларда жана райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк ташуучу автобекети жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорт системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү транспорт уюму. Ал ири шаарлар менен өнөр жай борборунан сыртка кеткен жол ...

                                               

Акселерометр

Акселерометр -, транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж. б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, самолёт ж. б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор. Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу жана бурчтук; иштөө принциби боюнча механика, электр-механикалык; арналышы боюнча ылдамданууну өлчөгүч акселерометр деп айырмаланат. Акселерометр Сызыктуу прогноздук абсолюттук ылдамдатуу өлчөө үчүн эгер белгилүү баллга жеткен жана бир учурда тартылуу тездеши багыты жана тартылуу тездеши болжолдоо кыйыр өлчөө а тартылуу жаатында акселерометр ооруудан үчүн пай ...

                                               

Бронетранспортёр

Бронетранспортёр – брондолгон, ылдам жүрүүчү чынжыр тамандуу же дөңгөлөктүү аскер машинасы. Бронетранспортёр мотоаткычтар аскерин, ар түрдүү согуш жүктөрүн жана куралдарын ташууда пайдаланылат. Анын корпусу бактериологиялык жана химиялык куралдардан, радиациялык жапа чегүүдөн коргонууга ылайыкталган. Бронетранспортёрдун авиатранспортко жүктөөгө ыңгайлуу жана сууда сүзүүчү түрлөрү бар. Чынжыр тамандуу Б-дун эң жогорку ылдамдыгы 70 км/c; дөңгөлөктүүсүнүкү 90–100 км/ска жетет.

                                               

Бульдозеp

Бульдозеp – 1) жер түзөтүүчү машина. Негизги иштөөчү органы асма сүргүч калак, ал түртүүчү рама менен трактордун же өзү жүрүүчү шассинин кронштейнине бекитилет. Калак гидравликалык жабдуу аркылуу иш учурунда жерге түшүрүлүп, артка жүргөндө же жер которууда өйдө көтөрүлөт. Айыл чарбасында жер тегиздөө, кык чыгаруу, аң казуу жана толтуруу, канал, жол куруу, суу чарба курулуштарында колдонулат. 2) Тетикти ийүүчү, түзөтүүчү жана штамптоочу пресс.

                                               

Вагон

Вагон - темир жол аркылуу жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты. Алгачкы вагон жыгач рельс менен жүрүп, ат менен сүйрөтүлгөн же болбосо жумушчулар түрткөн. Жүк ташуучу вагон биринчи жолу Англияда 1786-жылы пайда болуп, темир жол менен жүргөн. Вагон арналышы боюнча жүргүнчү жана жүк ташуучу, жалпы тармактык жана өнөр жай транспорту үчүн, кең жана кууш жолдуу болот. Вагон чиркелет же өзү жүрөт. Жалпы арналыштагы жүргүнчү ташуучу жана атайын вагондор болуп бөлүнөт. Жүк ташуучу вагондор унпверсалдуу жана атайын болот. Азыркы учурда темир жол менен жүрүүчү вагондордун 200дөн ашык түрү бар.

                                               

Деңиз транспорту

Деңиз транспорту - транспорттун материалдык өндүрүш сферасындагы түрү. Мында жүргүнчү жана жүк деңиз аркылуу ташылып, тышкы жана ички соодада чоң роль ойнойт. Деңиз транспорту б. з. ч. 6-4-миң жылдыктарда башталган. Кийин өнөр жай өнүгүп, эл аралык сооданын кенейиши Дениз транспортунун өркүндөшүнө шарт түзгөн.

                                               

Жүк ташуу

Жүк ташуу – транспорт менен бир жерден экинчи жерге жүк жеткирүү. Бул өндүрүш ичиндеги жана эл чарбасындагы ташуу болуп бөлүнөт. Жүк ташуунун көлөмү импорттоо жана ташуунун кайталанма коэффициентине жараша белгиленет. Жүк ташуунун кайталанма коэффициенти жабдуу системасына жана продукциянын өндүрүлүшүнө, тапшыруунун транзит өлчөмүнүн чоңдугуна, кампа сыйымдуулугуна, жайгашына ж. б. факторго байланыштуу.

                                               

Изодром

Изодром - жөндөгүчтөрдө ийкемдүү тескери байланыш алууга, б. а. өтмө процессти бир калыпка келтирүүгө арналган түзүлүш. Изодром демпферден, пружиналардан жана рычагдардын системасынан же тескери байланышка кошулган дифференциал тизмектен турган механизм. Эң алгач "изодром" деген ат борбордон четтөөчү жөндөгүчтөрдө колдонулган. Машина ар кандай өлчөмдө күч келип иштегенде Изодром анын айлануу ылдамдыгын бир калыпта карман турат

                                               

Мотороллер

Мотороллер – жеңил мотоциклдин бир түрү. Кыймылдаткычы арткы отургучтун алдында жайгашкан. Бир цилиндрлүү, эки тактылуу ичинен күймө кыймылдаткычынын кубаттуулугу 8.2 кВтка, ылдамдыгы 95 км/ска жетет, 100 кмге 2 л май чыгымдайт. Мотороллердун шаар үчүн, туристтик, спорттук, айыл жерине, жол тандабаган түрлөрү бар.

                                               

Мотоцикл

Мотоцикл – жумуш аткаруучу көлөмү 49.8 см3дан ашык болгон ичинен күймө кыймылдаткыч менен жабдылган эки же үч дөңгөлөктүү транспорттук каражат. Ылдамдыгы 215 км/ска жетет. 100 кмге 5.8 л май чыгымдайт. Арналышына жараша транспорттук, спорттук жана атайын болуп бөлүнөт. Транспорттук мотоциклдер өлчөмү жана массасы кичине, манёвр жасоого ылайыктуу, тейлөө оңой болот. Спорттук мотоцикл менен чоң ылдамдыкта жана өтө татаал жолдордо жүрөт. Атайын мотоциклдерге патрулдук, эскорттук, соода жана башка мотоциклдер кирет. Ошондой эле көлөмү жана конструкциясы боюнча да айырмаланат, мисалы, мопеддер, ...

                                               

Танкер

Танкер - цистернада суюктуктарды куюштуруп ташыгыч транспорттук кеме. Танкер менен нефть жана анын иштетилген продуктулары, суюлтулган газ, азык-түлүк, хим. продуктулар кислота, спирт ж. б., эритилген күкүрт, асфальт, таза суу ж. б. ташылат. Танкер - жашоого, кызмат өтөөгө ж. б. ылайыкташтырылган бир палубалуу өзү жүргүч кеме. Танкерге суюктук жабык түтүк аркылуу жүктөлүп, кеме насостору аркылуу сордурулуп алынат. Танкердин сыйымд. 500 миң г жана андан да көп.

                                               

Транспортёр

Транспортёр - оор жүктөрдү ташууга ылайыкталган атайын вагон. Ал көлөмү жана салмагы боюнча вагонго кадимки жүктөөгө мүмкүн болгон жүктөрдү ташыйт. Транспортёрдун төмөнкүдөй түрлөрү бар: аянтчалык, платформалык, кудукчалык, илингичтик, бөлүкчөлүк. Аянтчалык Транспортёрдун ылдый жагында жүктөөчү аянтча орнотулган жана тирөөч кадасы бар. Жүк көтөрүмдүүлүгү 55-220 г. Платформалык Транспортёр аянтчалык Транспортёрдон негизги каданын калыбы менен айырмаланат. Кудукчалык Транспортёрдун эки каптал бетинин ортосунда "кудук" сымал жүк көтөрүмдүү кадасы бар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 60-120 т. Илингичт ...

                                               

Троллейбус

Троллейбус - электр энергиясын тиймек зымдан алып, рельссиз жолдо жүрүүчү шаар транспорту. Троллейбусту конструкциялоодо тиймек зымынан электр тогун алуу техникалык кыйын маселе болгон. Бул маселени чечүүдө асфальтталган жолдун болушу зарыл. Троллейбусту түзүү иши алгач 19-кылымдын 80-жылдарында Германияда башталган. СССРде биринчи Троллейбус 1933-ж. курулуп, 1934-ж. Москвада жүргүзүлгөн. Бишкекте Троллейбус линиясы 1951-жылдын 13-январынан иштей баштаган. Троллейбустун автобус жана трамвайдан артыкчылыгы рельссиз жолдо жүрөт, жакшы маневрдүүлүгү жана дүрүлдөбөйт, арзан энергия пайдаланыла ...

                                               

Эстакада

Эстакада - транспортторду, жөө адамдарды өткөрүү жана түрдүү коммуникацияны төшөп алып өтүү, жүктү жүктөө же түшүрүү ж. б. жумуштарга арналып, жер же суу бетинен бийик көтөрүлүп, темир-бетондон, болоттон, жыгачтан, таштан курулган көпүрө курулмасы. Эстакада бир нече тирөөчтөрдөн жана устундардан турат. Арналышына, жасалган материалына жана жергиликтүү шартка жараша устундуу, тирөөчтүү, рамалуу, арка формалуу ж. б. конструкциядагы Эстакада колдонулат. Ал көчөнүн жолдун, т. ж-дун үстүнө, дарыя деңиз жээгинде жана үстүндө, түрдүү вокзал, гидростанниялардын жанында ж. б-да курулат.

                                               

Өнөр жай транспорту

Өнөр жай транспорту - өндүрүштө буюмдар менен эмгек продукциясын ташуучу ишкана транспорту. Өнөр жай транспорту ички жанa тышкы болуп бөлүнөт. Ички Өнөр жай транспортуна цех. ичиндеги, цех арасындагы, шахта ичиндеги жер астындагы, жер үстүндөгү транспорт жанa карьер транспорту кирет. Тышкы Өнөр жай транспорту ишканаларга сырьё, отун, материал, жабдуу ж. б. жүктөрдү алып келүүгө, ошондой эле ишкана аймагынан даяр продукцияны магистраль транспортуна же за­рыл керектөөчүлөргө ташып жеткирүүгө арналган.

Транспорт
                                               

Транспорт

Транспорт - эл чарбасынын жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташууга байланыштуу болгон тармагы, ошондой эле ташуу каражаттарынын ар кандай түрлөр Аба жол транспорту Темир жол транспорту Деңиз транспорту Автомобиль транспорту

Вильнюс
                                               

Вильнюс

Вильнюс: полезная информация для туриста. Отели, транспорт, полезные телефоны Сайт о Вильнюсе Официальная страница города sviesoforai.lt - актуальная информация о дорожном движении в городе,веб-камеры лит. Карта Вильнюса с панорамами Расписание движения городского общественного транспорта лит. англ. орус. пол. Калып:Ref-by нем. фр. итал. исп. нидерл. Калып:Ref-cz слов. латыш. Калып:Ref-ee Калып:Ref-ua

Самара (бекети)
                                               

Самара (бекети)

Самарада биринчи темир жол бекети 1876-жылы Николай де Рошфорттун долбоору боюнча курулган, ал 120 жыл бою иштеп келген. Эски бекеттин жалпы аянты 3380 м², сыйымдуулугу 980 адам, орточо суткалык өткөрүү жөндөмү күнүнө 1700 адам, ал эми бир жүргүнчүгө пайдалуу аянты 1 м2 бир аз гана ашык болгон.

Трамвай
                                               

Трамвай

Трамвáй - көчөдөгү рельстүү коомдук транспорт дайыма электричество менен кыймылдаткан, көбүнчө шаарларда пассажирлерди атайын маршруттарга алып бару пайдаланууда. Трамвайлар XIX кылымдын аягында пайдалунууга киришкен. Эки дүйнөлүк согуштарын ичинде трамвайлардын эң пайдалунуу турган эпоха болгон, андан кийин трамвайлардын түшүү башталды, бирок – XX кылымдын аягында трамвайлардын популярдуулук өзгөртүү башталды.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →