Back

ⓘ Дунгандар - Дунгандар, көтөрүлүшү, Дунган тили, Чолпон-Ата, Нурова Саида Сулеймановна, Исмаилов Есен, Дунган музыкасы, Борбиев, Нуртай, Манты, Каракол ..



                                               

Дунгандар

Дунгандар - Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Дунгандардын ата-бабалары хуэй 19-кылымдын 2-жарымында Кытайдагы Цинь династиясына каршы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияларынан Казакстан жана Кыргызстанга көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан "Хуэймин Бо" гезити, китептер дунган тилинде басылып, радио берүү жүргүзүлөт. КР УИАда Кытайдан тышкары жерлерде жашаган дунгандардын тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдөөчү дунган таануу бөл ...

                                               

Дунгандар көтөрүлүшү

Дунгандар көтөрүлүшү – 1862–77-ж. Цин империясынын курамындагы дунган калкынын азаттык күрөшү. 19-к-дын 1-жарымында ислам динин карманган дунгандар Цин бийлиги тарабынан катуу эзилүүгө дуушар болгон. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү менен, өздөрүн чыныгы мусулман деп эсептеген. Өзүлөрүн "турген" деп аташса, кытайлыклар аларды "хой-хой" деп чакырып, күчкө салып эркектеринин чачын өрдүртүп, аялдарынын буттарын таңып басууга жана кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы менен, башталард ...

                                               

Дунган тили

Дунган тили – дунган элинин тили. Син-тибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуштуулар дунган тилин кытай тили же анын диалекти деп эсептеп жүрүшөт. Дунган тили өзүнчө тил экенин окумуштуулар фактылардын негизинде далилдеген. Дунган тилинде Кытайда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда жашаган дунгандар сүйлөйт. Орто Азияда жашаган дунгандардын тили ганьсу жана шеньси деген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалектинин негизинде түзүлгөн. Дунган тилинин сөздүк курамында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, ка ...

                                               

Чолпон-Ата

Чолпон-Ата - Ысык-Көл облусундагы курорттук-шаар, Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Калкынын саны - 10500 киши. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан. Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга ...

                                               

Нурова Саида Сулеймановна

Нурова Саида Сулеймановна – – философия илимдеринин кандидаты, социологиялык илимдердин доктору, профессор. КМУну бүтүргөн. Ал эмгектеринде социологиялык изилдөөнүн конкреттүү материалында аз калктын арасындагы улут аралык мамилелер жана өзгөчөлүктөр, андан сырткары СССР жана Кыргызстанда тоталитардык системанын мезгилинде тил маселелери жана улут саясаты проблемасын окуп үйрөнүү маселелерин чечмелөөгө аракет жасаган. СССРдин Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги. Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери 1987. 90дон ашык илимий эмгектердин, анын ичинен 1 монографиянын, 2 окуу ...

                                               

Исмаилов Есен

Исмаилов Есен – режиссёр, актёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайын, Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни, КМУнун юридика факультетин бүткөн. 1981–84-ж. Кыргызстандын каратэ курама командасынын машыктыруучусу, 1990-жылдан чыгыш жеке оюнунун эл аралык борборунун башкы директору, 2002–05-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын директору. Режиссёр жана актёр катары спектаклдерди койгон жана фильмдерге тартылган. 50дөн ашуун ырлардын, симфониялык чыгармалардын автору, "Чунтян", "Есен-Д" эстрадалык топтордун көркөм жетекчиси. 1995– ...

                                               

Дунган музыкасы

Дунган музыкасы – дунган калкынын музыкасы. Дунган музыкасы бир үндүүлүгү, шаттуулугу, обондуулугу, ыргагынын жана өлчөмүнүн эркиндиги менен айырмаланат. Элдик музыкалык аспаптары: михузы, эрхузы, сыхузы, "ди", "щё", санщянцзы, пиба, ёнчин, кучянзы, вазы. Ырчылар музыкалык аспаптын коштоосу менен аткарат. Дунгандар ырды эне тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу басыңкы үн менен ырдайт. "Нанчо данфи", "Мынчжано" сыяктуу эски ырлары бүгүнкү күнгө чейин ырдалат. Октябрь революциясынан мурун Пишпек уездинде Щинин Гасыр, Ля Ягэзы, Янсуй, Исмаз, Чжупи Давуз сыяктуу аспаптык музыканы мыкты ...

                                               

Борбиев, Нуртай

Борбиев Нуртай кинооператор, кинорежиссёр, КРдин эл артисти, КРдин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. Бишкек айыл чарба техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүгкөн. 1959-ж. "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961-66-ж. Өз алдынча оператор, 1966жылдан операторлук менен катар эле режиссёрлук иш жүргүзгөн. 1990-жылдан "Келечек" киностудиясынын вице-президенти, Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун профессору. Оператор катары тарткан көрүнүктүү чыгармалары: "Алай карларында", "Манасчы", "Тору-Айгыр тумшугу", "Мурас", "Советтик Кыргы ...

                                               

Манты

Манты, мантуу – Борбордук Азия, Түркия, Монголия, Корея ж.б. аймактардагы элдердин эттен жасалган салттык тамагы. "Манты" сөзү кытай тилиндеги "варвардын башы" деген маанини туюндурган маньтоу сөзүнөн алынган.

                                               

Каракол

Каракол - Ысык Көл облусунун борбору. Ысык Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун этегинде деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийиктикте жайгашкан. Айанты 44 км². Калкы 79 330 адам. Шаардын курамына Пристан–Пржебалск шаарчасы кирет.

                                               

Би Янху, Мухаммед Айуб

Мухаммед Айуб Би Янху – 1862-1877-ж. Түндүк-Батыш Кытайдагы дуңгандардын жана Чыгыш Түркстандагы мусулман калктардын цинь-манжур эзүүсүнө каршы чыгарган көтөрүлүштөрүнө жетекчи болгондордун бири, теги дунган.

                                               

Дунган адабияты

Дунган адабияты – дунган элинин адабияты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясына чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларында негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр, ошондой эле ар кыл жанрдагы жана мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акылман адамдар жана башка жөнүндөгү жомокторунда кедейлердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомокторунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозеки чыгармалар дунган ад ...

                                               

Ху Чжэнхуа, Мухаммед

Мухаммед Ху Чжэнхуа – кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор. Теги дунган." Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги.

Милянфан
                                               

Милянфан

Милянфан - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунундагы айыл. Милянфан айыл аймагынын акимий борбору жана айыл аймактагы жалгыз айылдык конуш. Калктын көпчүлүк бөлүгү Дунгандар.

                                               

Портал:Кытай/Кытайдагы элдер

Ханзу, монголдор, хуэйцзу, тибеттиктер, уйгурлар, мяо, ийлер, чжуандар, буи, корейлер, манжуулар, дун, яолор, байлар, туцзя, хани, казактар, дайлар, ли, лису, ва, шэ, гаошань, лаху, шуйлар, дунсян, насийлер, качиндер, кыргыздар, монгорлор, даурлар, мулао, цян, буландар, саларлар, маонань, гэлао, сибо, ачандар, тажиктер, пуми, ну, өзбектер, орустар, буряттар, эвенки, палаунг, баоань, юйгу, цзин, татарлар, дулундар, орочондор, нанайлар, монпа, лоба, цзино, ойроттор.

                                               

Дунган хандыгы

Дунган хандыгы – Чыгыш Түркстанда 1864-ж. дунган, уйгур, кыргыз, казак жана башка мусулман элинин Цин бийлигине каршы улуттук-боштондук кыймылынын натыйжасында пайда болгон мамлекет. Борбору Үрүмчү шаары болгон. Дунган хандыгы 1876-ж. кулатылган.

Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →